Эмдөөнүн деңгээли жогору мектептер гана офлайн окутат

Мектеп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жаңы окуу жылында мугалимдер 70% ковидке каршы эмдөөдөн өткөн мектептерде жана окуу жайларда гана окуу процесси реалдуу режимде башталат. Бирок, ошол эле убакта, бул маселенин оң чечилиши ошол жердеги санитардык-эпидемиологиялык абалга да жараша болот. Бардык ата-энелерди кабатыр кылып жаткан маселе боюнча бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги ушундай жооп кылды.

"Дарыгерлер медициналык себептер менен вакцина алууга болбойт деген мугалимдер кайсы бир мектепте отуз пайыз же андан да аз болушу мүмкүн. Бул жерде, албетте, дарыгерлерди угуш керек, мугалимдердин ден-соолугу биринчи орунда болуш керек. Эгерде кайсы бир мектепте педагогикалык кызматкерлердин 70% же андан көбү вакцина алган болсо, ага кошумча мектепте минималдуу санитардык -гигиеналык шарт түзүлгөн болсо, ошол мектеп офлайн режимде иштеп баштаганга шарт бар деген сөз",-деди министрдин орун басары Надира Джусупбекова.

Бирок бул маселе биротоло августтун ортосунда мугалимдердин кесиптик кеңешмесин утурлай чечилет. Азыркы убакта анын алгоритмин тактоо боюнча министрлик иш алып барууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдөгү мугалимдердин 70% эмдөөдөн эч кам санабай өтө алат деген экен, ал эми калганы кандайдыр бир өнөкөт оорусуна байланыштуу вакцина албай калышы мүмкүн. Азыркы убакта мугалимдердин эмдөөдөн өткөнү алтымыш пайыз деген маалымат айтылды.

Ошол эле убакта мугалимдерди эмдөөдөн өткөрүүдө күчкө салмай болбойт, түшүндүрүү иштери күчөтүү жолу менен жүргүзүлөт деп жатат жетекчилер.

"Мажбурлап коркутууга эч качан барбайбыз, бирок түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, бир да мугалим четке качпайт деп ойлойм",-деди министр Болотбек Купешев.

Кыргызстандын мектептери 2020-жылы пандемия башталганда эле аралыктан окууга өткөн, кийинки окуу жылында жашыл зонадагы мектептерге реалдуу режимде окууга уруксат берилди. Кызыл зонадагы аймактар, анын ичинде Бишкекте 1-5-9-11- класстарга гана уруксат болду.

Тоо арасындагы мектеп окуучусу

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Аралыктан окутуунун эки жылдык тажрыйбасы билим сапатына чоң зыян болгонун көрсөттү деди Би-Би-Сиге мурунку билим берүү министри, профессор Ишенгүл Болжурова.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Жеке менчик мектептер балдарды офлайн окутуп атышты. Бул аз. Ал эми 800 миң, 900 миң бала онлайн окуганда же телевизордон жакшы карашкан жок, же интернеттен жакшы окуган жок. Абдан көп баланын билим сапаты артка кетти. Өзгөчө айылдык мектептерде, тоолуу райондордо, интернет жетпеген жерлерде билим берүүнүн деңгээли аябай түштү. Мына Норвегияда, Швецияда мектептерди ачып коюп окутуп эле атышат. Менин оюмча баарын тең офлайнга өткөрүш керек”,-деди мурунку министр.

Аралыктан окутууда окуучулардан мурун мугалимдин санарип билим деңгээли жеткиликтүү болушу керек экени талашсыз. Бирок он мугалимдин биринин гана тийиштүү даярдыгы бар учурда билим берүүнүн сапаты кандай болору түшүнүктүү.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору жүргүзгөн изилдөөгө катышкан мугалимдердин 9% гана ар кыл компьютердик жана онлайн-программаларды жогорку деңгээлде колдоно аларын белгилешкен. Ал эми респонденттердин 26% компьютер колдонууда башка адамдардын жардамына муктаж экенин мойнуна алышты.

Технологияларды колдонууну билүүдө өзгөчө айылдагы кыргыз тилдүү мектептердин мугалимдеринин деңгээли төмөн. Орус тилинде окуткан мугалимдердин 14% технологияны колдоно билсе, ага салыштырмалуу кыргыз тилде окуткан мугалимдердин көрсөткүчү эки эсе төмөн - 7% гана түздү. 

Баткен облусунда жети үй-бүлөнүн биринде гана компьютер же планшет бар, ал эми интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ар бир эки үй-бүлөнүн бири гана ээ. Бул тууралуу атайын жүргүзүлгөн иликтөөдө белгилүү болду дейт MediaNet эл аралык журналистика борбору.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жалпы алганда 27% үй-бүлө гана компьютер же планшетке ээ болгон. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү орточо эсеп менен алганда үч үй-бүлөнүн экөөсүндө гана бар (70%).

Мугалимдердин жана окуучулардын санариптик көндүмдөрү төмөнкү деңгээлде экенин эске алганда жана буга натыйжасыз окутуу системасы кошулганда, мунун бардыгы акыры келип республикадагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу теңсиздиктин ажырымын ого бетер чоңойтту деп белгилеген иликтөөчүлөр.

Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, айрыкча алыскы райондордо жашаган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, азчылыктардын жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын балдары оор абалга кептелди. (КС)