Коронавирус: Март айына чейин Европада дагы 700 миң өлүм катталат - ДСУ

ДСУ

Сүрөттүн булагы, Reuters

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) эскерткендей, март айына чейин Европада жана Азиянын айрым аймактарында дагы 700 миң киши коронавирустан каза болушу ыктымал.

ДСУнун Европа аныктамасына кирген 53 өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1,5 миллиондон ашат.

ДСУ 2022-жылдын мартына чейин 49 өлкөдөгү интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө “күчтүү же жогорку деңгээлдеги стресс” болору жөнүндө эскертти.

Европада вирус учурлары кескин түрдө көбөйүп, Австрия карантин киргизди жана башка өлкөлөр жаңы чаралар боюнча ойлонуп жатышат.

Франция, Германия жана Греция сыяктуу бир нече өлкөлөр толугу менен эмдөөдөн өттү деп эсептөө үчүн жарандарына кошумча вакцина алууну талап кыла башташы мүмкүн.

Бирок жаңы чараларга каршылык билдирип, бир нече өлкөлөрдө акциялар болуп өттү. Жарым-жартылай карантин киргизгении үчүн Нидерланддарда баш аламандыктар бир нече түнгө созулду.

Өз билдирүүсүндө ДСУ Европа аймагындагы өлүмдүн негизги себеби коронавирус болгонун эскертти.

“Азыркы көрсөткүчтөргө таянып атканда, кийинки жылдын жаз айларына чейин катталган өлүмдөрдүн саны 2,2 миллиондон ашуусу күтүлүүдө”, - деди ДСУ шейшембиде.

Уюмдан кошумчалагандай, коронавируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны күнүнө дээрлик 4200гө чыккан.

Орусиянын өзүндө эле күнүнө өлгөндөрдүн саны 1200дөн ашкан.

ДСУдан айтышкандай, айрым өлкөлөрдөгү эмделбегендердин көптүгү жана дельта вариантынын кеңири жайылгандыгы Европа аймагында вирустун тарашынын негизги факторлору.

ДСУнун Европа боюнча директору, доктор Ганс Клюге эмдөөдөн өтө электерди вакцина алууга чакырды.

“Кереги жок трагедиянын жана адамдардын өлүмүнүн алдын алууга көмөктөшүү үчүн баарыбыздын мүмкүнчүлүгүбүз жана жоопкерчилигибиз бар”, - деди ал.

ДСУ Европа континентиндеги мамлекеттер менен катар Израилди, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу пост-советтик өлкөлөрдү дагы аталган аймакка киргизет. (EA)

Генерал Панфиловдун жаңыланган эстелиги келатат

Генерал Панфиловдун жаңыланган эстелиги жүктөлгөн унаа Екатеринбург шаарынан шейшембиде жолго чыкты

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генерал Панфиловдун жаңыланган эстелиги жүктөлгөн унаа Екатеринбург шаарынан шейшембиде жолго чыкты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

23-ноябрда Свердлов облусунан унаа менен өзгөчө жүк - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун жаңыланган эстелиги Кыргыз Республикасына жөнөтүлдү.

И.В.Панфиловдун эстелигин реконструкциялоо долбоору Кыргыз-Россия аймактар аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында, Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтү тарабынан облустук губернатору Е.В.Куйвашевдин жеке камкордугунун астында ишке ашырылды. Эстелик Свердлов облусу тарабынан Кыргыз Республикасынын борбор шаарына белекке берилет.

Колодон жасалган скульптура «Дубровин» эстелик куюуучу устаканасынын тарабынан Бишкектеги Панфилов паркындагы эстеликтин түп нускасынын кѳчүрмѳсүнүн негизинде куюлган.

Жаңыланган эстеликтин ачылыш аземи 2021-жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарындагы сейил багында, Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда боло тургандыгы пландаштырылган.

И.В.Панфиловдун эстелиги кыргыз жергесинде 1942-жылдын ноябрь айында тургузулган.

Панфилов дивизиясы 1941-жылдын июнь- август айларында Кыргызстан менен Казакстандын тургундарынан түзүлгѳн. Дивизиянын командири генерал-майор И.В.Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон. (КС)

ЮНЕСКО Кыргызстан демилгелеген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

Резолюция «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» деп аталат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Резолюция «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» деп аталат

Кечээ Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Кыргызстан тарабынан демилгеленген «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышындагы резолюцияны колдоп беришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта резолюциянын башкы максаты тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экендиги белгиленет.

“Кыргызстандын көп кылымдык мөңгүлөрү, дарыялары жана тоолуу экосистемасынын биотүрдүүлүгү жок болуу коркунучунда турат. Мөңгүлөрдүн ээриши приоритеттүү тоо жана өрөөндөр системасына узака созулган таасир этип, ал биотүрдүүлүк жана экосистемалык кызматтар үчүн глобалдык мааниге ээ”,-деп жазылат билдирүүдө.

ЮНЕСКО өз аброюн, эреже түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, өзүнүн эксперттик билимин жана өз компетенциясындагы тажрыйбасын пайдаланып, сектор аралык мамилелелерди жана биримдикти бекемдөө менен бирге мөңгүлөргө мониторинг жасоо жана изилдөө иштери боюнча маселелелрди чечүү үчүн эл аралык коомчулукту мобилизациялай алат. (MD)