Жүлүн сыздаткан "Жүк-200", мекенди сагынуу. Миграция азабы акындын көзү менен

Сүрөттүн булагы, time
Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү бүгүн Кыргызстанга алып келинээри маалым болду. Мындан улам 23-август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жоболоңдуу жол кырсыгында 14 адам каза таап, дагы үч киши жаракат алган. Миграциянын оор түйшүгү, кесепети дагы бир жолу кызуу талкууда.
Бөлөк эл, бөтөн жерде өткөн өмүрдүн күңгөйү менен тескейин, ысыгы менен суугун жакшы билгендердин бири алыста жүргөн кыргыз акыны Нарсулуу Гургубай. Акындын бир нече ыры дагы дал ушул мигранттардын турмушуна арналып, алар кечирген күндү сүрөттөп турат. Би-Би-Си Нарсулуу менен байланышып, соңку окуя тууралуу дагы сурады. Акын суук кабарды угуп, оозунан сөзү түшүп, жоготууну оор кабыл алганын кеп кылды. Биз калемгердин мекенден алыста жүргөндөргө арналлган ырларын жарыялайбыз...
"Груз-200"
Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…
Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы үчүн чыдатпай?
Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!
Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы – сен, бирок алар билишпейт. …
Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт…
Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?…
Кеминде миллион кыргызстандык иштеп жүргөн Орусияда унаа кырсыгынан, өрттөн, бийик чатырдан кулап, оорунун азабынан көз жумгандар аз эмес. Маркумдардын далайынын сөөгүн ошол жердеги кыргызстандыктар каражат топтоп, жөнөтүп келишкен.
Алыстык...

Сүрөттүн булагы, social media
Алыстыкты жазыш азыр кандай оор!
Алыстыктан арзыш сага - андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа - сыркооң менен Журтум аман бол!
"Келем" дебей, сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып...
"Аманбыз" дейт үнү менен апамдын,
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.
Ошол үндөн кайрат алып талыккыс,
Биз мезгилге карыз тузбуз, калыспыз.
Эртең кайра кулайбыз деп бооруңа,
Бүгүн сага алыстыктан алыспыз.
Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөөлү.
Сен аман бол, себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк - бүлк соккон жүрөгү!
Бул дүйнөнүн бүлк - бүлк соккон жүрөгү...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы төрт сап...
Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашап болбос калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз.
Ак жарык...
Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп…Бекет болуп башталып,
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык.
Жүрөктөгү ошол жарык өчкөндөн
Өзүм кошо өчпөйүн деп тырыштым.
Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр
Терезеден мени тиктеп турушту.
Жандагандар караңгыны эп көрбөй,
Башка жактан жарык издеп кетишти…
Балким мага керек эмес кеткендер,
Балким мага өчкөн жарык жетиштүү.
Караңгыда өзүмдү өзүм жетелеп,
Өзүмдү өзүм издедим да, жоктодум.
Теңир менин сылаган жок бешенем,
Өзүм да ага бешенемди тосподум…
Билгенимден биле элегим көп эле.
Жарыгы жок көптү көрдүм, түшүндүм.
Мен кагылган ушул эски көчөлөр
Бүгүн менден чейрек кылым кичүүдүр…
Ушул жолдон, уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар,
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.
Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар…
Нуриз Өмүрбаевага
Силер жакта жамгыр... Канттиң, саргалдак?
Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы?
Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап,
Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды.
Ай туулду... Жаанчыл экен, кашайгыр,
Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр. ...
Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,
Кудай салган нерсе башта тургандыр...
Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар.
Өмүр беле, өлкө беле ошол үй?
Ким бакыттын өңүн даана айта алат? ...
Кыр-жонуна кызгалдагы төшөлүп,
Каакымдары гүлдөгөндүр кайкалап...
Мен түшүнүп, сен түшүнбөй жалгызбыз,
Жаңырыкпыз аскаларга урунган. ...
Жомок сага жолуңдагы сан жылдыз,
Жолуң арбын артты карай бурулган...
Каалаганда чертип, серпип ойногон,
Дүйнө - сага шыңгырак гүл, шыңгырак. …
Мени дүйнө таштап кеткен ортодо,
Эми алдыга алдап-соолап жылдырат…
Сен дүйнөңдүн сыныктарын чогултуп,
Күзгү кылып күндө үч маал карандың.
Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме,
Кескиленип бүттүм окшойт, каралдым...
Сен сүйүүнүн өзүн өмүр деп билсең,
Мен өмүрдүн өзүн гана сүйүү дейм.
Жакшылары көкөйүмө жеткирген,
Бирок дале жакшылыктан түңүлбөйм. …
Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар…
Ошол үйдө жашабаган үчүн же,
Жылдар үчүн өткөн, өчкөн алыста.
Дүйнө бизге күлмүңдөгөн бир сүйүү,
Дүңгүрөгөн да бир өмүр карыздар.

Белгилүү акын Нарсулуу Гургубаева"Алыстагы ак жарык", "Көз мончок" деген ыр жыйнактарынын автору.












