Америкага Мексика аркылуу качкан кыргыздын баяны

АКШга Мексика аркылуу өтүүнү көздөгөндөр аз эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШга Мексика аркылуу өтүүнү көздөгөндөр аз эмес
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бир катар өлкөлөргө виза берүүнү чектеп келген эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бир катар өлкөлөргө виза берүүнү чектеп келген эле

АКШга баруу үчүн документ тапшырып, бирок, виза ала албай калган кыргызстандыктар да аз эмес. Балким ошондон улам же дагы башка себептер менен АКШга Мексика аркылуу өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар да бар. Бирок бул иш мыйзамсыз жана тобокели чоң.

Би-Би-Си дал ошондой жолду басып өтүп, Мексика аркылуу Америкага качкан кыргыз менен маек курду. Маектешибиз ысымын жашыруун калтырууну өтүндү. Ошондуктан биз аны Жоломан деп атап коёлу.

Жоламан: Мексикалык чек арачылар жок экен. Көргөн да жокпуз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоламан: Мексикалык чек арачылар жок экен. Көргөн да жокпуз.

Би-Би-Си: Сөздү Дональд Трамптын Мексика менен чек арага чычкан мурду жойлогус кылып дубал курам дегенинен баштасак...

Жоламан: Трамп суу кечпеген бул сөзү менен Америкадагы айрым шайлоочулардын каалоосун аткарам десе керек. Себеби, Америкадагы өндүрүштүн көбү Кытайга көчүрүлгөндө, өлкөнүн өзүндө "ак америкалыктар" жумушсуз калган. Бир учурда дүркүрөп турган штаттарга оорчулугу тийип, тургундар жакырлана түшкөн. Дал ошол жумушсуз калгандар бир чети бийликке нааразылыгын билдирип, таарынычынан улам шайлоого катышпай келген экен. Трамп так ушуну өз пайдасына чечип кетти десек болот. Ал ошол таарынычы бар адамдарды "дубал курам", "өзүбүздүкү гана болот" деген куру убадалары менен өз тарабына тартып, алардын добушу менен шайлоону жеңди. Бул накта популизм болгон. Себеби, Мексика менен АКШнын чек арасына толугу менен дубал тургузуу бул акылга сыйбаган иш. Америкалыктардын далайы Мексикадан АКШга аткезчилик жол менен баңгизат кире турганын беш колдой билет. Өз жолдору, ал тургай жер алдындагы өтмөктөрүнөн бери бар. Трамптын убадасы менен маселе чечилбей турганын дагы көптөр жакшы түшүнөт.

Жоламан: Мексикалык чек арачылар жок экен. Көргөн да жокпуз

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоламан: Мексикалык чек арачылар жок экен. Көргөн да жокпуз

Би-Би-Си: Жер алдында өтмөк барын айтып калдыңыз. Аны кайдан билесиз? Өзүңүз да ошол жол аркылуу өткөнсүзбү?

Жоламан: National Geographic же болбосо интернеттен карасаңар бул боюнча көп эле документалдуу тасма, видеолор бар. Аткезчилер ал өтмөктүн ичине жада калса кадимкидей эле темир жол рельстерине чейин куруп салышкан. Анын баары бакыйып видеодо турат.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Би-Би-Си: Мексика менен АКШнын чек арасындагы абалды өз көзүңүз менен көрүп, ысык-суугун жон териңиз менен сезген экенсиз. Бул окуя кандай болгон? Кайсы тарабынан, кантип өткөнсүз?

Жоламан: Эл аралык документтерде беш нерсеге көңүл бурулат. Алар: саясий, диний, жыныстык азчылыктар, социалдык группа тиешеси жана этникалык маселелер. Ушулардын бири боюнча мамлекетинде кысымга кабылгандар дүйнөнүн дээрлик бүт эле мамлекеттерине жардам же башпаанек сурап барса болот. Бул эл аралык норма.

АКШнын бажы кызматы саналуу кун мурун эле узундугу 1313 метрге созулган жер алдындагы өтмөкту тапты. Анда рельс, жарыктандыруу жана желдетүү системасы да орнотулган экен.

