Кытайдын ковидге каршы вакциналары канчалык натыйжалуу?

Пабло Учоа, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы

Эмдөө

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмдөө

Кытайдын эки негизги Covid-19 вакцинасы - Синовак (Sinovac) жана Синофарм (Sinopharm) менен эмделген калктын арасында инфекция жайылып, ал тургай өлүмдөр да катталып жатканы тууралуу терс жаңылыктар көңүл чордонунда илинди.

Ушундан улам вакциналардын таасирдүүлүгү жөнүндө суроолор жаралды, бирок адистер бул вакциналар көп адамдын өмүрүн сактап калгандыгын да белгилешти.

Эки вакцина тең жарды жана орто кирешелүү өлкөлөрдө кеңири колдонулат, андыктан анын кесепети чоң болушу мүмкүн.

Бирок кооптонуулар негиздүүбү? Ушул вакциналарды колдонгон өкмөттөр калкты коргоо үчүн эмне кыла алышат?

Эмдөөгө кезекте турган эркек жана аял

Вакциналар кандай иштейт?

Бээжинде жайгашкан Sinovac Biotech жана мамлекеттик Sinopharm компаниялары тарабынан жасалган вакциналар коронавируска каршы күрөшүүчү антиденелерди пайда кылуу үчүн жансыздандырылган вирустарды колдонушат. Вирус адамдардын денесине сайыла электе эле жансыздандырылат, андыктан Covid-19 жуктура албайт.

Бразилиядагы чоң сыноодо Sinovac вакцинасынын 14 күн аралыгында берилген эки ченеми Covid-19дун симптомдуу оорусуна каршы 51% таасир эткен. Sinopharmдын бир нече мамлекеттеги сыноолорунда жыйынтык жогору болуп 79% жеткен. Вакциналардын өзгөчөлүгү бар: аларды кадимки муздаткычта сактоого болот, бул аларды атайын сактоочу жайлары жок жакыр өлкөлөрдө колдонууну жеңилдетет.

Экөө вакцина тең Азия, Түштүк Америка жана Африкадагы жүзгө жакын мамлекеттерде колдонулат. Египет жана Марокко жакында Африкадагы вакцина чыгарууну баштаган биринчи өлкөлөр болорун жарыялашты.

Илимий маалыматтарды талдоочу Airfinity компаниясы билдиргендей, быйыл Синовактын 2,9 миллиард дозасы өндүрүлүшү мүмкүн. Учурда 943 миллиондон ашыгы чыгарылган.

Кайсы өлкөлөрдө ооругандар болуп жатат?

Чили, Монголия жана Сейшел аралдары Кытай вакциналары менен массалык эмдөөгө карабастан, инфекциялар көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.

Чили мурунку түрлөрүнө караганда көбүрөөк жугуштуу болгон “дельта” вариантына жооп катары коменданттык саатты кайра киргизип, саякаттоо мүмкүнчүлүктөрүн чектеди. Чилиликтердин 70% дан ашууну толугу менен эмдөөдөн өтүштү, дээрлик көпчүлүгү Синовак вакцинасын алышкан.

Ошол эле учурда, Сейшел аралдары жана Монголия калкынын саны аздыгына карабастан, киши башына салыштырмалуу инфекциянын эң жогорку өсүшүн белгилешти.

Экөө тең Синофармга көбүрөөк таянууда жана алардын эмдөө программалары өнүккөн: Сейшел аралдарында чоңдордун 68% жана Монголияда 55% эмделген.

Вакциналар иштебей жатабы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул өлкөлөрдө эмне болуп жаткандыгын вакциналар менен гана түшүндүргөн болбойт. Индонезиянын дарыгерлер ассоциациясы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өлүмүнө коштоочу оорулар кандайдыр бир деңгээлде себепчи болушу мүмкүн деп билдирди.

Калкынын 5% гана эмделип, медицина кызматкерлери узак иштеп, вируска көбүрөөк кабылып, өлкө "апааттын кырында турат" дейт Кызыл Чырым уюму.

Чилиде, айрым эксперттер оорунун көбөйүшүнө вакцина алгандан кийин шыр эле элге аралашып кетип жаткандарды, өзгөчө биринчи ченемин сайдыргандан кийинки жарым-жартылай коргоосу менен эл аралап кетип жаткандарды, күнөөлөшүүдө.

Монголиянын жана Сейшел аралдарынын расмийлери ковидден каза болгон же оор абалда жаткан адамдардын көпчүлүгү эмделбегендигин баса белгилешти. Бирок эксперттер вакцина 100% коргобой тургандыгын белгилешет, ошондуктан айрым адаттан тышкары учурлар болушу толук мүмкүн.

