“Мигранттын үнү жетиши үчүн сөзсүз алардын өлүмү керекпи?”

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кырсыкка кабылган кичи автобус

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсыкка кабылган кичи автобус

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусияда 14 кыргыз жараны каза таап, дагы үчөө жараат алган жолдогу кандуу окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, 23-август Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Орус бийлиги 1,5 миллиондой мигранттын аты-жөнүн жакында эле мигранттардын базасынан өчүрдү. Эми алар Орусияда жашап, эмгектениш үчүн 3-сентябрга чейин өлкө аймагынан чыгып, кайрадан кирип каттоого турушу керек. Каттоого мурункудай иштеген жери боюнча эмес, туруктуу жашаган жери боюнча катталышы шарт.

Бул эреже кыргыз мигранттарын да убайымга салууда.

Салтанат Митиева мигранттардын укугун коргоп келген активист катары да белгилүү. Ал Ульяновскто жол кырсыгына кабылган жаш балдардын бири ага жакында эле келип, кеп-кеңеш алып кеткенин айтып берди.

“Биз бир жума мурун барып элчиликке какшап келгенбиз. Ал эми кечээ эмне болду? Жапжаш 22-23 жаштагы балдар кете берди. Ошолордун арасынан бир бала кетип атып, документтерин текшертип кетти эле ”кара тизмеде жокмунбу” карап бериңизчи деп. Өлгөндөрдүн арасында ошол да жүрөт. Эмнеге мигранттардын үнүн угушпайт, мигранттардын үнү жогору жакка жетиши үчүн сөзсүз алардын өлүм керекпи?",- дейт Салтанат.

Мигранттар сакташы керек деген эрежелерге документтерин шайкеш келтирүү үчүн баратып жол кырсыгына кабылган 14 кыргызстандыктын окуясы Орусиядагы мигранттардын укугу тууралуу маселени кайрадан күн тартибинен чыгарды.

Соңку айларда мигранттарды текшерүүлөр күчөп, аларга кошумча түйшүк түшүп жатканы байма-бай айтылууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Буга чейин бул эрежеге көз жумушуп, мигранттарды юридикалык адрестерге деле каттап, базага киргизип коюп жүрүшкөн. Эми болсо мигранттар жашаган жери боюнча гана катталыш керек болуп жатат. Кыйын болуп калды, себеби кайсы гана орус болбосун өз үйүнө мигранттарды каттаткысы келбейт. Андыктан мигранттар айла жоктон, Россиянын аймагынан чыгып, кайра кириши керек болуп атат. 2021-жылдан бери Россияда иштеген жери боюнча базага катталган мигранттардын бары ошентиши керек”,- дейт Москвадагы кыргыз мигранттарынын бири Шайлообек Курбаналиев.

Жаңы эрежени аткаруу Орусияда жашап жүргөн көптөгөн кыргызстандык үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, мындан саналуу күн мурун активисттер ал жактагы кыргыз элчиси менен жолугушууну талап кылып элчиликке чейин барышкан. Бирок анда аларга элчи чыкпай койгону айтылып жатат.

“Базадан мигранттардын каттоосун өчүрүп салышып, аларды көчөдөн орус милициялары кармап, беш миң рубльдан штраф салып, өлкөдөн да чыгарып салып жатышат. Депортация кылабыз деп, Сахарова деген миграциялык борбордо жашаган канчалаган кыргызстандыктарыбыз бар? Ушул көйгөйлөр күндөн-күнгө көбөйүп жатканын айтып биз кайрылып эле келдик. Бирок буга элчилик тараптан такыр аракет болбой койду”,- дейт элчиликке чейин барган кыргыз мигаранттарынын бири Назира Акбаралиева.

Кыргыз элчилиги азырынча бул туурасында комментарий бере элек.

Орусиядагы кыргыздар

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы кыргыздар

Кыргызстан мындан алты жыл мурун Орусия башында турган ЕАЭБге мүчөлүккө кирип, анда кыргыз мигранттарынын абалы эми кыйла жеңилдейт деп күтүлгөн эле. Бирок соңку окуядан кийин коомдо бул биримдикке мүчө болуунун кажети тууралуу талаш-талкуулар күчөп жатат.

Кезинде кыргыз бийлиги Кыргызстан ЕАЭБге кирсе мигранттар жарандыгы эле болбогону болбосо калганы кадимкидей жакшырат, биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн барган мигранттарга караганда далай артыкчылыкка ээ болот деп келишкен эле. .

“Кыргыз мигранттары жумушка кирүү үчүн мурда атайын каттоого туруп, анан ишке уруксат алуу үчүн 500 долларга чейин акча төлөшчү. ЕАЭБге кирген өлкөнүн жарандарына мындай шарт жок. Экинчиден, биздин мигранттарда Орусияда мамлекеттик камсыздоо деген бар. Ага медициналык тейлөө, балдарын окууга киргизүү деген мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан кыргыз мигранттарынын ошол эле тажик, өзбек жарандарына салыштырмалуу төлөмү жогору жумуштарда иштеп келишет”,- дейт мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев.

Украинада согуш башталып, Москвага катаал санкциялар киргизилгенден бери Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жашоосу кыйла өзгөрдү. Темир Сариев Москванын мигранттарга мамилеси катаалданып жатканынын дагы бир себебин ушуга байланыштуу деп болжолдоодо.

“Албетте, украиналыктар менен орустардын ортосунда болуп жаткан согуш маалында диверсия да болуп кетип жатат. Андыктан алар ички эрежелерди да катаалдантып жатат да. Бул орустар үчүн учурдун талабы болуп жатса керек. Россиянын кээ бир шаарларында жарылуулар болуп жатат, Крымда да үч жолу болду, ушуга карата да тактап жатышат да. Анын үстүнө Борбор Азиядан чыккан жарандар Украина тарапта согушуп жатканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат”.

Деген менен Орусия быйыл жыл башынан бери эле миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырып баштаган эле. Былтыр декабрда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, Орусияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар ар кандай жугуштуу илдеттерден, маңзат жана психотроптук каражат колдонбойбу деп текшерилет.

Мындан улам кыргыз элчилиги бул орус бийлигине жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен быйыл февралда кайрылган.

Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны мындан да көп экени айтылып келет. Кыргыз мигарнттары көбүнчө тейлөө, курулуш тармактарында эмгектенишет.

Кыргыз коомун нес кылган бул окуя 2016-жылы Орусиядагы басмаканалардын бириндеги далай өмүрдү жайраган өрттү да эске салды. Андагы өрттө 17 кыз-келин мерт кетип, миграция көйгөйлөрүү уу-дуу болуп талкууланган. Ошол кездеги бийлик мигранттардын көйгөйү такай эсте, Орусия менен бир биримдикте турганда мигранттардын абалы да, шарты да жакшырат деген убадаларды берген эле.

Мигранттардын которгон акчасын гана санайбыз, санаасын качан эске алабыз деген ачуу сындар бул жолу да айтылууда.