Коронавирус: Жаңы чектөөлөрдөн улам Европада ири каршылык акциялары

Брюсселдеги башаламандыктар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюсселдеги башаламандыктар. 21-ноябрь 2021

Белгиянын борбору Брюсселде коронавирус чараларына каршылык билдирип он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкты.

Көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткан полицияга айрым митингчилер фейерверктерди аткылашкан.

Демонстранттар негизинен коронавирус өткөрмөлөрүнө каршы болушту. Мындай өткөрмө менен эмделе электерге ресторандарга же барларга кирүүгө бөгөт коюлат.

Брюсселдеги акция Нидерланддардагы жаңы карантин эрежелерине каршы болуп өткөн митингден кийин болууда.

Ишемби күнү Гаагада адамдар полицияга фейерверктерди ыргытышып, велосипеддерди өрттөшкөн. Андан мурдагы түнү Роттердамда каршылык акциялары курчуп кетип, полиция ок чыгарууга чейин барган.

Миңдеген демонстранттар Австрияда, Хорватияда жана Италияда көчөлөргө чыгышып, жаңы тосмолордон улам нааразычылык күчөп кеткен.

Брюсселдеги полиция
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюсселдеги башаламандыктар. 21-ноябрь 2021

Белгияда беткаптарды тагып жүрүү боюнча эреже күчөтүлүп, ресторандарга кирүү үчүн коронавирус өткөрмөлөрү талап кылынып калды. Көптөгөн белгиялыктар декабрдын ортосуна чейин аптасына төрт күн үйлөрүнөн иштеп турушу зарыл. Ошондой эле, саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн вакцинаны милдеттүү кылуу пландары да бар.

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) континенттеги коронавирус учурларынын көбөйүп жатканына “аябай тынчсызданганын” айткан эле.

ДСУнун регионалдык директору, доктор Ганс Клюге Би-Би-Сиге билдиргендей, эгерде Европада чаралар күчөтүлбөсө, анда кийинки жылдын жаз айларына чейин жарым миллиондой адамдын өлүмү катталышы ыктымал.

“Covid-19 биздин аймакта кайрадан өлүмдүн номур биринчи себебине айланып калды”, - деди ал. “Вирус менен күрөшүү үчүн эмне кылышы керек экенин билебиз”. Мисалы, эмдөөдөн өтүү, беткап тагуу жана коронавирус өткөрмөлөрүн колдонуу.

Вирустун көбөйүүсү менен күрөшүү үчүн континенттеги көптөгөн өлкөлөр жаңы чектөөлөрдү киргизип жатышат. Бир нече мамлекеттер коронавирус учурлары бир күндө рекорддук көрсөткүчкө чыкканын кабарлашты.

Европада эмдөө көрсөткүчү

Демонстрациялар менен башаламандыктар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Нидерланддардын бир нече шаарларында ишемби күнү кечинде башаламандыктар чыккан.

Капюшончон митингчилер Гаагада велосипеддерди өрттөшүп, аларды кууп таратуу үчүн полиция жылкыларды, иттерди жана союлдарды колдонушкан. Расмийлер шаарга өзгөчө тартип киргизишип, бери эле дегенде жети киши кармалган.

Полициядан айтышкандай, бейтапты алып бараткан тез жардамдын терезесине таш атылган. Шаардагы расмийлер Twitter барагында жазышкандай, беш полиция кызматкери жаракат алып, тизесинен жаракат алган бир полицияны тез жардам алып кеткен.

Өлкөнүн башка аймактарындагы жогорку класстагы эки футболдук таймаш күйөрмандар оюн талаасына жүгүрүп чыгып алгандыктан токтотулган. Коронавируска байланыштуу жаңы эрежелерден улам күйөрмандарга стадиондорго кирүүгө тыюу салынды.

