Ковидге антидене тест тапшыруунун мааниси жок дейт адистер. Эмне үчүн?

Би-Би-Си Орус кызматы, Николай Воронин, илимий корреспондент

Ковид тестке тапшырылган пробирка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусияда коронавируска каршы антидене иштелип чыкканын текшерткиси келгендердин саны өстү: бир эле Москванын өзүндө бир нече миллиондогон тест жүргүзүлгөн. Ал эми чет элдик адистердин ишендиришинче (себеби алардын илимий эмгектери аны далилдеп жатат), мындай тесттерден өтүүнүн эч кандай деле мааниси жок.

Антидене аныктаган тесттердин жыйынтыктары өтө деле ишеничтүү эмес жана кандайдыр бир так чечим чыгарууга да жетишсиз. Айрыкча адамдын иммунитетин коргоо деңгээлине аныктоодо далил болуп бере албайт. Чын-чынында бул акчаны жөн эле асманга сапырууга тете, бирок кептин төркүнү анда эмес. Антиденеге тестти тапшыруу менен адамдар кандайдыр бир коргонуу иллюзиясына кирип кетиши ыктымал. Натыйжада алар чектөө чараларын катуу сактабай, ар кандай тобокелдиктер менен коштолгон кыймыл аракеттерди жасап коюусу мүмкүн. Коркунуч мына ушунда.

"Жарым картина"

Орусия — медициналык мекемелер каалоочуларга коронавируска каршы күрөшкөн антиденени активдүү түрдө текшерүүнү сунуштаган дүйнөдөгү саналуу мамлекеттердин бири. Федералдык деңгээлден тартып корпоративдик деңгээлге чейин баардык баскычтардагы бюжеттерден ушул тесттерди тапшырууга миллиондогон рубль жумшалат (шарттуу түрдө акысыз). Ошол эле учурда өз чөнтөгүнөн акча короткусу келгендер дагы жок эмес.

Баш калаадагы шаардык саламаттык сактоо мекемесинин сайтында убада кылынгандай, анализдин жыйынтыктары “симптомсуз ооруп оорубаганыңызды жана организм иммунитет иштеп чыккан-чыкпаганын” көрсөтөт. Адамды кызыктырган мындай сунуштарга талаптар дагы жогору. Эки эле ай мурда, майдын ортосунда, Москва мэринин орун басары Анастасия Ракова борбор шаардын өзүндө эле коронавируска каршы антиденени текшерткендердин саны дээрлик 7 миллионду түзгөнүн айткан болчу. Бул вирустун бар экенин аныктаган ПЧР тесттерге салыштырмалуу болгону үч эсе аз.

Салыштыруу үчүн: калкынын саны Москвадагыдан беш эсеге көп болгон Британияда антиденеге тест тапшыргандардын саны Москвадан бир жарым эсеге аз. Британияда антиденени текшерткендердин жалпы саны 4,3 млн түзөт жана бул жалпы пандемия башталгандан берки убакытты камтыйт. АКШда мындай статистика негизи эле борборлоштурулган эмес, ал тургай штаттык деңгээлде да жүргүзүлбөйт.

Анткени мындай тесттердин тактыгы өтө деле ич жылытпайт, ал эми илимий изилдөөлөр биринин артынан бири ырааттуу жана ишенимдүү түрдө көрсөткөндөй, ооруп сакайгандар менен вакцина алгандардын канындагы коронавируска каршы антидененин пайда болушунун ортосунда түздөн-түз байланыш жок.

пробиркалар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Антидененин бар экени — бул болгону картинанын жарымы гана, — дейт АКШнын Түндүк-Батыш университетинин медициналык институтунун кызматкери Константин Андреев. — Ошондой эле клеткалык иммунитет бар. Ал көпкө чейин сакталат жана аны антиденени текшерген тесттер аныктай албайт”.

“Башкача айтканда, сизде антидене төмөнкү деңгээлде болушу мүмкүн, бирок ошол эле маалда клеткалык иммунитеттин эсебинен вирустан коргонсо болот”, - деп түшүндүрөт адис. Тескерисинче да болушу ыктымал: мисалы, вакцинанын биринчи дозасы антиденени аябай көбөйтүп салып, бирок иммунитет алсыз болуп калышы мүмкүн. Ал эми иммунитет башка коргоочу механизмдер ишке киргенден кийин гана бекемделет.

