Окуучуларды коронавирустан эмдөө керекпи?

Ковид-19дан вакцина алып жаткан бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Си Бишкек бюросунун редактору

Жаңы 2021-2022 окуу жылында мектептер окутууну кадимки (оффлайн) жол менен жүргүзүш үчүн мугалимдердин 70% ковидге каршы вакцина алышы керектигин билим берүү министрлиги айтты. Мугалимдерди эле эмдөө жетиштүү болобу же окуучулардын ден соолук коопсуздугун камсыздоо үчүн балдарды дагы коронавируска каршы эмдөө керекпи, керек болсо, аны кандай жүргүзсө болот деген сурооорго жооп издеп, молекулярдык биология жана молекулярдык медицина боюнча адис Болот Калмырзаевге кайрылдык.

Балдарды эмдөө - кеңири жайылган көрүнүш

Негизи балдарды эмдөө - кеңири жайылган көрүнүш: кызамык, паротит, полиомиелит, дифтерия, ротавирус, менингиттин түрлөрү, көк жөтөл... тизмени уланта берсек болот. Эмдөөлөр ымыркайга бир ай толо электе эле башталат.

Анда Ковид-19га каршы дагы эмдесе болобу?

Дүйнө өлкөлөрүндө буга болгон көз караштар ар түрдүү. АКШ 12-15 балдарды коронавируска каршы иммундаштырууда. Коопсуздук көрсөткүчтөрү жакшы чыгып, эмки жылы мындан дагы жаш балдарды эмдөөгө жол берилет деген үмүт бар. Британияда тескерисинче 12-17 жашар өспүрүмдөрдү эмдөө чечими жакынкы учурда сунушталышы дээрлик күтүлбөйт дешет.

Бул жерде жообу татаал, өлкөдөн өлкөгө айырмаланган - вакциналоо балдардын өмүрүн сактайбы - деген илимий маселе бар.

Ошондой эле, балдарга жумшалган вакциналар башка өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо кызматкерлерине жана аялуу топтордогу улгайгандарга берилсе туура болмок беле деген моралдык-этикалык суроо дагы түйшөлтпөй койбойт.

Балдарды вакциналоо керекпи?

Болот Калмырзаев, молекулярдык биология жана молекулярдык медицина боюнча адис.

Сүрөттүн булагы, Болот Калмурзаев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болот Калмырзаев, молекулярдык биология жана молекулярдык медицина боюнча адис.

Би-Би-Си: Болот мырза, айтсаңыз, балдар мектепте коопсуз окуй алышы үчүн аларды КОВИД-19 каршы аларды жапырт эмдөөдөн өткөзү керекпи?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болот Калмырзаев: Балдарды эмдөөнүн керектигин эки өңүттөн алып карасак болот:

  • Эң алды, балдардын өзүн иммундук коргоо чарасы;
  • Экинчиден, “жалпы иммунитет” иштеп чыгуу аракетинин бир бөлүгү.

Балдардын өзүн иммундук коргоо чарасы катары

Балдар COVID-19 менен ооруп калган күндө деле, чоң кишилерге салыштырмалуу, дээрлик бардык учурда, жеңил, симптому аз же симптомсуз түрүндө өткөрүшөрүн көрсөткөн изилдөөлөр бар.

Балдар арасында COVID-19 менен катуу ооруган же андан көз жумган учурлар өтө сейрек. Балдардын КОВИД-19 менен ооруган 4.2 млн. учурун изилдеген, учурда эң масштабдуу статистикасы бар, Американын педиатрлар академиясынын маалыматына ылайык, бул илдет тастыкталган балдарды бейтапканага жаткыруу деңгээли 2% тегерегинде. Же ооруп калган 100 баланын экөөсү гана бейтапканага жаткырууга муктаж дегенди түшүндүрөт.

Ошондуктан балдардын ооруну жугузуу, бейткапканга алынуу жана өтүп кетүү коркунучу төмөн болгондуктан, ковидге каршы вакциналоо - балдардын өзүн коргоо чарасы катары, өзүн жетиштүү актабайт деп айтсак болот.

