Омикрон канчалык коркунучтуу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн аптада коронавирустун аябай мутация болгон варианты аныкталды. Аны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) “тынчсызданткан вариант” деп белгилеп, ага тез эле “Омикрон” деген аталыш ыйгарды.
Коронавирустун омикрон варианты алгач Түштүк Африка Республикасында катталганы айтылууда. Ошол эле учурда бул вариант дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнөн дагы чыккан. Алар Африка континентинен келген жүргүнчүлөр менен байланыштырылып жатат.
Азырынча бул вариант канчалык кооптуу экени белгисиз. Дүйнөдө омикрон туурасында жетиштүү маалыматтын жетишсиздигине байланыштуу ал келтире турган коркунуч жөнүндө толук маалымат да жок.
ДСУнун айтымында, башка варианттарга караганда омикрондун жугуштуулугу жогору. Анын ыкчам жугуп жатканы боюнча Түштүк Африкада көптөгөн далилдер бар.
Көптөгөн жоромолдор айтылганы менен, бирок айрым так жооптор да бар.
Омикрон жөнүндө эмне белгилүү?
Бул варианттын аракети жана канчалык кооптуу экени жөнүндө маалыматтар өтө аз.
Мисалы, анын оңой эле жугуп-жукпасы, башка варианттарга караганда адамдарды катуураак оорутуп-оорутпасы, вакцинанын андан канчалык коргоп-коргобосу — эч бири белгисиз.
Бирок документтерде ал тынчсыздануу жараткандай туюлууда. Ошондуктан бир демке болуп кетпегей эле деп мамлекеттер ыкчам аракетке өтө башташты.

ДСУ коронавирустун мурдагы варианттарын грек тамгалары менен “альфа”, “бета” деп атаган сыяктуу эле мунусун да “омикрон” деп атады.
Азырынча так тыянак чыгарууга эрте, бирок адамдардын тынчын алган белгилер эбак эле пайда боло баштаган.
Түштүк Африканын Гаутең облусунда толугу менен ырасталган 77 учур катталган. Дагы төрт учур Ботсванада жана дагы бирөө Гонк Конгдон чыккан (ал Түштүк Африкадан саякат кылгандар менен байланыштырылууда).
Көптөгөн маалымат боштугуна карабастан бул вариант чоң тынчсыздануу жаратып жатат. Ага жакындан көз салып турууга керек болууда. Пандемиядан алган бир сабагыбыз бар: бардык суроолорго жооп алыш үчүн аягына чейин күтүп тура албайбыз.
Омикрон менен башка варианттардын эмне айырмасы бар?
Омикрон дүйнөнү чочутуп жаткан себеби бул вирус Кытайдын Ухан жергесинен чыккандан бери болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар болгону. Демек, түпкү вариантын колдонуу менен жасалган вакцина анчалык деле таасирдүү болбой калышы ыктымал.
Коронавирустун башка варианттарынын мутацияларынан мурда байкагандарыбыз омикрондун ролу жөнүндө аз да болсо маалымат берет.
Омикрон вариантында мурда байкалган жана байкалбаган ар түрдүү мутацияларды камтыйт.
Эң эле орчундуусу вирустагы учтуу протеиндерде. Коомчулуктун көңүлүн бурган да, көптөгөн вакциналардын көздөгөнү дагы ошол.

Омикрондо “учтуу ген ылгоо” катары белгилүү болгон бөлүгү кадимки тесттерде оңой эле вирустун бар же жок экенин аныктоого жардам берет.
Бирок “учтуу ген ылгоолордун” баары эле омикрон дегенди билдирбейт. Аны так экенин билүү үчүн геномдордун иретин дагы толугу менен карап чыгуу керектелет.
Мурда коронавирус варианттарынын документтерде коркунучтуу көрүнгөн көптөгөн мисалдар болгон. Айталы, “бета” варианты жылдын башында адамдардын тынчын алган маселеге айланган эле. Анткени ал иммундук системаны айланып өтө алганын көрсөткөн. Бирок кийин дүйнөнүн үшүн алган жана тез тараган вариант “дельта” болуп калды.
Дүйнө кандай реакция кылды?
Ылдам тараган вариант ушул айдын башында Түштүк Африкада байкалып, ДСУга өткөн шаршембиде билдирилген. Түштүк Африканын мындай аракети дүйнө коомчулугунун баасына татыган.
Омикрон учурда дүйнө жүзү боюнча бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде Канадада, Британияда, Германияда, Австралияда, Португалияда, Бельгияда, Нидерланддарда жана Израилде катталган.
Анын натыйжасында Британия, Евробиримдик жана АКШ Түштүк Африка өлкөлөрүнөн келген жүргүнчүлөргө карата чектөө киргизди. Бул Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса тарабынан сынга алынды.

Жапония шейшемби күндөн тарта чет элдиктерге өз чек арасын жапты. Ал эми Австралия чек арадан өтүүнү жеңилдеткен жана көптөн бери күтүлгөн планын токтотуп турарын билдирди.
Түндүк Америкада омикрон аныкталгандан кийин АКШнын президенти Жо Байден коронавирустун жаңы вариантын “дүрбөлөң түшүүнүн эмес, тынчсыздануунун себеби” деп билдирди.
Канадада алгачкы учур катталары менен АКШ Африканын сегиз өлкөсүнөн келгендерге чектөө киргизди.
Ошентип АКШда өткөн аптада Түштүк Африка, Боствана, Зимбабве, Намибия, Лесото, Эсватини, Мозамбик жана Малавиден келген рейстерге чектөө киргизилди.
АКШнын түндүктөгү кошунасы Канада жекшемби күнү билдиргендей, омикрон жакында эле Нигерияга барып келген эки бейтаптан аныкталган. Үчүнчү учур дүйшөмбүдө катталган. (EA)
Кыргызстанда кандай чаралар көрүлүүдө?
Коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө максатында 1-декабрынан тарта жаңы чаралар ишке кирет.
Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкө аймагына, эмделген болсо дагы, ПЧР-тест тапшырып кирүүгө милдеттүү.
Учурда омикрон катталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байкоо жүргүзүлүп, алардын тизмеси даярдалып жатат. Омикрон катталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат.

Сүрөттүн булагы, official
Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети ДСУ менен шашылыш консультацияларды өткөргөндөн кийин билдирди.
Омикрон тез жайылгандыктан кыргыз өкмөтү дагы ыкчам чараларды көрүүгө аракет кылып, эң ириде массалык эмдөөнү тездетери тууралуу сөз болду.
“Биз талдоо жүргүздүк. Акыркы айларда вакцина албагандардын арасында өлүм катталып жаткандыгына так далилдерди алдык. Вакцина аркылуу өмүрлөр сакталып, оору жуккан күндө да ал жеңил формада өтөт”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Кыргызстан коронавируска карата эмдөө боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында артта экенин буга чейин кыргыз өкмөтү коңгуроо каккан эле. (EK)







