Коронавирустан кийинки синдром жана анын оор кесепети

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Covid-19 илдетинен айыгып чыккан дүйнөдөгү миллиондогон киши бир нече айдан кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жатат.
Кээ биринде дем кыстыгуу, алсыроо, даам сезбөө жана жыт билбөө сыяктуу кесепеттер кала берүүдө. Айрымдарында коронавирустун жок болуп кеткен симптомдору бир нече аптадан кийин кайра пайда болуп, кээде жаңы белгилер дагы кошулган фактылар бар. Башкаларында ковид башка органдарды жабыркаткан олуттуу өнөкөт ооруга айланып кетүүдө.
Окумуштуулар жана дарыгерлер эмне үчүн коронавирус жуктуруп алган кишилердин 10-15 пайызында "узакка созулган ковид" (дарыгерлер аны "ковидден кийинки синдром" деп аташат) кала бергенин түшүнүүгө аракет кылууда. Бул илдеттин азырынча аныктамасы жок.
АКШда буга кабылгандарды майыптык менен теңөө тууралуу чакырыктар айтыла баштады. Би-Би-Си окумуштуулар арасындагы айрым изилдөөлөргө токтолот.
"Бул катастрофа"
Москвалык Полина Т. Covid-19 илдетине өткөн жылдын күз айында кабылган. Сентябрда биринчи белгилери байкала баштаганда сасык тумоолоп калдым деп ойлогон. Үйүндө эки күн жатып, коронавируска тест тапшырат. Ага коронавирус жукканы белгилүү болот.
Полинага диагноз коюлгандын эртеси жыт сезбей калды. "Болгону менде алсыроо болду, температура 37,2 тегерегинде турду" дейт ал. Температура үч апта түшкөн эмес. Бул аралыкта Полина эки жолу тест тапшырды. Биринчисинде организмде вирус бар экени аныкталса, экинчисинде "таза" чыкты. Ошол экинчи тестти тапшырган учурда температурасы ордуна келген. Айыгып чыкты деген расмий чечимден кийин алсыроо, чарчоо, шалдыроо басат.
Даам сезүү жаңы жылга барып анан калыбына келген. Полина ошондон кийин толук айыгып чыктым деп кубанат. Анын кубанычы көпкө созулган жок. Бир аптага жетпеген убакыттан кийин анын жыт сезүүсүндө таң каларлык өзгөрүүлөр болду. Жыпар жыттар деле ага жагымсыз сезилчү болду. Полина муну "ачытылган, чириген жашылчалардын жыты" сыяктуу деп сүрөттөдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алгач, болгар калемпири ушундай жыттана баштаган, андан кийин башка азыктардан ушундай байкалат. Эң эле жийиркеничтүүсү кишинин денесинен, өзүнөн да, башка бирөөлөрдөн дагы сезе баштайт. Азырга чейин ушундай абалда жүрөм дейт ал. Өткөн жылдын январынан бери төрт ай өтсө дагы эч кандай жакшыруу байкалган жок. Тесттер болсо Полинанын организминде октябрдын орто ченинен бери вирус жок экенин көрсөтүүдө.
Полинадай абалда болгондор көп эмес, бирок биринчи дагы учур эмес.
Жыт сезүүнүн бузулушу "узакка созулган ковиддин" белгилеринин бири. Бул адистердин кеңири чөйрөсүнө белгилүү болду жана илимий адабияттарга кирди.
Албетте бул жагымсыз, бирок өлүмгө жеткирбейт жана толук айыгууга үмүт бар, дейт изилдөөчүлөр.
Covid-19дан "айыгып" чыккандан кийин дагы бейтаптарда симптомдор кала берген мисалдар көп. Маселен, 35 жаштагы адвокат Эшли Николь өзүнүн абалы тууралуу айтып берди.
"Бүгүн эрте менен 255-ирет өтө катуу баш оорудан ойгондум. Көзүм көрбөй, тамагыма айнектин сыныгы туруп калгандай, демим кыстыкты...".
Бул твитти өткөн жылдын декабрында жарыялаган. Эшли болсо коронавируска 2020-жылы март айында эпидемия жаңы башталган мезгилде чалдыккан эле. Ошондон бери айыкканы менен оорунун симптомдору кетпей койду.
14 айдын ичинде Эшлинин чачы түшүп, колдорунун териси дагы өзгөрүп, тырмактары карарып кетти. Бул "узакка созулган ковиддин" өтө сейрек кездешкен симптомдору. Бейтаптардын ар кимисинде ар башкача.
"Реалдуу көйгөй"
Улуу Британиянын саламаттык боюнча улуттук институту "Covid-19 илдетине чалдыккан маалда же андан кийин пайда болуп, 12 апта же андан узакка созулган, башка альтернативдүү диагноз менен түшүндүрүп бере албаган" абалды "узакка созулган ковидден" кийинки синдром деп атоону сунуштады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бир нече айдан бери "мындай белгилердин" тизмесин түзүүгө аракет кылууда. Бир караганда оңой көрүнгөнү менен бул өтө татаал.
Covid-19 аба аркылуу тарагандыктан биз аны жугуштуу респиратордук оору катары кабыл алдык. Вирус организмге ооз же мурун аркылуу кирип, жогорку дем алуу органдарын жабыркатат. Андан кийин "өпкөгө" жетет.
