Коронавирус: Аба каттамдары токтоп, миңдеген жүргүнчү ара жолдо калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Авиа компаниялардын кызматкерлерине коронавирус жугуусунан улам миңдеген рейстер үзгүлтүккө учурады. Анын натыйжасында он миңдеген жүргүнчүлөр ара жолдо калышты.
FlightAware сайтынын маалыматы боюнча, жума күндөн бери Жаңы жыл майрамына карата 7 жарым миңдей рейс үзгүлтүккө учураган.
Үзгүлтүккө учурагандардын арасында Кытай менен АКШнын авиа компанияларынын рейстери эң көп.
Компаниялардан айтышкандай, экипаж мүчөлөрүнөн коронавируска тапшырган тесттери оң жыйынтык бергендиктен рейстер токтотулган.
Тесттери оң жыйынтык бербеген бирок вирус жуктуруп алгандар менен байланышкан кызматкерлер өз алдынча изоляцияга жөнөтүлгөн.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус учурлары кескин түрдө көбөйүүдө. Ага негизинен омикрон варианты себеп болууда.
Омикрон коронавирустун башка варианттарына караганда анча оор эмес экени эрте эле аныкталса да окумуштуулар вирус жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө чыкканына тынчсызданып жатышат.
FlightAware сайтынын маалыматы боюнча, жекшемби күнү 2400дөн ашуун рейс токтотулган. Алардын 800дөн ашууну АКШнын аэропортунан же ал жакты көздөй учушу керек болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эң көп жабыр тарткан АКШнын компаниялары Делта (Delta), Бириккен аба жолдор (United) жана JetBlue.
United аба жолдору мурдараак эскерткендей, омикрон учурлары “экипаж мүчөлөрүнө жана операцияларды ишке ашырган адамдарга түздөн түз таасирин тийгизген”. Компаниядан кошумчалашкандай, рейстери токтоп калган жүргүнчүлөр менен алдын ала аэропортко келгенге чейин байланышып жатышат.
Учурда омикрон АКШдагы эң көп катталган коронавирус варианты.
Бирок эң көп жабыр тарткан авиа компания Чыгыш Кытай (China Eastern) болду окшойт. Жекшемби күнү эле анын 390дон ашуун рейси үзгүлтүккө учураган.
Кытайдын түндүгүндө жайгашкан Сиан шаарынын аэропорту 120дан ашуун рейс токтотулганын билдирди.
Бийлик өкүлдөрү коронавирустун тез тарашы менен күрөшүү үчүн Сиандагы 13 миллиондон ашуун жашоочуга үйдөн чыкпай отурууга буйрук берилди.
Лондондун Хитроу аэропортунда жекшемби күнү 60тан ашуун рейс үзгүлтүккө учураган.
Америкадагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 5,4 миллиондой киши коронавирустан каза болгон. Вирус жуктургандардын саны 270 миллиондон ашкан. (EA)












