Трамп кыргызстандыктардын АКШга келүүсүн чектеди. Эмне үчүн?

Трамптын администрациясы АКШга келүүгө чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин жаңылады. Биринчи жолу бул тизмеге мурдагы СССРдин аймагындагы өлкө - Кыргызстан кирди.

Американская виза

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Андан тышкары тизмеде Нигерия, Судан, Танзания, Эритрея жана Мьянма бар. Америкалык басылмалар жазгандай, Вашингтон чектөөлөрдү Беларусия жарандарына да киргизүүгө ниеттенген. Бирок кийин мындан баш тартышты.

Президент Трамптын буйругу даярдалып жаткан учурда эле тизме тууралуу басылмаларда талкуулар жүрө баштаган. Кыргызстан, Мьянма, Эритрея жана Нигерия жарандарына АКШда туруктуу жашап, иштөөгө миграциялык виза берилбей турганы айтылган. Судан менен Танзаниянын жарандары гринкарт ойнотулган лотереяга дагы катышпайт.

Бирок тизмедеги өлкөлөрдүн жарандары мурдакыдай эле америкалык элчилик жана консулдуктарга туристтик жана иш сапар үчүн виза сурап кайрыла алышат.

Приоритеттүү чектөөлөр

Трамптын алты өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жарлыгы 2017-жылы 27-январында биринчи жолу жарыяланган. Анда тизмеге Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен, Ирак илинген эле. Кийин тизмеге Венесуэла менен Түндүк Кореяны кошкон.

Администрация өкүлдөрү мындай кадамды өлкөнүн улуттук коопсузудугуна коркунуч жаралганы менен түшүндүрүп, тизмедеги өлкөлөрдүн жарандарына толугу менен кирүүгө тыюу салуу маселесин көтөргөн эле. Трамптын жарлыгы БУУ жана адам укугу жаатында иш алып барган уюмдар тарабынан сынга алынган. Бир катар аймактардагы федералдык соттор бул жарлыктын аткарылышын убактылуу токтоткон чечимдерди кабыл алышкан. Бирок соңунда Жогорку сот президентти колдоду. Тизмеден Ирак менен Судан чыгарылган. Жарлыкка өзгөртүүлөр кирип, Вашингтондун талаптары так көрсөтүлгөн.

Биринчи жолу чектөөлөр киригизилгенде каршылык жүрүштөрү менен коштолгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи жолу чектөөлөр киригизилгенде каршылык жүрүштөрү менен коштолгон

Талаптарда чет жакка чыккан жарандарга биометрикалык паспортторду берүү, электрондук чиптер менен камсыздоо, андан тышкары АКШ менен террордук жана башка коркунучтар тууралуу маалыматтарды бөлүшүү жагы айтылат.

Соңку жылдары Дональд Трамп миграциялык талаптарды катаалдаштыруу анын администрациясынын алдындагы негизги маселе экенин айтып келүүдө. Ошондуктан визалык чектөөлөр кирген өлкөлөрдүн тизмеси узара бермекчи.

"Биз дагы бир нече өлкөнү кошобуз (тизмеге). Биз коопсуз болушубуз керек. Дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп турасыңар. Биздин өлкө коопсуз болушу зарыл",-деген Трамп.

АКШ администрациясынын "чектөө пландары" тууралуу биринчилерден болуп вашингтондук Politico басылмасы жазып чыкты. Анын артынан эле башка булактар дагы муну ырастады.

АКШнын Мамдепартаменти Би-Би-Синин суроолоруна жооп берүүдөн расмий түрдө баш тартты. Мекеменин өкүлү ысымын жашыруун калтыруу өтүнүчү менен маек берип, тизме тууралуу тастыктады. Бирок эмне үчүн бул өлкөлөр кирип калганына түшүндүрмө берген жок.

Маселен, Нигериянын өкмөтү террорго каршы күрөшүүнүн глобалдык программасында АКШнын негизги өнөгү саналат. Нигериялык аскер күчтөрү АКШнын күчтөрү мене чогуу биргелешкен операцияларды өткөрөт.

АКШнын Бишкектеги элчилиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Бишкектеги элчилиги

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги булактар тизме тууралуу Politico басылмасындагы макаладан кийин кабардар болушканын айтып беришти.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жарандардын баарында биометрикалык паспорттун болбогонунан улам ушундай маселе чыгышы мүмкүн деп эсептейт.

ТИМдеги булактар Би-Би-Си менен маегинде, тизме тууралуу чечим Американын ички саясатындагы маселе деп ишендирди. Анын АКШ менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерге тишеси болбошу мүмкүн.

Бирок дипломаттын болжолунда, америкалык истеблишменттин кайсыл бир бөлүгү 2014-жылы Кыргызстандагы АКШ базасынын жабылышына ичи чыкпай калган болушу мүмкүн. Анын үстүнө Бишкек менен Москванын ортосундагы аскердик жана экономикалык союзду дагы эсепке алуу керек.

Коопсуздукту камсыздообу?

31-январь күнү администрациянын жаңы демилгесин тааныштырып жатып, АКШнын ички коопсуздук боюнча министринин милдетин аткаруучу Чад Вулф жаңы тизме бир жылга созулган "системалуу серептин" жыйынтыгы деп түшүндүрдү.

2018-жылдын мартында америкалык администрация 200 өлкөнүн өкмөтүнө АКШ менен кызматташуу жаатындагы бир нече суроо менен кайрылуу жолдогон. Анда терроризм менен күрөштөгү чалгын маалыматтарды бөлүшүү жана жарандарга берилген паспорттору тууралуу суроолор болгон. Ошол эле учурда террордук коркунучтун деңгээлин дагы ар бир өлкө өзүнчө баалашы керек эле.

Трамптын администрациясы АКШга өтө эле көп сандагы чет өлкөлүктөр келип жатат деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын администрациясы АКШга өтө эле көп сандагы чет өлкөлүктөр келип жатат деп эсептейт

Ушундан кийин бул өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча АКШнын Пентагон, Мамдепартамент жана Улуттук чалгын кызматынын өкүлдөрү киришкен.

"Жыйынтыгында дал ушул тизмеге кирген алты өлкө өтө начар баа алды",-деп түшүндүрдү Вулф журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү АКШ менен жакшы мамилесин сактап калуу ниетинде деди Вулф .

"Ар кандай себептер менен алар биздин минималдуу талаптарды аткара албай калышты. Ошондуктан коркунучту (болжолдуу) төмөндөтүүнүн жалгыз чарасы чектөө киргизүү болду",-деди Вулф.

Анын айтымында, администрация тизмени ар алты ай сайын жаңылап туруу ниетинде. Эгерде Вашингтон кайсыл бир өлкө өзүнүн коопсуздугун сактоодо керектүү чараларды көрдү жана АКШ менен кызматташтыкты күчөттү деп эсептесе, тизмеден чыгарат. (AbA)