Коронавирус кайдан чыккан? Илимпоздор далилдерге баа беришүүдө
Виктория Жилл,
илимий корреспондент, BBC News
Пандемия күчөп, кеминде 4 миллион адамдын өмүрүн алгандыктан, окумуштуулар илдеттин кайдан тараганын изилдеп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Бүгүнкү күнү Covid-19 жер жүзүндө жайылып жатканы менен, бул илдет 18 ай мурда эле пайда болду. Анын кайдан тараганын изилдөө үчүн 2020-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму атайын топ түзгөн.
Анын жыйынтыктарына болгон суроолор олуттуу саясий араздашууга чейин жеткизди. Пандемиянын башталышын түшүндүрүүгө аракет жасаган айрым изилдөөчүлөр, далилдери жок бүтүм чыгарган деген айыптоолорго кабылышкан.
Учурда 21 окумуштуу жарганатта пайда болгон вирус кантип кишиге жукканын түшүнүүгө аракет кылышууда. Алар пандемиянын башталышы тууралуу илимий далилдин жыйынтыгын жарыкка чыгарып, “рекорд жасоону” көздөп жатышат.
“Илдет кайдан чыкканын билбейбиз деген туура эмес, биз болгону ал кантип адамга жукканын билбейбиз”, – дейт Глазго университетинин профессору, вирусолог Дэвид Робертсон.
Вирус түпкүлүгүндө жапайы жарганаттардын денесинде зыянсыз жашап жүргөн деген пикир кеңири тараган. Бирок ал качан, кайсы жерде жана кантип алгач кишиге жукканын аныктоо маанилүү. Анткени келечекте мындай окуялардын алдын алышыбыз керек.
Вирус кантип тараганын көрсөткөн так далил жок, ковид жуктурган жарганат же алгач илдетке кабылган адамды да табуу кыйын. Ал эч качан табылбашы мүмкүн. Бирок соңку баяндаманы жазган окумуштуулар болгон далилдердин маанисин чечмелеп бергиси келет.
Алар баяндаманын эскперттер карап чыга элек пре-принт (бастырууга чейинки) вариантын жарыялашкан. “Андагы негизги тыянак, вирустун биологиялык касиеттери жапайы жаратылышта жашаган жарганаттардан табылган вируска өтө жакын”, – дейт, профессор Робертсон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Коронавирустун тарашы, 2003-жылы алгач SARS илдети пайда болгон учурга аябай окшош,” -экенин кошумчалады ал. Ал окуяда, вирус кеңири сатылып жүргөн пальма виверрасы аттуу жаныбарда табылган. Бир нече жылдан кийин окумуштуулар ага абдан окшош вирусту жарганаттардан табышкан. 2017-жылы SARS илдетинин теги Кытайдын түштүгүндөгү жарганаттардан аныкталган. Ошону менен вирус кайсы жапайы жаныбардан тараганы аныкталып, өлүмгө алып келген сырдуу илдеттин тараш таржымалына чекит коюлган.
“Ковиддин бир гана айырмасы – бул жолу вирус жарганаттан кайсы жандык аркылуу кишиге жукканы белгисиз болууда. Бирок эки учурда тең, жарганатта табылган вирус менен жаныбарлар базарынын байланышы бар,” – дейт, профессор Робертсон.
Окумуштуулардын айтымында, гигиеналык эрежелер сакталбай, көптөгөн тирүү жандыктар сатылган базарлардагы жаныбарлардан жаңы илдеттер тарашы мүмкүн. Пандемия башталардан 18 ай мурун жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, Ухандагы базарларда 38 түрдүү 50 миңге жакын жаныбар сатылган. Ковиддин табигый таратуучусу ошол жаныбарлар базарларынан чыгышы мүмкүн дешет изилдөөчүлөр.
Уханга барып келген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тобу да ушундай эле тыянакка келген. Бирок вирус лабораториядан капысынан чыгып кетиши мүмкүн деген божомолду ачык эле четке кагуу, айрым окумуштуулар арасында нааразылык жараткан.
Ухандын Вирусология институтунун лабораториясында, жарганатын коронавирусун он жылдан ашуун изилдеп келишкен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жаңы баяндаманын авторлору, алардын эч бири Sars-Cov-2 жаратуу үчүн өзгөртүлбөгөндүгүн белгилешкен. Бирок айрым изилдөөчүлөр, мындай тыянакка толук кошулушпайт, анын ичинде АКШдагы Стэнфорд университетинин профессору Дэвид Релман да бар.
