Аралыктан окуу: сабакка даярсыңбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Коронавируска байланыштуу карантин кырдаалы окуу жайларда санарип технологияларын киргизүүнү тездетти,-деп билдирди бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.
8-апрелден тарта бүт өлкө боюнча бардык окуу жайлар аралыктан окутууга өтүшөт.
Онлайн сабак машакаты
"Балдар, микрафонду өчүргүлө, монитордогу сүрөттү чийбегиле. Ашыкча нерсе кылбайбыз. Мен азыр силерге түшүндүрөм, анан иштеп баштайбыз. Эгер ушундай кылсаңар, анда онлайн сабак өтүлбөй калат".
Бишкектеги "Сейтек" башталгыч мектебинин мугалими Жазгүл Маданбекова 3-класстын окуучулары үчүн аралыктан математика сабагын өткөрүп жатат.
Жеке менчик мектептер аралыктан окутууну даярдык катары бир апта мурун эле тажрыйбалап башташкан.
"Азыркы шартка ыңгайлашып, видео анан онлайн сабак деп эки түрүн колдонуп жатабыз. Экөөнүн тең эле артыкчылыгы, кемчилиги болот экен. Видео сабакты окуучу кайра-кайра көрө алат, бирок анда окуучу менен кайтарым байланыш болбой калып атат. Ал эми онлайн сабакта кайтарым байланыш жакшы, бирок ага интернет байланышы жакшы болушу шарт экен," , -деди мугалим.
Онлайн сабактар үчүн бул мектеп ZOOM платформасын пайдаланууда. Ал эми даяр видео сабактар edupage баракчасына жүктөлүп жатат.
Аралыктан окууга даярдык
"Мектеп, ЖОЖдордо мөөнөтсүз каникул жарыялагандан кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал, айрым жерлерде өзгөчө абал киргизилди. Ошол себептүү Билим жана илим министрлиги аралыктан окутуу боюнча атайын чечим кабыл алды. Дистанттык окуу 8-апрелден баштап иш жүзүнө аша баштайт. Бул күтүүсүз чечим болду, андыктан кырдаалга жараша ыңгайлашканга аракет жасадык",-деди Билим жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн өткөн басма сөз жыйынында.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкек жана Ош шаарларынан 200дөн ашык мугалим тандалып, мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн видеосабактардын көп бөлүгү тартылып бүттү.
Видеосабактар, окуу материалдары oku.edu.gov.kg. билим берүү порталына жайгаштырылат. Буга кошумча "Кыргызстандын билим берүү ресурстары" деген аталыштагы ютуб канал ачылды.
Мегакомдун колдоосу менен бардык окуучуларды жана мугалимдерди акысыз SIM-карталар менен камсыздоо жүрүүдө. Артыкчылыгы - баланста каражат жок болсо да, окууга тиешелүү тиркемелер жеткиликтүү болот жана WhatsApp кызматы акысыз.
"Бир телевизор, көп бала"
Ушу күндөрү "ММКларды колдоо борбору" да мектептердеги медиа жана санариптик сабаттуулукту өркүндөтүү менен алек болууда. Анын алкагында 3-5-апрелде мугалим, окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн онлайн тренингдер өткөрүлүүдө.
Борбордун программдык директору Айчүрөк Усупбаева ал окуутууларга негизинен Бишкектеги педагогдор тартылып жатат, деди. Бирок эксперт борбордо туруп деле айрым мугалимдердин интернети, даярдыгы, жабдык-шаймандары боюнча маселе көп дейт.
Дистанттык окуутууну уюштурууда келип чыкчу дагы бир көйгөй - бул көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү шарттын жоктугу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Эң негизги көйгөй бул - көп балалуу үй-бүлөлөр болуп атат. Бул тууралуу ата-энелер, мугалимдер да жазып атышат. Эгерде үй-бүлөдө бир эмес, эки-үч бала мектеп курагында болсо, бир эле телевизор же бир смартфон менен отурсак, анда кантебиз деп атышат".
Быйыл жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылып жатат. Министрлик мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга даярдануу боюнча онлайн ресурстардын топтомун сунуштап жатат.
Аралыктагы билим берүү канчалык ишке ашат, дегеле өзүн актайт болду бекен деген суроолор бар, бирок азыркы шартта билим берүү тармагы үчүн башка да жол жок экени түшүнүктүү.








