Т. Батыралиев: Антибиотикти нандай "жеп" калдык, бул өтө зыян...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фармацевтикадагы коррупция, "фарммафия" деген талкуу кызыды. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев бул тармакта коррупцияны кан буугандай бууйбуз, дарынын баасы арзандайт деди. Кезинде мурдагы министр Талантбек Батыралиев фармацевтика тармагын ачык-айкын, жаңы эрежелер менен иштетем деп, бирок, чамасы жептей калганын айткан эле. Би-Би-Си мурдагы министр, кардиолог Талантбек Батыралиевди кепке тарты.
Т. Батыралиев: Кыргызстанга чет мамлекеттен министр катары келгенимде максат кылып, кийин алышып алым жетпей калган иш ушул фармацевтика тармагындагы коррупция. Ошондуктан азыр баштайбыз, жакшы жагына өзгөртөбүз деген ишти толук колдойм. Бирок, мунун эки жагы бар. Бул жерде системаны өзгөртпөсө бирин алсаң ордуна экинчиси келе берет.
Союз тараганда дары-дармек, медициналык жабдуу менен камсыз кыла турган эң чоң тармак жеке менчикке өтүп кеткен. Мыйзам, токтомдун баары ошолорду коргоп, алардын бизнесине шарт түзгүдөй болуп калган. Баары эле жаман дебейм. Бирок, бул тармакка толук көзөмөл керек. Антпесе дүйнөдө дары-дармек нарко бизестен кийинки эле эң чоң акчалуу сектор. Ошондуктан системаны өзгөртүп, ар бир таблетка фабрикадан чыккандан бейтапка жеткенге чейинки чынжырды көзөмөлгө албаса кыңыр иш токтобойт. Фирманы, врачты, жетекчисин кармасаң да мунун учуна жетпей чубалжып кете берет.
Бул тармак боюнча дүйнөдөгү эң жакшы системанын бири Австарлияда, Түркияда десем болот. Аларда Улуттук маалымат базасы деген бар. Мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, атайын кызматтан баштап тиешелүү мекеме текшере алат. База ачык-айкын турат.

Т. Батыралиев: Бул система эмнени берет?
Биринчиден, сапаттуу дарыга көңүл буруп, канча дары келди, канчасы сатылды дегенди көзөмөлдөп өз салыгын так алат.
Экинчиден, дарыгер сапаттуу дары менен камсыз болот. Ошондо менин кесиптештерим бир эле антибиотиктин үч түрүн, дагы башка бир эле дарынын эки түрүн жазып бергенге укугу болбойт. Бул өтө маанилүү. Дары сатып алса эмне экен? Ал мамлекеттин акчасы эмес, кардардыкы да деген көз караш болбошу керек. Себеби, ал жалпы чыгымга алып келип, керексиз же ашыкча дары үчүн эле төлөм болуп башка өлкөгө короп жатат да. Ден- соолук андан да маанилүү.
Үчүнчүдөн, дары менен таза иштеген фирмаларга андан да таза иштөөгө шарт түзүлөт. Антпесе күнүнө аз болсо да бирок тынымсыз доллар “тамчылап” турган кирешеден ким баш тартсын? Кереги жок дарыны жазып берип , пайдасын көрүп жаткан менин кайсы бир кесиптешим мындан баш тартпайт, фирма андан бетер дегендей. Кыскасы бажыдан тартып, чынжырдын акыркы учундагысына чейин эч ким мындай “пайдадан” кол жуугусу келбейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Т. Батыралиев: Эл арасында да кызыктай көрүнүш бар. Учурунда мен министр болуп турганда антибиотиктерди дарыгер дайындап, атайын уруксат кагазын жазып бермейин саттырбайлы десем “Батыралиев деген эмне кылып жатат?” деп аз эле жерден дуулдап көчөгө чыгып кете жаздашкан. Өнүккөн өлкөлөрдө дал ушундай. Антибиотик уруксаты жок, башаламан сатылбайт. Эки эсе төлөйм десең да сатып ала албайсың. Бизде кандай? Бизде антибиотикти кадимки нандай эле каалашыңча сатып алып, андан кийин интернеттен карап өзүбүзгө-өзүбүз “врач” болуп кетпедикпи. А бирок, антибиотик деген жанагы тоокторду 40 күндө семиртип, сойгонго жарагыдай кылып коюп жатпайбы? Ошондуктан бул чакчелекей колдонулган антибиотик генефонго эң күчтүү таасир берген факторлордун бири.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Сиз министр кезде кандай кармашсам да толук алым жетпей калды деп айтып келесиз. Конкреттүү кандай аракеттерди кылгансыз?
Т. Батыралиев: Ишке киришкенде эле бул боюнча мыйзам киргизип, үч жылдан кийин араң өткөрдүм. Мыйзам кабыл алынган күндө дагы тиешелүү токтомдор керек эле. Тилекке каршы парламенттен баштап, башка мекемелерден колдоонун ордуна болуп көрбөгөндөй тоскоолдук көрдүм. Бизнестин бул түрү менен жөнөкөй киши алек болбойт. Ошол учурда парламенттин 30 пайызга жакынынын тууган-уругу, аялы же жакыны ушул бизнесте эле. Расмий түрдө эч кимиси тоскоолдук кылган жок, бирок, парламентте талкуу болсо ар кайсы бурчунан чыгат. Үчүнчү окууга келгенде регламент жол бербей турганына карабай алып сала жаздаган. Кийин президент кол коёрдо дагы тоскоолдуктар болду. Оозуңдан бир сөз чыкты дегиче ар кандай гезиттерде буйрутма маалымат чыгат. Же иштен жок же башкадан жок ошолорго жооп берип жүрөсүң анан. Гезиттерде эле эмес, керек болсо органдарда жооп бермей.
Би-Би-Си: Дарыгер кереги жок же зарыл болбогон эле дарыны сатып ал, баланча жерден аласың деп “багыт” берген мисалдар абдан көп деп келбиз. Өзүңүз да күбө болдуңуз беле?
Т. Батыралиев: Системада жылчык болсо аны дароо пайдалана беришет. Бул бизде эле эмес, жөнгө сала албаган мамлектердин баарында ошондой. Ошондуктан мен айткандай Түркиянын же Австралиянын моделин карап көрүү ашыктык кылбайт. Европа же Америкада биздин врачтардай болуп каалаган дарыны эле жаза албайсың. Анын баары онлайн базада тургандыктан жеке номуру менен эле баары айдан ачык чыгып калат. Ал гана эмес, бул дары чындап ошол бейтапка жарамдуубу же жокпу деген жооп дагы чыгат. Ошого жараша жоопкерчилик каралат.
Антибиотик ичкен жокмун, сайдырган жокмун деген күндө дагы антибиотикке кабылышыңыз мүмкүн.

Дары-дармек катары эле эмес антибиотиктер башка жолдор менен да келет. Аны айыл-чарбада дагы билип-билбей колдонгондор аз эмес. Бул көйгөй дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстанда дагы бар. Мисалы соңку жылдары эле Кытай аарылардын организиминде антибиотик аныкталганын айтып, кээ бир ишкерлердин кыргыз балынан баш тарткан жайы бар.