Сүрөттүн булагы, CBP/Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын бажы кызматы саналуу кун мурун эле узундугу 1313 метрге созулган жер алдындагы өтмөкту тапты. Анда рельс, жарыктандыруу жана желдетүү системасы да орнотулган экен.

Би-Би-Си: Эмнеден улам ошол маршрутту тандагансыз?

Жоламан: Биз Кыргызстан-Европа-Мексика аркылуу барганбыз. Атайын айта кетейин, интернетте "акча төлөсөң эле Мексика аркылуу Америкага миграция кылып салабыз" деген ар кандай фирмалар бар. Бул чу дегенде эле мыйзамсыз иш. Буга аралаштың дегиче "адамдардын трафиги" деген мыйзам менен жоопко тартылышың мүмкүн. Мен окуп, изилдеп көргөнүмдө жетип баруу жеңил-желпи эле сүрөттөлчү. Иш жүзүндө кыйла оор болду.

Тоннель Баха-Метро

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, По дну тоннеля проложен рельсовый путь

Би-Би-Си: Эми Мексика менен АКШнын чек арасына жеткениңзден баштасак. Кантип кирдиңиз, кезек күткөндөрдүн саны канча экен?

Жоламан: Чек ара кызматына жетип эле башпаанек сурадык. Алар каттоого алып, бычак, курал жокпу деп текшеришет экен. Анан border деп коёт, ошол жакта бир-эки күн болдук. Ал жерде атайын биринчи маектешүү өтөт.

Би-Би-Си: Сиздер ошол тилкеде мексикалык чек арачыларга кезиктиңиздерби же америкалык чек арачыларгабы?

Жоламан: Мексикалык чек арачылар жок экен. Көргөн да жокпуз.

Чек арага дубал курам деген Трампты сындагандар аз эмес

Сүрөттүн булагы, Jenny Evans

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек арага дубал курам деген Трампты сындагандар аз эмес

Би-Би-Си: Баарлашуу өттү деп калдыңыз, кайсы тилде өттү?

Жоламан: Телефон аркылуу эле каалаган тилде котормочу беришет экен. Ал жерге барууңа себеп болгон негизги окуяны төкпөй-чачпай айтууга тийишсиң. Көрсө, жөн эле шылтоо кылып барып алгандар ошол жерде эптеп өзүлөрү ойлоп таап алган жөө жомкторду айтып, адашып, аябай кыйналышат экен. Андан кийин автобус менен бөлүштүрүүчү борборго алып барат экен. Ал кайсы жер экени эсимде жок. Менимче Аризона болсо керек. Ошол жака келип 9 күндөй болдук. Кийин кайра автобус менен миграция лагерине алып барды. Ошол жерде толук кандуу интервью өткөрдү. Анда саясий өңүтү бар дегенге болобу же болбойбу дегенди аныктайт экен. Ошондон кийин анан негизги процедурага өтөт. Миграция лагерлеринин көбү менчик болгондуктан шарттары ар башка экен. Ар биринин өз эрежелери болот. Ал лагерден Американын аймагына чыгуунун үч жолу бар. Биринчиси, сыр сөз деп коёт экен. Анысы сенин айткандарыңа ишендим дегени. Анан сыртка коё берет. Экинчиси, бонд. Ал күрөгө акча төлөп чыгып кетесиң. А үчүнчүсү, сот.

Мексикадан АКШга маңзат ташуу үчүн курулган тоннель

Сүрөттүн булагы, Homeland Security Investigations/Yuma Sector BP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мексикадан АКШга маңзат ташуу үчүн курулган тоннель

Би-Би-Си: Сизге кайсынысы туш келди?

Жоламан: Биз барган жерде сыр сөз дегени кабыл алынбайт экен. Биротоло соттошуп чыгабыз дегенбиз.

Би-Би-Си: Ошондо ким менен соттоштуңуз?

Жоламан: АКШнын өкмөтү менен да.

Би-Би-Си: Американын өкмөтү мененби?

