Гринкард: утуп алгандар да, сатып алгандар да бар
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адатта Америкага виза алуу өтө көп убараны, кылдат текшерүүнү талап кылган иш. Кээ бири барам деп бир канча ирет аракет кылса да ишке ашпай калган мисалдар арбын. Ал тургай айласы кеткенде АКШнын чек арасында кармалып, сурак берип, керек болсо кайра артка кайтарылаарына да кайыл болуп, Мексика аркылуу качкан кыргызстандыктар дагы бар.
Бирок, ага салыштырганда чыныгы лотореядан утуп алгандай эле кызык жолу да бар. Ал гринкард. Америка башкаларга дагы өз жарандарынын укугуна, мүмкүнчүлүгүнө барабар макам бере турган атайын лотореяны ойнотуп келет. Ал эл арасына гринкард деп белгилүү.
7-октябрдан 7- ноябрга чейин документтерди кабыл алып, андан соң жеңүүчүлөр аныкталат. Бул мүмкүнчулүктү пайдаланып АКШга кеткиси келген кыргызстандыктардын катары калың. Ал тургай документ толтуруу иши ким бирөлөр үчүн киреше булагына айланды. Ким бирөө гринкард утуп алсам деп басса, турса кыялданып жүрсө дагы бири кантип, качан гринкард утуп алганын да билбей калган мисалдар бар экен. Бул тууралуу да чечмелеп беребиз. Сөздү гринкард деген эмне, ага кимдер ээ боло алат деген суроодон баштайлы. Ренат Самудинов Америкада жашап, иштейт.

Сүрөттүн булагы, facebook
Ренат Самудинов: Гринкарт - бул Америкага уруксат бере турган мүмкүнчүлүк. Гринкарттанын негизинде сизде Американын жарандарындай эле көп укуктарыңыз болот. Бир гана шайлоого катышып, добуш берип же талапкер боло албайсыз. Андан башка укуктарынын баары бирдей эле. Гринкарт менен иштегенге уруксат берилет. Ал тургай Америкадан башка мамлекетке кирип чыкканга дагы уруксат берилет. Дагы бир жагы гринкарддын ээси болуп туруп, ошол эле учурда өз өлкөңдүн жараны боло аласың.
Гринкартасы жоктор өзүнө атайын уруксат кагаздарын алмайын иштей албайт. Гринкарт көбүнчө 10 жылга берилет. Андан азыраак мөөнөткө берилген учурлар дагы болот. Ошол 10 жыл аралыгында эгер сен Америкада туура жашап, жакшы жүрүп, жакшы иштер менен алек болсоң гринкартаңдын мөөнөтү дагы узартылат. Эгерде сен криминалга, мыйзамсыз иштерге аралашсаң анда гринкартаңды узартпай коюшу мүмкүн. Гринкарт оңой эле толтурулат атайын сайт бар. Ал сайтта бекер эле колдоносуң. Бир эле тамгадан ката кетсе анда гринкарт утушуң мүмкүн. Бирок андан ары элчиликтеги маектен өтпөй калышың ыктымал.
Би-Би-Си: Гринкартаны сатып пайда табууну көздөгөндөр бар экендиги айтылып жатат. Бул жөнүндө кабарыңыз барбы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ренат Самудинов: Албетте. Көбү гринкарта утуп, Америкага келебиз деген максатта лотореяны ойноп атканда ортомчу компанияларга кайрылат. алар толтуруп жардам беришет. Айрым ортомчулар толтуруп акчасын алат да ошону менен тийишпейт. Тилекке каршы кээ бири өз алдынча эле маалыматтарды топтоп, башка бирөөнүн атынан катышат экен. Ал кийин гринкарта утканда акча сурап, чоң-чоң суммаларды өндүрүшкөнүн билем. Мисалы, мен бир байкелерди тааныйм. Мурун гринкартага тапшырган окшойт, канча жыл аны такыр унутуп коюшкан экен. Кыязы ошондо маалыматтары калса керек. Бир жолу бирөөлөр чалып, “сен гринкарта уттуң” дейт. Мен кантип утмак элем дептир. Көрсө алар дарек, маалыматтарын чогултуп алып, өздөрү эле толтура берет экен. Анан уткан адамга 2000, 3000 миң долларга чейин сумманы айтып, акча өндүрүп алат тура. Аларды Америкага чейин кетирген. Бул жакка келип жумушка орношкондон кийин гринкартаны өзүнүн гана дарегине алып коюшуптур. Тиги байке алар сураган сумманы төлөп бүткөндөн кийин гана беришкен. Туура эмес жолдор менен дагы бекер нерседен чоң акча жасап жүргөндөр дагы бар. Гринкартаны толтуруш оңой эле, сайтта баары турат. Гугл жардамга келет, болгону кылдатттык керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Кезинде Дональд Трамп гринкарддын талаптарын өзгөртүү керек деп чыкты эле.