Бул көз караштан алганда, маселе абдан талаштуу болуп, эксперттердин пикири ажырым кетти. Вакциналоону өнөкөт оорусунан улам иммундук коргону алсызданган, майыптыгы бар, жакындары катуу коронавирус болуп ооруп жаткан балдарга сунуштаса болот. Мындай балдарды эмдөө ар биринин шарттына жараша жекече чечилиши керек.

“Жалпы иммунитет” иштеп чыгуу аракети катары

Жалпы (жамааттык) иммунитет иштеп чыгуу үчүн жашы жеткендерди эле эмдеп чыккан жетиштүү деген пикир бар. Былтыр жалпы иммунитет пайда болушу үчүн вируска коргону барлар элдин 60-70% түзсө жетиштүү болот деп эсептелүүчү. Азыркы учурда, жалпы иммунитет болушу үчүн көрсөткүч 85%дан кем эмес болушу керектигине эксперттер макул боло башташты.

Учурдагы демографиялык статистикага ылайык, 18 жашка толо электер планетадагы калктын 30.2% ашык бөлүгүн же 2.35 млрд. кишини түзөт. Демек, Жер шарындагы жашы жеткен ар бир кишини эмдеп чыкканда дагы, керектүү 70% топтолбой калып жатат. Вакцина алуудан баш тарткандарды эсепке алсак, Жер калкынын жалпы иммунитет жаратуу аракети ишке ашарына күмөн жаралууда.

Бул өңүттөн алып караганда, 18 жашка толо электерди вакциналоо бизди "жалпы иммунитет” жаратууга жакындатмак. Биздин өлкөдө жашы 15ке толо электер элдин 29.3% түзгөндүктөн, балдарды эмдөө “жалпы иммунитет” жаратуу аракети үчүн маанилүү болмок.

Коронавирустан вакцина алуу кезегени күтүп отурган америкалык өспүрүмдөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ 12-15 балдарды коронавируска каршы иммундаштырууда.

Кытай вакциналарын балдарга сайса болобу?

Би-Би-Си: Балдарды ковидге каршы эмдетүү керек десек, анын кандай тобокелдиктери бар? Өлкөбүздө колдонулуп жаткан Кытайда өндүрүлгөн вакциналарды балдарга колдонсо болобу?

Болот Калмырзаев: Вакциналоо тууралуу чечим кабыл алганда, балдарды эмдөөдө дагы, анын кыйыр таасирлери жаратуучу тобокелдерди эске алуу керек. 100% коопсуз дары болбосун эске алып, анын бере турган пайдасы менен тобокелдерин дайым салмактай жүрүшүбүз керек.

Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналарынын тобокелдиктери

Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналары жүрөк булчуңдарын (миокардит) же жүрөктүн чел кабыгын (перикардит) сезгенткен өтө сейрек учурлар байкалганы жазылат. Мындай учурлар жаштар арасында вакцинанын экинчи ченемин алгандан кийин байкалган. ЕМАнын (Европанын дары каражаттары боюнча агенттиги) эсебине ылайык, мындай учурлар 1 миллиондон 1-2 жолу жолугат. Катталган мындай учурлардын баары бейтаптардын толук айыгуусу менен аяктаган. АКШнын жана Европанын алдыңкы эксперттери жана регуляторлору, так жана ишенимдүү илимий берилиштерге таянып, вакцина алуунун пайдасы анын тобокелдерине караганда көп эсе артык деген пикирге келишкен.

18 жашка толо элек балдарды вакциналоо статусу

АКШ 12-15 балдарды коронавируска каршы иммундаштырууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Болот Калмырзаев: Вакциналоо маселесинде дайыма эки аспект болот – вакцинанын эмделүүчүгө коопсуздугу жана вакцинанын тийиштүү инфекциядан коргоо натыйжалуулугу.

Бүгүн дүйнө жүзүндө кеңири пайдаланылып жаткан вакциналардын баарынан клиникага чейинки (КЧ) жана клиникалык сыноолордун (КС) тийиштүү үч баскычынан өтүү талап кылынган. Минималдуу түрдө клиникалык сыноолордун 3 баскычы талап кылынат. Ушул эки аспекттен алганда, вакцина коюлган критерийлерге толук жооп бере тургандыгын далидери менен көрсөтүп бериши керек. Мындай сыноолордон өткөндөн кийин гана вакцина элди массалык эмдөө үчүн колдонууга уруксат алышы мүмкүн.

