Камчыбек Ташиевден коронавирус чыккан жок
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аки-пресс агенттигине билдирди.
Ал бүгүн эртең менен Ташиевге жолугуп келгенин айтты. Бейшеналиевдин айтуусунда Ташиевдин абалы канааттандырарлык.
"Андан пневмония аныкталды. Абалы канааттандырарлык, жылыш бар. Коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди Бейшеналиев.

Сүрөттүн булагы, oficcial
4-январда Камчыбек Ташиев пневмония менен ооруканага түшкөнүн жергиликтүү ММКлары жарыялаган.
Ал Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган.
Ташиев 2020 - жылдын июль айында эки тараптуу пневмониянын оор түрү менен ооруп, айыккан. (MD)








