Аллергиям бар, вакцина алсам болобу?

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Вакцина талкуусу күчөдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бирлери вакцина тукумсуздукка алып келет десе дагы бирлери эмдөдөн кийин денесине магнит жабышып жатканын жазып талаштуу талкууну күчөттү

Коронавируска каршы эмдөө уланууда. Республикалык штаб вакцина сайдыргандардын саны тездик менен көбөйүп жатканын айтууда. Бирок, ошол эле учурда “эмдөөдөн өткүлө деп мекеме жетекчилери кол алдындагыларды мажбурлап, өнөкөт ооорусу барларга деле ошондой талап коюп жатышат” деген талкуу күчөдү.

Республикалык эмдөө борбору 200 миңден ашуун киши эмделгенин билдирди. Жакында эле Кытайдан вакцинанын 1 миллион 250 миң дозасы келгенден тарта ооруканаларда эле эмес, ачык асман алдында эле атайын жайларды уюштура салып, эмдөө уланып жатат. Айрымдары мындай шарт абдан ыңгайлуу экенин айтса дагы бирлери тымызын да ачык да вакцина сайдыргыла деп мажбурлоо башталды деп жатат.

Вакцина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирус чыккандан тарта Кыргызстанда 2186 киши көз жумду. Айрым адистер чыныгы сан мындан алда канча көп экенин айтып келишет

“Аллергиям бар, эмдөөдөн өтсөм болобу?” деген суроону узаткандар интернетке байма-бай жазып жатканын байкоого болот.

Адегенде аллергия деген эмне, ал кантип пайда болот дегенге токтололу.

Биз Лондондогу королдук коллеждин педиатрия факультетинин улук лектору, доктор Александра Сантостун илимий изилдөөсүнүн негизинде жазылган макаладан мисал келтирели.

Аллергия - бул биздин организмдин кээ бир заттарга карата курч реакциясы. Мындай заттар аллерген деп аталат.Аллергендер аллергиялык реакцияга алып келет. Дене кызарып, кычышып, кээде куску келип, диарея болуп, дем алуу кыйындап же анафилактикалык шок сыяктуу симптомдор пайда болот.

Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө аллергия азыраак учурай турганы маалым. Ошондой эле аллергиялык реакция айылга караганда шаар жеринде көп. Муну абанын булганышы, диета жана шаар тургундарын курчаган микробдор аз экени менен түшүндүрсө болот. Мунун баары биздин иммундук системага таасир этпей койбойт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болжолдуу себептери

Биздин планетанын калкы эмне үчүн аллергиядан жабыркап жатканы жөнүндө суроого так кесе жооп жок. Бирок бир нече илимий теория бар.Анын бири боюнча өнүккөн өлкөлөрдөгү тазалык күнөөлүү: балдар бактериалдык инфекцияларга сейрек чалдыгат, алардын организминде зыяндуу микробдор менен паразиттер аз.Биздин организмде паразиттерге каршы ошол эле аллергиялык реакцияларга жооптуу механизмдер күрөшөт. Биздин организмде паразиттер аз болуп калганда, иммундук система организм үчүн коркунуч келтирбеген субстанцияларга реакция жасай баштайт.

Дагы бир теория боюнча витамин D биздин иммундук системага дүүлүктүргүчтөргө туура реакция иштеп чыкканга жардам берет, демек бизди аллергиядан куткарат.

Би-Би-Си аллергиясы барлар ковидге каршы вакцина алса болобу деп дарыгерге кайрылды.

“Дары-дармекке аллергиясы бар болсо мисалы, антибиотик алып же дары ичсе аллергиясы кармаса анда кылдат мамиле кылып, эрежелерди так карманганы туура. Турмушта кездешкендей тамак-ашка, чөп-чарга, чаңга аллергиясы болсо ковидге каршы вакцина сайдыра берсе болот. Кокус астмасы болуп дем алуу органдары жабыркаса анда өзүнүн дарыгерине барып кеңешкени оң. Себеби, ал бейтаптын аллергиясынын генезин дарыгери билет да. Жалпылап айтканда дарыдан аллергиям кармайт дегендерге вакцина сунушталбайт”,- дейт Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова.

Вакцина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер вакцина көп өлкөлөрдө вирустун таралышын кескин төмөндөткөн мисалдарды далил катары келтирип жатышат

Вакцинага байланышкан талкуу түрдүү имиш, ушак айыңдар менен да коштолуп жатат. Кээ бирлери вакцина тукумсуздукка алып келет десе дагы бирлери эмдөдөн кийин денесине магнит жабышып жатканын жазып чыкты. Адистер учурда Кыргызстанда вирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат дешет. Алардын эсеби боюнча калктын 70 пайыздан ашуунунда антидене калыптанганда гана коркунуч басаңдайт деп жатышат. Соңку суткада Кыргызстанда 1289 киши вируска чалдыгып, он бир киши вирустан көз жумду.