Ренат Самудинов: Жаңылбасам жылына грин картты дүйнө жүзү боюнча 50 миң киши алат. Ал гринкартага Америкада жашап дагы деле документтери бүтө электер деле ойной берсе болот. Трамп гринкартаны токтотом дебеди беле, анын да өз жүйөсү болгон. Лоторея менен каалагандай эле келе берет экен деген ойду айткан. Ал эрежени өзгөртүп, лоторея менен дүйнө жүзүнөн эң мыктыларды, билимдүүлөрдү, күчтүүлөрдү тарталы деген. Гринкартаны билимдүүлөр, зарыл деген кесиптин ээлери, кыйындары гана келсин деген. Бул чоң талкууну жараткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си акы алып, документ толтурууга көмөктөшкөндөр менен дагы байланышты. Алардын бири өзүн Жамен деп тааныштырып, буларды айтып берди.
Жамен: Биз быйыл эле иштеп баштадык. Көп деле жарнама берген жокпуз, бирок, ошого карабай бизге күнүгө жыйырма чакты киши кайрылат. Азыр мындай иш кылган агенстволор дагы аябай көбөйбөдүбү. Аларга дагы кайрылып жатышат. Каалоочулар жылдан жылга көбөйүүдө. Анткени буга чейин көбүнүн бул тууралуу кабары жок эле, азыр билип калышты. Экинчи жагынан коомдук сайттар өнүгүп бул боюнча маалымат кенен. Пандемиядан улам дагы эл сыртка чыгуунун аракетин кылып жатат окшойт. Бизге кайрылгандардын эң басымдуусу 18-30 жаштын арасындагылар. Жогорку билимдүүлөр көптүк кылат. Жашы өткөндөр да кайрылган учурлар бар. Алар негизинен 50-60 жашты чамалап калган апалар. Документин толук толтуруп бергенибиз 500 сом. Биз да башкалардын алып жаткан акысын карап көрүп, ошонун орто эсебин алдык. Мисалы 3000сомдон толтургандар да бар. Америкадагы кыргызстандыктар 50 долларга толтурат экен. Аны да көрүп жатабыз. Орусияда болсо 2000 рублга чейин экен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Бир эле тамгадан же форматка бир эле жери туура келбей калса эле жарабай калат деп жатпайбы. Туура толтуруп жатканыныздарды кантип билесиздер?
Жамен: Ооба, ал жагы бар. Англисче түшүнүп, кунт коюп карагандардын баары эле толтура алат го дейм. Сайтта инструкция бар. Ошону карап, кайра-кайра текшерип, толтурабыз. Кээ бири башка эле кишилердин макулдугу жок эле анын атынан гринкардга документ тапшырып коюп, кийин ал утуп кала турган болсо “мына биз сен үчүн документ толтуруп, баарын камдап койгонбуз. Уттуң, эми муну алыш үчүн бизге мынча суммада каражат бересиң" дегендер да бар экен. Аларды да көрүп жатабыз. Ар кимдин өз уяты, жоопкерчилигине жараша иш го. Биз андай кылбайбыз.
Америкага барууну кыялдангандар дароо эле оңой-олтоң табылчу доллар, жыргал жашоону элестетпесе дешет. Мүмкүнчүлүктөр арбын болгону менен атаандаштык дагы ошончо күчтүү, талаптар дагы оңой эмес экенин эстен чыгарбоону эскертишет.
Эң эле жөнөкөй мисалы режиссер Руслан Акундун “Салам Нью-Йорк” тасмасы. Андагыдай изденүү, батирдин азабы, кайнаган шаар турмушу, бирок ошого жараша, аракет, план болсо максат да орундалат.









