Зардалы зарыга күткөн интернет

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Зардалыга интернет жеткирүү аракети. Күн нурунан электр энергиясын алуу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зардалыга интернет жеткирүү аракети. Күн нурунан электр энергиясын алуу.

1999-жылы Баткен согушу башталганда Кыргызстандын булуң-бурчундагылар Зардалы деген айыл бар экенин далай эшиткен. “Жолу аябай татаал экен, “сакалчандар” эшек менен барыптыр” деген уу-дуу кептер далай айтылчу. Бир аздан соң Илон Масктын интернет таратуучу долбоору тууралуу да кеп болот, ага чейин сөздү Зардалыдан баштайлы.

Бишкектен Баткен шаарына чейин 731 км, андан ары Зардалыга 125 км. Бирок ушул 125 км кууш, таштак, жар бойлоп жүргөн кыйын-кезең жол деп жергиликтүүлөр айтып, сүрөттөрүн жарыялап жүрөт.

Зарыл ишиң болбосо Зардалыга эмне бар?

Тамаша-чыны аралаш ушундай сөз айтылып эле келет. Эгер ошончолук татаал жол, шарты катаал болсо ал жерде эмне бар дегендерге жергиликтүүлөрдү жообу даяр. Алардын жообуна караганда бул айылдын да өзүнчө бир керемети бар. Ошондон улам канткенде ал жерди туристтерге кызыктуу аймак кылабыз деп изденгендер да жок эмес. Күн жылуу мезгилде айыл калкынын саны 1500ге чейин жетет. Айылдын чакан мектеби да бар. А жазында Зардалынын жайыттарына миңдеген мал жайылат. Бирок, асфальт жол, же газ турсун электр энергиясы, уюлдук байланыш, интернет да жок.

Зардалы айылынын тургуну
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зардалы айылынын тургуну

Ушундан улам демилгелүү активисттер менен жергиликтүү эл интернет жеткирүү маселесине билек түрүнө киришти. Ал жерге бир нече ирет барып келген инженер, көргөн билгендерин Би-Би-Сиге баяндап берди.

“Башка эле долбоор менен барып, Зардалыны өз көзүм менен көрдүм. Телефон тартпайт деген айылдарда деле кайсы бир дөбөгө чыга калып байланышса болот. Зардалыда андай эмес. Кимдир бирөөгө телефон чалуу үчүн атайын жол басып, айылдаштар 500 сом акча төлөп, машине жалдайт. Антена чыккан жерден сааттап сүйлөшүп, анан кайра кетмей. Өтө шашылыш болуп калса же акчасы жок болуп калса эмне болот?”,- дейт долбоордун техникалык инженери Эржигит Имамов.

Зардалы айылынан бир көрүнүш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зардалы айылынан бир көрүнүш

Ал азыртадан аракеттер болбосо айылдын келечеги оор болуп калат деп эсептейт.

“Жашоо өзгөрүп жатат. Мурун жол же дагы башка бир шарт болбосо мейли деп чыдап жүрө беришкен. Азыр андай эмес. Интернет эле эмес, шарт болбосо элди, өзгөчө жаштарды ал жерде кармап туруу кыйын да. Байланыш болсо азыр кандай зарыл экенин түшүндүрүүнүн кажети да жок. Ал жерде электр энергиясы менен камсыздоо маселеси турат. Мындай түйшүктү бир да провайдер алгысы келбейт. Ошондуктан айыл эли өз моюнуна алды. Күн панелдери менен электрди камсыздайбыз деп турабыз. Буюрса иш бүтүп калды. Эми жыштыкттын уруксаты, лицензия деген сыяктуу мыйзам менен байланышкан иштер калды”,- дейт Эржигит Имамов.

Мамлекттик байланыш агенттиги болсо демилгечилер бул ишти “Кыргызтелеком” менен чогуу ишке ашырып жатканын айтып, активисттер тынчсыздана турган себеп жок экендигин билдирди.

Инженер айткан мыйзамга байланыштуу маселелер чечилсе Зардалынын тургундары да дал ошол айылдан туруп, дүйнөнүн төрт бурчуна өздөрүнүн тоолуу айылын көрсөтө алышат.

Тоо коюнундагы Зардалы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоо коюнундагы Зардалы

Илон Масктын "илеби" Кыргызстанга тиеби?

Илон Маск

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илон Маск
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандыктар бензини жок жүргөн "Tesla" унааларын чыгарган компанияны, анын негиздөөчүсү Илон Маскты жакшы билет. Илон Масктын дал ушундай жетүүгө кыйын болгон, зым (оптикалык була) тартып барууга өтө татаал аймактарга интернет жеткирүү долбоору да бар. Ал "Starlink" деп аталат. Ал Жерге жакын жайгашкан спутниктер аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет таратууну көздөйт. Ал интернеттин сапаты атайын кабелдер аркылуу таратылган интернеттин ылдамдыгына жакын болот. Бул жөнөкөй айтканда бир учурда телевизор көрүү үчүн ар ким өз алдынча спутник антеналарын орнотуп, ондогон телеканалдарды көргөнгө барабар. Адистердин айтымында, "Starlink" интернет жеткирүүдө түмөн түйшүктөн эле эмес, эбегейсиз чыгымдардан да куткарат.

Аталган компаниянын өкүлдөрү дагы жакында эле Кыргызстанга келип, тиешелүү жетекчилер менен жолугуп кетти. Бирок, азырынча ал компаниянын Кыргызстанга келген өкүлдөрү менен кайсы багытта, кандай мазмунда сүйлөшүүлөр же макулдашуулар болгону толук белгисиз.

"Starlink" интернетинин сигналын Кыргызстанга кондуруу үчүн жыштыктарга лицензия алуу керек болобу? Же бир кезде эл өз алдынча үйүнө спутниктин сигналын кармаган табактарды орнотуп алып телевизор көргөндөй жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта жүргүзгөнгө уруксат берилеби? - аны Мамлекеттик байланыш агенттиги азырынча так айткан жок.