Бирок бир жыл мурун эле окумуштуулар жаңы канга жаңы вирус кирери менен ал тез арада бүт денеге жайылып, аялуу органдарга "сокку" ура турганын айтышкан. SARS-CoV-2 нерв тутумун, ичеги-карын, жүрөк-кан тамырдын иштешин бузууга жөндөмдүү экендиги далилденген. Демек Covid-19дун узак мөөнөттүү кесепети кайсыл жерде болсо дагы көрүнүшү мүмкүн.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Covid-19 пандемиясы менен күрөшүү боюнча башкы техникалык адиси Мария Вандын айтымында, акыркы учурларда көптөгөн бейтаптардан оорунун узакка созулуп кетиши боюнча даттануулар түшкөн. Ошондон кийин ДССУдан эч болбосо "ковидден кийинки синдромду" таанууга чакырыктар болгон. Бул бейтаптар ойлоп тапкан нерсе эмес экенин белгилешкен.
Бул маселеде ДССУнун позициясы бир жактуу.
"Биз бул реалдуу көйгөй экенин билебиз, -деди Би-Би-Си кабарчысына Ван. - Биз "Ковидден кийинки синдром" түрдүү органдарды жабырката турганын билебиз. Азыр биз системалуу түрдө маалыматтарды чогултууну уюштурууга аракет кылып жатабыз. Анын негизинде дарылоо протоколун иштеп чыгып, дүйнөнүн кайсыл жеринде болсо дагы керектүү жардам ала тургандай реабилитация протоколу иштелет".
Мария Ван Керхов белгилегендей, азырынча бир гана жагдай айдан ачык: "Бул чындыгында кооптуу вирус [...] Эгерде киши ковидди салыштырмалуу жеңил көтөрүп, оорудан тез айыгып кетсе дагы, анын кесепети узак убакытка чейин кала бериши мүмкүн".
Анын сөздөрүн статистика ырастап турат. Британиянын улуттук статистика кызматынын маалыматына караганда, Covid-19 диагнозу коюлган ар бир жетинчи бейтапта коронавирус симптомдору кеминде үч айга чейин созулган.
Ушул жылдын мартындагы маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча 110 млн. киши коронавируска чалдыкты. Мында улам кеминде дүйнө боюнча 15 млн. киши кайсыл бир деңгээлде "узакка созулган ковиддин симптомдору" менен жүрөт деп болжосок болот.
Тест жана эсептөөлөрдүн ар кайсыл өлкөдөгү көйгөйлөрүн эске алганда, бул сандар мындан жогору дагы болушу ыктымал. Британиянын өзүндө февралда эле 500 миңдей киши "ковидден кийинки синдром" тууралуу даттанган. Албетте, бул биринчи толкунда эле вирус жуктуруп алгандар арасында.
АКШнын Саламаттык боюнча улуттук институтунун жетекчиси Фрэнсис Коллинз апрель айынын аягында Конгрессте сүйлөп жатып, Covid-19 өнөкөт ооруларды пайда кылган америкалыктардын санын 3 миллион деп атады. "Улуттун ден-соолугу өтө чоң көйгөй болгондуктан, аны баалоо бир топ кыйын", - деди ал.
Алардын басымдуу көпчүлүгү (90%) инфекцияны жуктурганга чейин өнөкөт оорулары болгон эмес дейт изилдөөчүлөр.
Аутоиммундук илдеттер боюнча адис, PolyBio изилдөө фондунун жетекчиси Эми Проал Covid-19 - кесепети оор болгон оорулардын биринчиси эмес. Би-Би-Си менен интервьюсунда доктор Проал "узакка созулган ковиддин" төрт болжолдуу себебин атады.
Биринчиси: коронавирус курч баскычында кайсыл бир органды катуу жабыркатат. Курч фаза өткөндөн кийин дагы жабыркаган орган өз функциясын ар дайым эле толугу менен калыбына келтире албайт. Башкача айтканда, Covid-19 вируска түздөн-түз тиешеси жок өнөкөт ооруну козгойт.
Экинчиден: ПТР анализдери вирусту аныктай албагандыгына карабастан, ал бейтаптын денесинен толугу менен кетпейт. Тескерисинче, тигил же бул органда калат. Маселен, боор тканында же борбордук нерв системасында. Бул учурда вирустун өзү эле өнөкөт белгилерди пайда кылышы мүмкүн. Анткени ал органдын нормалдуу иштешине тоскоол болот. Мындай учурлар зика же эбола вирустарынан "айыгып" чыккан бейтаптарда байкалган.
Үчүнчү, коронавирус Sars-Cov-2 бала кезден организмдин иммундук тутумунун мүнөздүү параметрлерин бузуп, биздин организимде такай жашаган башка вирустарды чектеп турган интерферон-белокторунун сигналдарына таасир этет. Жыйынтыгында башка вирустар да өөрчүй баштайт.
Төртүнчү учуру, бул болжолу генетикага байланыштуу дейт изилдөөчү. Доктор Проал акырындап бейтаптын абалы жакшырат деген ишенимде турат.