Жоламан: Ооба, Американын өкмөтү менен. Сот сага ишеним көрсөтөт же четке кагат. Көбүнчөсү соттошпойт. Эптеп "бонд" төлөп чыгып кеткенге аракет кылышат. Себеби сотто утулду дегиче аларды депортациялайт. Биз болсо сотто жеңип чыктык. Американын соту дүйнө жүзүндөгү эң калыс соттордун бири.

АКШга бет алган миңдеген качкындын бири

Сүрөттүн булагы, JOHAN ORDONEZ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШга бет алган миңдеген качкындын бири

Би-Би-Си: Ал жакты бутуңуз баса элек жатып, ошол өлкөнүн өкмөтү менен соттошуу нонсенс го?

Жоламан: Башында моралдык жактан даяр эмес болчубуз. Далил документтерди 6 айга чейин кабыл алаарын билип, Кыргызстандагы достор аркылуу алдырып жаттык.

Би-Би-Си: Ал жерде айлап турган экенсиздер. Шарты кандай эле?

Жоламан: Үч маал тамак. Күнүнө сүт берет. Ичинде электрондук дүкөнү бар. Ал жактан буйрутма бересиң. Аптасына бир жолу каалаган тамак-аш, кийим-кечеңен бери сатып алсаң болот. Самын, айна, тиш щетканы баш кылып баарын берет.

Качкындардын турмушунан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, CARLOS ALONZO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Качкындардын турмушунан бир көрүнүш

Би-Би-Си: Тууган-уругуңуз менен байланышуу, кат-кабар алышуу жагы кандай болду?

Жоламан: Телефон менен байланышып турса болот.

Би-Би-Си: Башыңыздан өткөн окуяларды баяндап берген экенсиз. Сот анын чын-бышыгын кантип текшерди?

Жоламан: Таржымалынды карайт, анан эл аралык абройлуу уюмдардын отчёттору бар. Ошол отчёттор менен салыштырып, ушундай көрүнүштөр ошол мамлектте болобу, болбойбу же бул ойлоп табылганбы деп аябай анализдейт. Сот болот. Мамлекеттик тарап болот. Алардын көздөгөнү - сени сотто утуп алуу. Утуп алган болсо, анда сени депортация күтөт. Сотто эки тараптын кармашы жүрөт. Айтып аткандарың чын болсо, олуттуу болсо жеңип алууга мүмкүнчүлүк бар. Ойлоп тапкан болсоң, заматта эле утуласың. Соттун сүрү эле бир укмуш. Күнүнө канча кишини соттон өткөрүшөт, тажрыйбасы чоң.

Качкындар ар башка лагердеги ар кандай шартта кун кечиришет

Сүрөттүн булагы, PEDRO PARDO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Качкындар ар башка лагердеги ар кандай шартта кун кечиришет

Би-Би-Си: Сиз ошол учурда өзүңүзгө окшоп Мексика аркылуу барган башка дагы кыргызстандыктарды кезиктирген жоксузбу?

Жоламан: Мен уктум, ошол жерде кыргыздар бар экен. Мага айтышты. Мурун дагы кыргыздар келген экен. Мисалы орустар көп, КМШдан көп, армяндар арбын. Казактар, өзбектер дегендей. Дегеле дүйнөнүн булуң-бурчунан келгендер болот. Индустар быкылдайт тим эле. Латын Америка, Мексика, Гондурас, Гватемаладан келгендер толтура. Кытайлар бар, Африкадан келгендер жүрөт. Европа менен Жапониядан келгендерди эле көргөн жокмун.

Би-Би-Си: Орусиядан келгендер менен баарлаштыңызбы?

Жоламан: Ооба, алардын ичинде Навальный менен же жалпы эле оппозициялык көз карашта жүрүп, качып баргандар бар экен. Украиналыктарга кезиккем. Көбү куралдуу чыр-чатак жүрүп жаткан аймактардан баргандар.

