Антибиотиктерге туруштук берген инфекциялардын көмүскө пандемиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын саламаттык сактоо кызматкерлери эгерде адамдар коронавирустан кийинки аракеттерин жоопкерчилик менен жөнгө салбаса, анда антибиотиктерге туруштук берген “көмүскө пандемия” чыгарын эскертип жатышат.
Алдыдагы кышта адамдар менен аралашып жүргөндө, суук тийгизип алган учурлар көп кездешет. Бирок антибиотик ичүү бул маселени чечпейт.
Британиянын Саламаттык сактоо коопсуздугу боюнча агенттигинен (БСКА) айтышкандай, бул зыяндуу бактериянын дарылоого каршы турушуна алып барышы жана ар бир адамдын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн.
2020-жылы ар бир бешинчи кишиден антибиотикке туруштук берген инфекция табылган.
Эгерде бактерия кеңири колдонулган дары-дармектерге реакция кылбаса, анда абал курчуп, ооруканага жатканга чейин жеткириши ыктымал.
Кандагы жугуштуу оорулар
Антибиотиктерди качан гана чындыгында зарыл болгондо ичүү же жазуу кажет. Мисалы, алар сепсис, менингит же пневмония сыяктуу бактериядан жаралган инфекцияларды дарылоодо колдонулат.
Ошондой эле, алар химиотерапия, кесарева жолу менен төрөө жана башка кеңири колдонулган операциялар учурунда жугуштуу оорулардан коргоодо жардам бериши мүмкүн.
Кээде аларды жөтөлдү, кулак-тамак ооруларын дарылоо үчүн дагы жазып беришет. Антибиотик мындай ооруларды дарылоодо өтө аз же эч кандай натыйжа бербейт.
Пандемия учурунда адамдардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөр, бири-бири менен азыраак аралашуусу, колду жакшыраак тазалоосу жана аралыктан кеңеш берүү кандагы инфекциялардын азайышына түрткү болгон факторлор деп эсептелген.
Ошол эле учурда антибиотикке туруштуктуу инфекциялардын үлүшүнүн өсүшү адистерди коңгуроо кагууга аргасыз кылган.
“Дагы бир кризис”
БСКАнын башкы медициналык кеңешчиси, доктор Сюзан Хопкинстин айтымында, микробдорго каршы дары-дармектерге туруштук берүү “көмүскө пандемияга” кирет. “Биз Covid-19дан чыгып, кайра дагы бир кризиске кирип кетпешибиз керек”.
Антибиотиктерге туруштуктуу олуттуу вирустар: “биз жоопкерчиликтүү аракет кылбасак, кайрадан дагы көбөйөт”, - деп кошумчалады ал.
“Кышка кирип баратабыз, дем алуу аркылуу жуккан оорулардын көбөйүүсү менен эске түйүп коё турган маанилүү маселе — суук тийген сыяктуу симптомдордун көпчүлүгүнө антибиотиктер керек эмес”.
“Эгерде өзүңүздү начар сезип жатсаңыз, анда үйдө болуңуз”, - дейт доктор Хопкинс.
“Зарыл болбосо деле антибиотиктерди иче берүү, сизди жана жакындарыңызды келечекте коркунучка көбүрөөк кептейт. Ошондуктан терапевтиңиздин, медайымдын, стоматологдун же фармацевттин кеңешине кулак салыңыз”.
Талаптын азайышы
Антибиотикти жазып бергендердин саны бир нече жылдан бери азайган.
Бул сан 2019-2020-жылдардын аралыгында, айрыкча тогуз жаштан төмөнкү курактагы балдар үчүн “аябай” төмөндөгөн.
БСКАдан айтышкандай, анын көбү өткөн кыштагы дем алуу аркылуу жуккан оорулар үчүн антибиотикке талаптын аз болушу менен байланыштуу. Пенициллинди жазып берүү аябай азайган.
Бирок, көп жылдардан бери биринчи жолу, стоматологдор антибиотик жазып берген учурлар көбөйгөн. Муну көптөгөн адамдар дарыгер менен жүзмө-жүз жолуга албай калганы менен байланыштырышат.
2020-жылы Англияда антибиотикке туруштук берген оорулардан каза болгондордун саны бир аз төмөндөп 2 228ди түзгөн. Бирок өлүм саны кайрадан өсөт деген божомолдор бар.
Пандемия маалында дарылоодогу, адамдардын медициналык кызмат алуудагы өзгөрүүлөр жана лабораториядагы тест жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн азайышынын баары ага таасир этиши мүмкүн. (EA)