Бүгүнкү күнү мындай клиникалык сыноолор 18 жаштан ашкандардын катышуусу менен гана өткөн. 12 жаштан улуу балдардын катышуусу менен өткөзүлгөн клиникалык сыноолордун натыйжасын ачык жарыя кылган вакциналар экөө эле. Бул Pfizer-BioNTech жана Moderna компанияларынын мРНК-вакцинысы. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы аталган вакциналар балдар үчүн 100% натыйжалуу экендигин жана жеңил өтө тургандын көрсөткөн.

Европа Биримдигинде бул эки вакцинага 12 жаштан улуу балдарга колдонуу үчүн формалдуу уруксат берилген. АКШда бул жаш курак тобу үчүн колдонууга Pfizer-BioNTech вакцинасына гана уруксат берилген.

Кытай регуляторлору июнь айында Синовак (Sinovac) вакцинасын 3 жаштан улуу балдарга колдонууга шашылыш уруксат (уруксат берүүнүн атайын категориясы) берди.

Pfizer-BioNTech вакцинасынын 12 жаштан улуу балдарга колдонууга уруксат берген өлкөлөр:

АКШ, Канада, ЕБ, Британия, Швейцария, Сан-Марино, Израиль, БАЭ, Индонезия, Жаңы Зеландия, Гонконг, Сингапур, Япония, Филиппин, Мексика, Бразилия, Чили.

Бул өлкөлөрдө, кийин башкалар чечим кабыл алуусу үчүн керек болуучу балдарды вакциналоо, биринчи кезекте, алардын натыйжалуулугу жана коопсуздугу тууралуу маалымат чогултуу жигердүү жүрүүдө.

Ошол эле учурда мындан жаш балдарды эмдөө боюнча ушул жана башка вакциналар клиникалык сыноолорду өткөзүшүүдө. Коопсуздугунун изилдегенден тышкары, вакциналар балдарга колдонуу үчүн ылайыкташтырылат – вакцина модификация болот, эмдөө схемалары оптималдаштырылат, натыйжалуу ченемдери изилденет.

Бүтүм

Болот Калмырзаев: Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, бардык ОҢ жана ТЕРС жүйөөлөрдү салмактап көрүп, 12 жаштан 18 жашка чейинки балдарды клиникалык сыноолордун бардык тийиштүү баскычтарынын өткөн, алдыңкы өлкөлөрдүн уруксатын алган вакциналар менен эмдөө биздин өлкө үчүн туура чечим болмок деп эсептейм.

Бул чара - балдардын, мектеп окуучуларынын коопсуздугун эле эмес, мугалимдердин ден соолугун коргоо үчүн дагы иштейт. Анткени балдар инфекциянын алып жүрүүчүлөрү болушу мүмкүн.

Ошондуктан, бул биз балдарыбызга мектепке барып окуу мүмкүнчүлүгүн тартуулай ала турган, биз тил табышып кыла алуучу чакан келишим. Бул балдар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы, ата-энелер үчүн дагы пайдалуу чечим. Тараптар тил табышып, бири-биринин ден соолугуна кам көрүп, урматтаса баарыбыз үчүн жакшы болмок.

Адистин таржымалы

Билими:

  • Н.И. Пирогов атындагы Москва медициналык институтунун бүтүрүүчүсү, медик-биолог, Москва, 1988-1994.
  • Д.И. Ивановский атындагы РМИАсынын (РАМН) вирусология боюнча илимий изилдөө институтунун жана РИАнын молекулярдык генетика институтунун "Молекулярдык биология", “Вирусология” адистиги боюнча аспирантурасы, Москва, 1994-1999.

Кесиптик жолу:

  • Миррахимов атындагы УКТБ, Бишкек, 1999-2002, 2012-2014;
  • Imperial College London, Лондон, УБ, 2002-2005;
  • University of Cambridge, Кембриж, УБ, 2005-2010;
  • Institute of Cancer Research, Лондон, УБ, 2010-2012;
  • Глобалдык фонд долбоору, ВИЧ/ТБ, БУУӨП, Бишкек, 2014-2017;
  • CDC, Кыргыз Республикасындагы кеңсеси, Бишкек, 2017- азыркы учур.

Коронавирус тууралуу дагы окуңуз