Аталган башаламандыктар Роттердамдагы митингдерди улай болгон. Шаар мэри окуяны “зордук-зомбулук оргиясы” болду деп айыптаган. “Кырдаал жашоого коркунуч туудурган деңгээлге жеткендиктен” полиция эскертүү иретинде ок чыгарганын полициянын өкүлү Рейтер маалымат агенттигине билдирген.

Октон жаракат алган бери эле дегенде үч митингчи ооруканага жаткырылганын полициядан маалымдашты. Бийлик өкүлдөрү иликтөө иштерин башташкан.

Коронавирус учурлары рекорддук чекке чыгып кеткенден кийин өткөн аптада Нидерланддар үч аптага созулган жарым жартылай карантин жарыялаган. Барлар менен ресторандар кечки саат сегизде жабылышы керек. Ал эми спорттук иш чараларда адамдардын топтолушуна тыюу салынган.

Роттердамдагы башаламандыктар

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Митингчилер Роттердамдын негизги соода аймагын өрттөштү

Өкмөт өлкө боюнча жаңы карантин чараларын жана 2022-жылдын февралынан тарта эмдөөнү милдеттүү кылуу боюнча планын жар салгандан кийин Австриянын борбору Венада он миңдеген адамдар карышылык билдирип көчөлөргө чыгышты. Бул эмдөөнү мыйзамдуу түрдө милддеттендирген Европадагы алгачкы өлкө.

Өлкөнүн байрактарын жана “Эркиндик” деп жазылган көрнөктөрдү булгалаган митингчилер “Каршылык!” деп кыйкырып, полицияга сүр көрсөтүштү.

Австрияда дүйшөмбү күндөн тарта 20 күнгө созулган карантин киргизилип, керектүү гана дүкөндөрдөн башка бардык жерлер жабылууда. Адамдарга үйлөрүнөн иштөөгө буйрук берилди.

Эмдөөнү милдеттендирүүнү Европанын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Андреа Аммон “кош миздүү кылыч” деп сүрөттөдү.

Ал Би-Би-Сиге билдиргендей, катаал чаралар эмдөөдөн дале күмөн санап жаткан - бирок толугу менен четке какпаган - адамдарды андан толугу менен жүзүн бурууга түртүшү мүмкүн.

Хорватияда миңдеген адамдар борбор шаар Загребде жөө жүрүшкө чыгып, мамлекеттик сектордо иштегендерге вакцина алууну милдеттендирүүгө нааразычылыгын билдиришти. Италияда болсо бир нече миңдеген демонстранттар Римдеги байыркы Чоң Цирк жарыш аренасына чогулуп, жумушта, иш-чара өткөн жерлерде жана коомдук транспортто талап кылынган “Жашыл өткөрмө” сертификатына каршы чыгышты.

Европада коронавирус күчөөдө

Франциянын бийлиги Кариб аралындагы өзүнүн Гваделупа жергесиндеги башаламандыктарды басуу үчүн ондогон полиция кызматкерин жөнөттү.

Франциянын коронавирус өткөрмөлөрүнө каршы акциялар зордук-зомбулукка айланып кеткенден кийин түн ичиндеги башаламандыктарда мародерлор ондогон дүкөндү талоонго алышып, бизнестерди өрттөп салышкан.

Ички иштер министри Жералд Дарманиндин айтымында, тополоңго тиешеси бар айрым адамдар тартип сакчыларына каршы “согуштук патрондорду” колдонушкан жана коомдук тартипти бузгандарга каршы “катуу” жооп берилмекчи.

Британиянын саламаттык сактоо министри Сажид Жавид билдиргендей, учурда Британия менен Германиянын ортосундагы - Германиядагы коронавирус учурлары көбөйүп жатканына байланыштуу - саякат эрежелерине өзгөртүү киргизүү планы жок.

Себеби, анын айтымында, Германия дельта варианты менен күрөшүп жатат.

“Бизде дельта эбак эле катталган. Эрежелерди көбөйтүүнүн көп деле пайдасы бар деп ойлобойм. Бирок жаңы варианттар чыгып кетиши мүмкүн экенине көз салып турабыз”, - деди ал. (EA)