“Мен ал баяндаманы, вирус табигый түрдө тараган деген божомолду таңуулоо үчүн болгон маалыматтарды чогултуу аракети катары көрөм. Бирок анда тең салмактуулук жана объективдүүлүк жок,” – деп билдирди ал Би-Би-Сиге.
Профессор Релман, жогорку даражалуу “Science илимий журналына кат жолдогон авторлордун бири. Анда даражалуу илимпоздор ДСУнун баяндамасын тыянактарын талкуулап, лабораториядан тараган деген божомолду терең изилдеп чыгууну суранышкан.
Көп учур изилдөөчүлөр бири-биринин пикирине макул болушпайт, бул илимий жараяндын бир бөлүгү. Илимий журналдарга далилге негизделген пикир жарыялоо – далилге негизделген пикир келишпестиктерди билдирүүнүн негизги платформасы. Бирок вирус “лабораториядан тараган же табигый жайылганы” жөнүндөгү талкуулар илимий чөйрөдө олуттуу кайчы пикирлерди жаратты.
2020-жылдын февраль айында, ДСУнун иликтөөсүн жетектеген Питер Дашакты, лабораториядан тарашы мүмкүн деген түрдүү талкуулар боюнча үн каткан жок деп айыпташкан. Анткени ал жана анын 26 кесиптеши Lancet медициналык журналына “Ковид-19 табигый эмес тараган деген кутумдук теорияларга биз чогуу каршы турабыз жана аны кескин айыптайбыз”, - деп билдиришкен.
Кытай бийликтери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөчү тобуна берген маалыматтарга жөн гана ишенбегендер көп. Андан бир жыл кийин, АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн атайын кызматына Sars-Cov-2 вирусунун жаралышын, анын ичинде лабораториядан тараган деген теорияны да тыкан иликтөөгө буйрук берген. Ошол учурда, вирус лабораториядан тараган деген божомолду кескин четке каккан айрым окумуштууларга социалдык желелерде сын-пикирлер айтылган.

Сүрөттүн булагы, EPA
Пандемиянын баштапкы күндөрүнөн тартып Sars-Cov-2 вирусунун эволюциясын изилдегендердин бири, илдет табигый түрдө тараган деген пикирде. Ага карата катуу жемелөө болгондуктан, ал изилдөө иштерин мындан ары жүргүзбөй турганын билдирген.
Ашыкча маселе жаралышын каалабаганы үчүн өз атын айткысы келбеген изилдөөчү: “Эмейлимди бузуп кирип, мени маалыматты жасалмалаган, жаап-жашыруу макстаныда иштеген системага кирген деп айыптаганга негиз болчу каттарды тапканга аракет кылышты. Башкалары менден да жаман болушту,” – дейт.
Өткөн жыл ичи аргументтер катуу кагылышты, бирок вирус лабораториядан тараган деген жаңы илимий далил табылбган жок. Окумуштуулардын дээрлик көбү, Sars-Cov-2нин жаралышын далилдеген терең изилдөө гана алдыга жылганга мүмкүнчүлүк бере турганы менен макул.
“Бизге азыр, так жана жаңы маалыматтары жок болсо, окумуштуулардын өз түшүндүрмөсүн таңуулаганын кереги жок. Sars-Cov-2 вирусу эч бир жаныбарда табылган эмес. Келгиле аны четке коюп, олуттуу иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылалы,” – дейт, профессор Релман.
Жаңы баяндаманын авторлорунун бири, King's College London университетинин профессору, Стюарт Нейл – “талаптар сөзсүз эле баары издеп жаткандай тыянакка алып келбеши мүмкүн”, - дейт.
“Биз Кытай бийликтери менен кызматташышыбыз керек. Алар 2019-жылы Уханда эпидемия кантип башталганы тууралууу билгендерин ачык айтышы зарыл. Ошондо гана Уханга вирус кандай, кайдан келгени түшүнүктүү болот. 20 жылдын ичинде Кытайда ушуну менен экинчи жолу жарганаттарга байланыштуу вирус тарады, эгер аны изилдебесек, окуя кайра кайталанышы мүмкүн,” – дейт ал. (N.T.)












