Т.Кожобеков: Трамп менин чоң көйгөйүмдү чечип берген

Сүрөттүн булагы, Getty

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

АКШ менен Кыргызстан эки башка материкте жайгашканына карабай, кошмо штаттардын шайлоосуна байкоо салган кыргызстандыктардын да саны бир топ экен. Алардын бири мониторинг борборунун башкы директору Тынчтыкбек Кожобеков. Би-Би-Си ага кайрылып, Трамптын жеңишин кандай кабыл алдыңыз деп сурады.

Тынчтыкбек Кожобеков: Мени АКШдагы шайлоо эмес, эки талапкер кызыктырат. Дональд Трамптын жеңиши дүйнөдөгү көп өлкөлөргө таасирин тийгизет болуш керек. Айрыкча Орусияга. Себеби Трамп чоң ишкердикте жүргөн адам. Конгресс канчалык калчабасын ал өзүнүн көк беттигине салып, бир топ кадамдарды жасайт. Кошмо штаттардын эң негизги саясаты - салык системасына байланган. Салыкты кимдер төлөйт? Албетте, ишкерлер төлөйт. Трампка бизнес чөйрөнүн өнүгүшү абдан маанилүү.

Тынчтыкбек Кожобеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынчтыкбек Кожобеков

Кыргызстанда бизге окшогон адамдарга кимиси жеңсе да баары бир болуш керек. Чын-чынына келгенде мен Трампты “Кантип бай болуу керек” деген китеби аркылуу тааныгам. Бул кишинин өжөрлүгү, жөн жүрө албагандыгы мага абдан кызык. Ал өз китебинде, кантип акчалуу болуп, аны сактоо, кантип өзүндү таанытуу же таанылган атыңды канткенде ошол бийиктикте кармап калуу жөнүндө абдан мыкты жазган.

Жашоонун баары эле саясат эмес да. Менин оюмча азыркы жашоодо жашоонун негизи - бул ишкердик. Ансыз адамзаты ачка калаары турган иш. Трамптын атасы да ишкер, өтө бай адам болгон. Булар өз өлкөсүндө курулуш тармагынын дөө-шаалары болуп саналат. Алар нечендеген асман тиреген имараттарды курушкан. Трамп атасынын жолун татыктуу улантып кетиши элди таң калтырган. Баласы атасынын ишкердигин уланта албай талаада калган мисалдар абдан көп да. Ал атасынын ишин улантып эле тим болбой, байлыгын 3 эсе көбөйтө алган.

Анын артыкчылыгынын бири-сөзгө аябай чебердиги. Сөз менен адамдарды ишендирүү жагынан АКШда биринчи орунда турат десем болот. Азыркы ийгилиги да ошондон улам болсо керек деп ойлойм.

Ал бир жолу сулуулар конкурсуна демөөрчү боло калып, бир сулууга ашык болуп болгон байлыгынан кол жууп калганын айтат. Элестеткиле, миллиардер адам бир заматта кенедей үйүнөн башка эч нерсеси жок калат. Түнкү саат үчтө ага банктан чалып, карыздарыңыз, милдеттенмелериңиз көп. Келип кутулбасаңыз аягы жаман болот деген экен.

“Мен үйүмдөн чыгып, акчам жогунан канча жылдык өмүрүмдө биринчи жолу жети чакырым жолду жөө бастым. Жаан төгүп жаап жатты. Банкка жеткенимде алдымдан сууга чыланган селсаяк чыкты. Берейин десем сокур тыйыным жок. Ошондо ичимден, мына бул селсаяк мага салыштырмалуу 7.5 млрд долларга бай деп ойлоп, банкка кирип кеттим”,- дейт.

Сүрөттүн булагы,

Би-Би-Си: Мындай кыйын кырдаалдан ал кантип чыккан?

Тынчтыкбек Кожобеков: Кирсе ага карыз берген банкирлер отурган экен. Түнкү саат үчтө кирип, таңкы саат жетиде банктагы карызынан кутулуп, кайра дагы акча алып чыгып кетет.

“А кантип карызымдан кутулуп кеттим? Бул силерге кызыкпы?”-деп суроо берет. Албетте кызык. Көрсө, Трамп карыз алган банкирлердин алдына чыгып, “силер менден аласаңарды алгынар келеби? Эгер андай болсо мага карыз бергиле. Жок, бербейбиз десеңер менин коколой башымдан башка эч нерсем жок”,- деген экен. Ал ошентип өзүнүн пландарын айтып берип, баарын ишендирип эле тим болбой дагы акча алып чыкканга жетишкен. Бул анын ораторлугу.

“Силердин турак-жай салганга жериңер бар. Ал жерге үй курушуңар керек. Акылы жок, тобокелге барбаган адамда ал жерге эптеп-септеп бир баш калка салып алат. Силер андай кылбастан ал жерге 9 же 10 кабат үй кургула. Себеби силер ошол кенедей кепе үчүн деле убара болуп, убакыт коротуп, акча издейсиңер. Кенедей кепеге акча издегенден көрө 10 кабаттуу үйгө акча издеген оңой. Себеби кенедей үй салат элем деп бирөөгө барсаң, эч ким акчасынын учун да карматпайт. А ошол эле учурда даяр, чоң долбооруңду көтөрүп алып барсаң анын ар бир бөлмөсү сатылаарын, максатың чоң экенин көрүп заматта сага акча бөлүп беришет”,- деп ал башка ишкерлерге кеңеш берет.

Би-Би-Си: Трамтын китебинин чыныгы окурманы болгон экенсиз, сизге кандай пайдасы болду?

Тынчтыкбек Кожобеков:Анын ушул айткандарынын таасири асытында мен көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келген үй маселемди чечип алгам. Аны айткандарын күндүр-түндүр аябай таасирленип угуп, өзүм каалган кымбат райондон үй издеп таптым. Үй ээси еврей улутундагы аял эле. Аны ишендире сүйлөдүм. Болгону миң сом акчаны колуна карматып, 22 000 долларлык үйдү эки айда кутулам деп макулдашып чыгып кеткем. Бул 1000 сомго үй алдым эмес, ошол чоң иште ишендире сүйлөп, тобокелге барып үйду толук сатып алдым деген сөз. Ал кезде менде чынында ал каражаттын жарымы да жок болчу. Мен бул иште адамдарды ишендирдим. Буга Дональд Трамптын китебинин таасири чоң.

Дональд Трамп президент болсо, ал дүйнөдөгү эң белгилүү миллиардерлдер менен жакын, дос мамиледе болгондуктан ал АКШ экономикасын гүлдөтөт деп ойлойм.