Коронавирустун таблетка вакцинасы чыгабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Учурда коронавируска каршы эмдөө аркылуу коргонуп атабыз. Бирок келечекте мындай вакциналарды ингалятор (жыттоо же дем алуу) же болбосо ичкен дары катары алып калышыбыз мүмкүн.
Түштүк Швециядагы эң ири илимий парктардын бири болгон Медикон айылындагы жарык жана кенен лаборатория. Ичинде химик Ингемо Андерссон көлөмү ширеңке кутусунун жарымындай болгон ичке пластик ингаляторду кармап тургат.
Анын командасы бул кичинекей өнүм коронавируска каршы глобалдык күрөштө чоң иш аткарат деп үмүттөнөт. Анткени келечекте упа түрүндөгү вакцинаны адамдар үйлөрүндө эле алууга шарт түзүлөт.
“Аны өндүрүү оңой жана чындыгында арзан”, — дейт астма менен ооругандарга ингалятор чыгарган фирманын башкы директору Йохан Ваборг.
“Кичинекей пластик тасманы алып салсаң эле, вакцина ингалятору ишке кирет, аны оозуңа такайсың. Терең дем алып жутасың”.

Iconovo компаниясы Стокголмдогу ISR аттуу иммунологиялык изилдөөлөр стартабы менен кызматташып жатат. Аталган стартап коронавируска каршы кургак упа вакцинасын иштеп чыккан. Алар жасалма жол менен иштелип чыккан Covid-19 вирусунун протеиндерин колдонушат. Бул жагынан ал чыныгы РНК же ДНКга негизделип иштелип чыккан Pfizer, Moderna жана Astra Zeneca вакциналарынан айырмаланып турат. Кургак упа вакцина +40C температурага чейин туруштук бере алат.
Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан бекитилген азыркы вакциналарды сактоо шарттарынан өтө эле айырмаланат. Анын үстүнө азыр бизге жеткиликтүү бардык вакциналар суюктук түрүндө эмеспи.
Азыркы вакциналарды атайын айнек идиштерде -70C градуста сактоого туура келет, болбосо ал өз күчүн жоготуп коёт. Аларды бир муздаткычтан экинчисине которуу процесси “муздактык чынжыры” деп аталат.
Тоңдурулган кургак азыктар
Учурда компания өзүнүн вакциналарын Covid-19дун бета (Түштүк Африка) жана альфа (Британия) варианттарына каршы текшерилип жатат. Компаниянын өкүлдөрү алардын жаңы вакцинасы айрыкча Африкада пайдалуу болот деп ишенет. Себеби бул аймакта вакцина иштелип чыкпайт жана ысык климатта электр энергиясынын үзгүлтүксүз берүү талабы Covid-19 вакцинасын мөөнөтү өтүп кеткенге чейин жеткирүүнү жана сактоону өтө кыйындатат.
ISR стартабынын упа вакцинасы дагы, суюк вакциналардай эле, өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдөө үчүн ДСУ тарабынан бекитилген көп сыноолордон өтүшү керек.
Азырынча текшерүү иштери чычкандар менен эле өтсө дагы ISR менен Iconovo тестти адамдарга жүргүзүү үчүн жетиштүү каражат топтой алышкан. Эми ал иштер алдыңкы эки айда башталары пландалууда.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө упа вакцинаны оптимисттик маанай менен кабыл алышууда. Себеби, ал ийгиликтүү ишке ашып калчу болсо, анда коронавируска каршы глобалдык күрөштө төңкөрүш жасалмак. Андан тышкары башка илдеттерге каршы вакциналарды да сактоо жана жеткирүү бир топ жеңилдемек.
“Алыскы аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, балким адамдар чакан муздаткычтарды велосипеддер жана төөлөр менен ташыбай калмак”, — дейт Каролинска институтун профессору Стефан Свартлинг Петерсон. Ал 2016-2020-жылдары Unisef уюмунун медицина багытын жетектеген.
Ал вакцина даярдоонун жаңы ыкмасын тоңдурулган кургак азык-түлүктөрдүн натыйжалуулугу менен салыштырат. Мисалы, медицина кызматкерлери тарабынанбы же жөн гана саякаттап жүргөндөр болобу, тоңдурулган кургак азыктар “дүйнөнүн алыскы аймактарына, электр жарыгы болбогон булуң-бурчуна чейин” жеткирилип, жакшы эле натыйжаларды берген.
Азырынча дүйнө жүзүндөгү компаниялар упа вакциналарды иликтеп атканда, Свартлинг Петерсон Iconovo’дон 10 мүнөт жерде жайгашкан жана “көптү үмүттөндүргөн” стартапка көңүл бурат.
Ziccum компаниясы азыркы же келечектеги суюк вакциналарды эффективдүүлүгүн жоготпой тургандай кылып кургатуу боюнча технологиянын үстүнөн иштеп жатат.
Мындай вакцинаны өнүгүп жаткан мамлекеттерге жеткирүү бир топ жеңил болмок. Себеби эмдөөнүн алдында гана упа вакцинаны тазаланган суу менен аралаштырып, вакцина өндүрүүнүн соңку баскычы жер-жерлерде ишке ашып калмак.
“Жаңы технология мурунга спрей чачуу же таблетка ичүү аркылуу, кыскасы, вакцинаны түрдүү жолдор менен алууга шарт түзөт”, - деп эсептейт Ziccum компаниясынын башкы директору Горан Конрадссон.
“Алдыда дагы көп изилдөө иштери жасалышы керек. Бирок аларды ишке ашырса болот”.
Дагы "жашылыраак" альтернатива
Janssen — коронавируска каршы биз дозалуу вакцина иштеп чыккан компания. Өткөн айда анын вакцинасы Британияда колдонууга кабыл алынган. Аталган компания Ziccum иштеп чыккан кургатуу технологиясын изилдөө боюнча пилоттук долбоор баштаган.
Ири фармацевтикалык компания бул долбоор коронавирус же башка жугуштуу оорулар менен байланышы барбы же жокпу айта элек. Бирок уюмдун өкүлүнүн айтымында, бул долбоор келечектеги вакциналарды “жеткирүүнү жана колдонууну жеңилдете алган жаңы технологияларды өздөштүрүү” боюнча чоң изилдөөнүн бир бөлүгү болуп эсептелет.
Суюк вакциналарга альтернатива катары упа технологиясы ийнеден корккондорго арналат жана айлана-чөйрөнү коргоого жардам берет. Натыйжада вакциналар сакталган муздаткычтардын иштөөсү үчүн керектелген электр энергиясына муктаждык болбойт.

“Биз дүйнө жүзүндөгү эпидемия жана пандемия менен күрөшүү үчүн вакцинаны баардык аймактарга жеткиришибиз керек”, — дейт Ингрид Кроманн, “Эпидемияга даяр туруу коалициясы” аттуу эл аралык коммерциялык эмес уюмдун өкүлү. Аталган уюм вакцинаны иштеп чыгууну тездетүү багытында иш алып барат.
Ал упа вакцинаны азырынча изилдөөнүн баштапкы баскычында болгондуктан “алдыда дагы көптөгөн иштер жасалышы керек” экенин айтат. Мисалы, аны массалык түрдө өндүрүүнү жөнгө салуу кажет. (ЕА)