Жоламан: Баары эмес, көбү эки жүздүүлөр. Өзүлөрү Америка дегенде көздөрү күйүп турат. Бирок, Американы жамандай беришет. Эгер визасыз режим болсо жабалактап АКШны көздөй көчмөк болуш керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоламан: Баары эмес, көбү эки жүздүүлөр. Өзүлөрү Америка дегенде көздөрү күйүп турат. Бирок, Американы жамандай беришет. Эгер визасыз режим болсо жабалактап АКШны көздөй көчмөк болуш керек.

Би-Би-Си: Ошол учурда бир бөлмөдө канча адам жашайт?

Жоламан: Жүздүн тегерегинде болчу. Чоң зал эле. Компьютердик оюндар, китептер, шахмат бар эле.

Би-Би-Си: Мексика аркылуу Америкага өткөрөм деген шылуундар алдап кетет деп калдыңыз. Уктуңузбу же өзүңүз күбө болдуңузбу?

Жоламан: Ошолор эч нерсени билбейт. Ички процедураларды түшүнбөйт, ал жерде сот кандай болорун көрбөсө да керек. Эптеп эле алдап акча алуу. Киши башына 10 миңдеген доллар коротуп, кайра депортация болуп кеткен кыргыздар да бар экенин бул жактан уктум. Андайлардын кээ бири тааныштар аркылуу чыгып, менден жардам да сурашты. Эч кандай жардам бере албайсың. Өзүң гана соттошушуң керек. Мындай алдангандар көп болуп жатат да.

Жоламан: Cоттоy утулдуң дегиче аларды депортациялайт. Биз болсо сотто жеңип чыктык. Американын соту дүйнө жүзүндөгү эң калыс соттордун бири.

Сүрөттүн булагы, DAMIEN MEYER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоламан: Cоттоy утулдуң дегиче аларды депортациялайт. Биз болсо сотто жеңип чыктык. Американын соту дүйнө жүзүндөгү эң калыс соттордун бири.

Би-Би-Си: Ортомчу болуп, шылуундук кылгандар Кыргызстанда дагы барбы?

Жоламан: Кыргызстанда дагы бар деп угуп жатам. Кыргызстандыктар көбүнчө интернет аркылуу эле фирмаларга чыгат экен. Укканым боюнча ушундай.

Би-Би-Си: Бир топ кыргызстандыктар жардам сурап байланышты деп калдыңыз. Сиздин баамыңызда андайлар көппү?

Жоламан: Көп эле. Америка жөнүндө кенедей материал чыгарып жүргөн блоггерлердин постторунундагы комментарийлерди карасаңар, ошол жерде да баары эле жардам сурап аткандар.

Би-Би-Си: Кыргызстанда Американы кыртышы сүйбөгөндөр да жок эмес. Американын саясаты деп көп сындап келе жатышпайбы?

Жоламан: Баары эмес, көбү эки жүздүүлөр. Өзүлөрү Америка дегенде көздөрү күйүп турат. Бирок, Американы жамандай беришет. Эгер визасыз режим болсо жабалактап АКШны көздөй көчмөк болуш керек. Сындап сүйлөгөн сөздөрү менен кылган иштери эки башка. Американы чын дилинен жамандаган саналуу. Алар Америка боюнча маалыматы жок. Жөн эле Орусиядагы мигранттар менен Америкадагы мигранттардын акыбалын салыштырып көрсөңөр. Америкадагы мигранттар тил билсең, билбесең да экинчи "сорт" деп эсептелбейсиң. Орусияда сен паспортуңа чейин эле кебетеңди карап туруп дароо экинчи же үчүнчү "сорт" кылып коёт.

Би-Би-Си: Ушул сөздөрүңүз же салыштырууңуз менен кыргызстандыктарды Америкага чакырып жаткандай болбойсузбу?

Жоламан: Болгон фактыны айтып жатам, эч кандай чакырык таштабай элемин.

Би-Би-Си: АКШда жашоочу катары макамыңыз кандай? Бул чечимиңиз үчүн өкүнбөйсүзбү?

Жоламан: Өкүнбөйм. Себеп дегенде, ушул жерге башпаанек сурап келүү менин кыялым эмес болчу. Айла жок болду. Саясий башпаанек алган адамдын макамындабыз.