ГЭС маселеси жети өлчөп, бир кесилгенби?

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев ГЭСтерди курат деп жаткан Чехиялык Liglass компаниясын Кыргызстанга алып келгендер боюнча тез арада териштирүү баштоону сунуштап, аларды "алдамчылар" деп атады. ГЭС куруу маселеси өзбек президенти менен болгон жолугушууда дагы сөз болгон.
Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин Кыргызстанда ГЭС курат деген чех компаниясы тууралуу билдирүүсү жаңы талкууларга жем таштады. Ал бул компания өтө күмөндүү экенин жана буга чейин жарытылуу иш кылбаганын сынга алып, буга тиешеси барларды жоопко тартууга чакырды. Ал убагында бул компания боюнча Тышкы иштер министирлигинин берген маалыматтары эске алынбаганына нааразылыгын билдирди.
Бирок 25-августта депутаттардын суроосуна жооп берип жатып азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков, тендердин мыйзамдуулугунан күмөн саноонун кереги жоктугун жана бул келишим ишке ашпаган күндө да материалдык жаткан Кыргызстанга эч кандай зыян келбей турганын айткан. Ал ошондой эле баардык аракеттер Кыргызстандын мыйзамдары менен жүргүзүлгөндүгүн жана инвестор төлөй турган акча мөөнөтүнөн кечиге турган болсо келишим бузула турганын билдирген.

Бирок азыркы өкмөт башчынын мындай пикири айрым депутаттардын сынына да кабылган.
"Өкмөт мүчөлөрү чыгаша жок экенидигин айтып жатат. Силерге Тышкы иштер министрлиги бул компания банкротко учураганын билдиргенине карабай тендер өткөрүп, Алмазбек Шаршеновичти "Liglass Trading CZ" фирмасынын жетекчиси менен кол алыштырганыңарды бүт дүйнө көрдү. Бизде мамлекттин жүзү деген барбы же арасат калган өлкөбүзбү? Менимче бул иште кылмыштын да изи бар",- деген Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов.
Бул макаланын толук аудио варинатын бул жерден уксаңыз болот
Чехиялык компания Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча ири тендерден жеңип, келишимдерди түзгөндүгү тууралуу кабар чыгаары менен чехиялык журналисттер да уда-удаа иликтөгө алышкан. Анда бул келишимге азыркы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ысымын да бир нече жолу байланыштырышкан. Ошентип бул келишмдин натыйжалуулугунан күмөн санагандар да аз эмес.
Кезегинде аталган ГЭСтерди куруу боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда дагы өйдө-төмөн маселелер болуп келген. Бирок Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары бул талаштарга чекит койгондой болду.

Сүрөттүн булагы, official
"Биз суу маселелелери, электро станцияларды куруу боюнча боюнча абдан олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбайт деп айтты. Мен толугу менен макулмун. Каржы, ресурс кайсы жагынан гана болбосун биз активдүү колдоого даярбыз. Камбар-Ата бизге керек жана зарыл. Биз биргелешип курабыз. Муну абдан терең ойлонуп ишке ашырышыбыз керек. Бул эки тарапка тең пайдалуу болуусу кажет. Бул пайдалуу",- деген өзбек президенти Мирзиёев.
Бирок бул билдирүү боюнча, дароо тактап ала турган жагдайлар бар экендигин айткан коомдук ишкер Эдил Байсалов, Кыргызстан Нарын дарыясын өз аймагында калагандай колдонууга толук укуктуу экенин айтып, сындап чыкты.
Ошондой болсо да Мирзиёевдин ГЭС тууралуу айткандарын абдан маанилүү кадам деп баалагандар да бар.
"Буга чейин эле президент Атамбаев ГЭСтерди коңшулар менен биргелешип курууга чакырган эле. Азыр Мирзиёев да бул тууралуу жогорку деңгээлде айтып жатканы бул абдан жакшы кабар. Бул Борбор Азиянын чындап бир бүтүн, кубаттуу аймакка айлануусуна жол ача турган нерсе. Бул кубаттого татый турган иш. Калганын убакыт көрсөтөт. Эгер бул ишке ашып кетсе аталган чөлкөмдө бул сыяктуу бирге аткара турган иштер үчун абдан жакшы саамалык болуп калмак",- дейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.
Улуттук энергохолдинг бул боюнча жаңыдан гана келишимдерди изилдеп, талдап баштаганын Би-Би-Сиге билдирди. Учурда эксперттер бул иш Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу болот деген суроонун үстүндө иш алып барып жаткандыгын аталган мекеменин басма сөз кызматынан Аман Калыбеков ырастады.
Сөз болуп жаткан ГЭСтердин курулушу боюнча 2012-жылы аракеттер көрүлүп, Орусиялык "Русгидро" компаниясы иш баштаган. Кийин компнаия каражаты жок экенин айткан соң, курлуш токтоп, парламент эки тарптуу келишимди жокко чыгарган эле.