“Орусияда баарын кызыктырган антиденеге тестти бул жерде, АКШда, дээрлик эч ким деле тапшырбайт, — деп белгилейт Андреев. — Вирустун өзүн текшерүү же болбосо вакцина алуудан айырмаланып камсыздандыруу аны камтыбайт”.

Анын айтмында, эч бир компания “эч кандай себеп жок болгону үчүн аны төлөп бербейт”. Ал эми антиденеге тестти жүргүзүү жөнөкөй адамдарга караганда тарыхый изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар үчүн көбүрөөк мааниге ээ.

Дал ушул жол менен былтыр жаз айларында Италиянын Во Эуганео шаарында симптомсуз коронавирус болуп ооругандардын санын аныкташкан. Анда шаар тургундарынын кимиси вирус жуктуруп, кимиси жуктура элек экенин түшүнүү үчүн баарынан антиденеге тест алышып, текшеришкен.

Антеденени текшерүү боюнча эң эле чоң ролду тарыхта Diamond Princess саякат лайнери ойноду: окумуштуулар дал ушул жол менен лайнердин бортунда көпчүлүк адамдар коронавирусту эч кандай симптомсуз, ал тургай ооруну сезбей өткөргөнүн аныкташкан.

Керектөөчүнүн көз карашы менен алып караганда деле мындай анализдердин жыйынтыктарынын баалуулугу аябай эле күмөндүү. Антидене тесттери инфекцияны аныктоо үчүн дагы, дарылоо үчүн дагы, коронавирустун алдын алуу үчүн дагы жарабайт.

Мезгил-мезгили менен антидененин деңгээлин текшерип турууну сунуштаган жана эгерде ал төмөндөй баштаганда кайра барып эмдөөдөн өтүүнү айткан дарыгерлердин кеңешине изилдөөчү кулак салбоого чакырат.“Бул болбогон кеп. Кимдир бирөө биз баарыбыз жарым жылда бир, а мүмкүн болсо ай сайын, тесттен өтүп туруубузду жана вакцина алышыбызды каалап атканы түшүнүктүү. Бирок мындай маалымат жок. Бул жөн гана бизнес”, — деп ишендирет адис.

Кофенин калдыгында төлгө ачуу

Вирустун мутация болуп атканы (жана мындан кийин дагы мутацияланышы) белгисиздиктин деңгээлин жогорулатууда.

Окумуштуулар азырынча ооруп сакайгандан же вакцина алгандан кийинки антидененин качанга чейин күчүн жоготпой тура алганын аныктай элек. Айрыкча вирустун улам пайда болуп аткан жаңы варианттарына каршы канчалык натыйжалуу туруштук бере алары белгисиз.

Эртеби, кечпи вирус өнүгүп өрчүп отуруп, биздин иммундук коргоо системабызды айланып өтүүнү өздөштүрөт. Мунун ыктымалдыгы жогору. Айрым изилдөөлөр бул процесс эбак башталганын божомолдоп жатышат.

Жакында эле Science журналы макала чыгарды. Анын авторлорунун ишениминде, коронавирус болуп сакайган бейтаптардын канынын плазмасы вирустун жаңы варианттары менен аябай начар күрөшкөн.

Ошондуктан бир эле антидененин негизинде иммунитеттин коргонуу даражасын аныктоо өтө татаал. Ал эми антиденеге тест тапшыруу кофенин калдыгын карап төлгө ачуу менен бирдей эле болуп калат.

“Эгерде кандын курамынан коронавируска каршы белгилүү бир антидене табылса, анда бул адамдын ооруп сакайганынан же болбосо вакцина алганынан кабар берет. Бирок иммунитеттин коргоонуу табияты жөнүндө эч нерсени билдирбейт”, — деп жазышат макаланын авторлору. (ЕА)

Коронавирус тууралуу дагы окуңуз