"Азыркы учурда эң негизгиси катуу оорулардын жана өлүмдүн алдын алуу. Бардык вакциналар катуу оорунун жана өлүмдүн алдын алууда жакшы натыйжаларды беришти" - деди China Daily гезитине Австралиянын Мердок балдар институтунун профессору Фиона Рассел.

Бразилиядагы сыноолордо, Sinovac ооруканага жаткыруу менен катар, катуу ооруп калууга каршы 100% натыйжа берди. Синофармдын эффективдүүлүгү ооруканага жаткырууга каршы 79%ды түзгөн.

Гонконг университетинин эпидемиология жана биостатиска бөлүмүнүн башчысы, профессор Бен Каулинг белгилегендей, симптомдуу ковидге каршы "жөнөкөй эффективдүүлүгүнө" карабастан, Синовак жана Синофарм катуу ооруп калууга каршы "өтө жогорку деңгээлде коргойт". "Демек, бул вакциналар буга чейин бир топ адамдын өмүрүн сактап калды", - деди ал Би-Би-Сиге.

Вакциналар вирустун жаңы варианттарына каршы кандай иштейт?

вакцина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакцина

Изилдөөлөр вакцинанын Кытайдын Ухань шаарында табылган вируска каршы натыйжалуулугун текшерген. Ал эми алардын жаңы варианттарга каршы туруусу боюнча жаңы маалыматтар жарыяланган жок.

Вирустан иммундук коргоону түзүүгө аракет кылган изилдөөлөрдүн негизинде профессор Коулинг жансыздандырылган вирустук вакциналардын “дельта” вариантынан коргоосу баштапкы штаммына салыштырмалуу 20% га төмөн болушу мүмкүн деп эсептейт.

Анын эсептөөлөрү боюнча, алгач Түштүк Африкада табылган бета-вариантына каршы коргоо андан дагы азыраак, анткени ал баштапкы вирустан кыйла айырмаланат.

Гонконг университетинин вирусологу, профессор Джин Донг-Ян ВВСге билдиргендей, Кытай вакциналарынын натыйжалуулугу жаңы варианттарга, анын ичинде “дельтага” каршы азайышы – турулуу иш.

Бирок ал "Синовак жана Синофарм - жакшы вакциналар", натыйжалуулугу жогору вакцина алууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар буларды ала бериш керек, деди ал. Бирок алар вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн социалдык аралык эрежелерин жана башка чараларды колдонууну улантышы керек.

Күчөтүлгөн доза жардам береби?

Барган сайын, эксперттер жана өкмөттөр бир эле вакцинанын же эки башка вакцинаны аралаштырып кошумча дозасын сайууну жактап жатышат.

Проф Джиндин айтымында, Pfizer же Moderna вакцинасынан кошумча Sinovac жана Sinopharm сайса, баштапкы коргоо күчөшү мүмкүн.

Индонезиядагы “кызыл зонада” иштеген жумушчуларга эки Sinovacтан кийин Moderna вакцинасы сайылат, ал эми Бахрейн 50 жаштан өткөндөрдү Sinopharmдын эки дозасынан кийин Pfizer менен эмделүүгө үндөйт.

Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия жарандарына Sinopharm жана Sinovac вакциналарын үчүнчү жолу алууну сунуштап жатышат. Таиланд дагы ушундай кадамды планьаштырууда. Бирок профессор Каулинг Индонезияда эмдөө баштапкы баскычта жүрүп жаткандыктан үчүнчү дозаны таңулоо эрте болушу мүмкүн деп күмөн саноодо.

"Үчүнчү дозанын кошумча пайдасы кандай болоорун чындыгында жакшылап ойлонуш керек, эмдөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон коомдогу улгайган кишиге эки дозанын жардамы канчалык деңгээлде болот деп салыштыруу зарыл", - деди ал.

Sinovac Biotech компаниясы үчүнчү дозанын натыйжалуулугун клиникалык изилдөөлөрдөн өткөзүп жаткандыгын жана натыйжалар кубандыраарлык экенин айтты, бирок Covid-19дан коргонуу үчүн эки доза жетиштүү деп ишендирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнби, өлкөнүн вакциналары "эл аралык коомчулукта өзүнүн коопсуздугу жана эффективдүүлүгү менен таанылып, жакшы абройго ээ болду" деп билдирди. (А.К.)