Медайым вакцинанын ордуна зыянсыз эритме сайганбы?

Сүрөттүн булагы, AFP
Түндүк Германиядагы бийлик өкүлдөрү 8 миңден ашуун тургунга ковид вакцинасын кайрадан алууну сунушташты. Себеби, медайым вакцинанын ордуна көпчүлүк учурда зыянсыз эритме сайган деп шектелүүдө.
Полиция Түндүк деңиз жээгине жакын жайгашкан Фрисландагы эмдөө борборунда иштеген медайымдын аракеттерин териштирүүдө.
Башында аталган борбордо болгону алты киши ушул жылдын март жана апрель айларында зыянсыз аралашманы алганы айтылган.
Алардын көпчүлүгүнүн жашы 70тен жогору болгон. Бул курак пандемия маалындагы тобокелдүү топко кирет.
Инспектор Питер Биир Süddeutsche Zeitung гезитине айтып бергендей, коомдук желеде 40 жаштагы аял мамлекеттин вирустун жайылышын токтотууга багытталган чектөө чараларын сындап, “корона үчүн маанилүү болгон маалыматтарды” бөлүшүп жүргөн.
Аймактагы НДР медиа компаниясы кабарлагандай, 8,557 кишиге кайрадан эмдөөдөн өтүүнү айтышкан жана 3,600дөй тургун жаңыдан эмдөөгө жазылган.
Медайым вакцинанын флаконун жерге түшүрүп жибергенин жаап жашыруу үчүн апрель айында алты кишиге зыянсыз эритмени сайганын мойнуна алган.
Бирок полициянын иликтөөсү аныктагандай, Pfizer/BioNTech вакцинасынын ордуна зыянсыз аралашманы алгандардын саны алда канча көп болуп чыккан.
Полиция медайымдын аракеттеринде кандайдыр бир саясий мотив бар экенин жокко чыгарды. Медайымдын жактоочулары дагы мындай вариантты четке кагышып, бирок зыянсыз эритменин масштабы боюнча макул эместигин билдиришкен.
Көптөгөн күбөлөрдөн көрсөтмөлөр алынууда. Азырынча бул иш боюнча эч кандай чечим чыга элек. Германия эмдөөгө каршы көп эле акцияларга күбө болгон.
Ашынган оңчул топтор расмий маалыматтар менен ковиддин жайылышы боюнча тыянактарды кабыл албагандардын бири болуп эсептелет.
Кыргызстанда эмдөө иштери
Кыргызстанда азырынча эмдөөгө каршы акциялар байкала элек. Бирок вакцина процесси солгун жүрүп жаткандай.
Өлкө калкы 6,5 миллионду түзсө, анын 3,4 миллиону коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон топко кирет.
Азыркы күндө Кыргызстанда вакцина алгандар 800 миңден ашты. Анын ичинен 230 миңден ашууну вакцинанын эки дозасын тең алгандар. Бул эмдөөдөн өтүшү керек болгондордун болжолдуу 30% түзөт. Жалпы иммунитетке жетүү үчүн жок эле дегенде калктын 70% вакцина алышы керек болот.
Учурда кыргызстандыктарга AstraZeneca, Sinopharm, QazVac жана “Спутник V” вакциналары жеткиликтүү. Күз айларында Pfizer вакциналары алынып келери күтүлүүдө. (EA)









