Аборт 50% өстү: коронавирустун кош бойлууларга таасири

Пандемия башталганы Кыргызстанда 31 кош бойлуу коронавирус илдетинен каза тапты. Эки миңге жакын кош бойлуу аял коронавирус илдетине чалдыкты.

Би-Би-Си акушер-гинекологдор ассоциациясынын төрагасы Арсен Аскеровду COVID-19 пандемиясынын кош бойлуулука жана төрөткө тийгизип жаткан таасири тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, кепке тартты.

Видеонун түшүндүрмөсү, Пандемия башталганы Кыргызстанда 31 кош бойлуу коронавирус илдетинен каза тапты.

А.Аскеров: Мутациянын кесепетинен, азыр "дельта" жана британ штаммдары жаштарга көбүрөөк жугуп жатат. Мурда коркунуч тобуна улгайган, салмактуу, кант диабети бар кош бойлуулар болсо, азыр вирустун жаштарга жугуу коркунучу дагы чоң. Бул штаммдардын өзгөчөлүгү – контагиоздуулук деп коет, ошонусу жогору. Башкача айтканда вирус организмге бат кирип кетип, жеңил акыбалдан тез эле оор формага өтүп кетип жатат.

Би-Би-Си: Пандемия маалында төрөткө кантип даярданыш керек?

А.Аскеров: Коронавирус менен ооруй электер жана ооругандар деп эки топко бөлөлү. Азыр штаммдардын өзгөрүп жатышы көп кооптонууларды пайда кылып жатат. Эгер мурда изоляция, беткап эле жетиштүү болсо, азыр бала пландаштырып жаткан айым вакцинаны ойлошу керек. Ушу тапта айрым өлкөлөрдө боюнда бар аялдарга эгер түйүлдүк 12 жумадан ашса, көрсөтмөлөр бар болсо вакцина сая берүүнү карап жатышат.

Ал эми мурда ковид менен ооругандарга кеңеш: ковидден кийинки абал абдан татаал. Көпчүлүк аялдардын уйкусу бузулат, депрессияга түшөт, башка жаңы оорулар да козголушу мүмкүн. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, өзүнүн тамактануусун карап, реабилитациялык сунуштарды аткарышы керек. Эгер боюна бүткөн болсо, түйүлдүк 16 жумага чейинки абал абдан сезимтал болот. Обсервацияны өтө катаал кармаш керек. Себеби, бул учурда вирустун начар штаммы органимзге кирсе, түйүлдүккө коркунуч жаралат.

Би-Би-Си: Ковид жуккан эне күчтүү дары ичсе, анын түйүлдүккө таасири кандай болот?

А.Аскеров: Күчтүү дары-дармектерди колдонуп жатканда, албетте, ата-энелер анын таасири кандай болот деп суроо беришет. Бул жерде эң негизги кандын уюшуна каршы жана антибиотик дары-дармектери берилет, плазма жасалат. Биз кош бойлууларга алардын терс таасири тууралуу алдын ала айтып беребиз. Мисалы, кан суюлтуучу дармектердин балага тикелей терс таасири деле жок. Антибиотиктерди чоң дозада бергенде ымыркайга кайсы бир деңгээлде таасири өтүшү мүмкүн. Бирок адатта докторлор балага залака бере турган дозада андай дарыларды сунуштабайт.

Би-Би-Си: Ковиддин алдын алуу үчүн кош-бойлуу аялдар кайсы витаминдерди ичиши керек?

А.Аскеров: Кош бойлуулукту туура алып кетүү үчүн Д жана С витамини мурунтан элу сунушталып келет. Айрыкча Д витамини ковидке чейин, андан кийин деле сунушталып келет. Андыкта ага өзгөчө басым коюу тура эмес. Витаминдерди дарыгердин кеңеши менен профилактика же дарылоо максатындабы өз өлчөмү менен алышы керек.

Арсен Аскеров: "5 миңден ашык наристени жарык дүйнөгө алып келүүгө жардам кылгам"
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арсен Аскеров: "5 миңден ашык наристени жарык дүйнөгө алып келүүгө жардам кылгам"
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Пандемия Кыргызстандагы төрөткө кандай таасирин берди?

А.Аскеров: Карантиндик чаралар болуп, бойго бүтүрбөө, сактануу каражаттарына жетүү пандемиянын башталышында кыйын болбодубу. Карантин, коменданттык саат, обсервация деген чектөөлөрдөн өттүк. Мындан улам көпчүлүк айымдарда күтүлбөгөн кош-бойлуулуктар болду. Алардын көбү төрөткө чейин жеткен жок. Аборт – бойдон алдыруу күчөй баштады. Мындай көрүнүш жеке менчик медициналык борборлордо да көп каттала баштады. Жалпысынан алганда бойдон алдыруу 40-50% чейин өстү.

Би-Би-Си: Ковид жуктуруп алган кош бойлуу кантип көзөмөлдө болот?

А.Аскеров: Мултидисциплинардык деген команда түзүлгөн. Ага жалгыз эле үй-бүлөлүк дарыгер эмес, гинеколог, инфекционист жана башка адистер кошулду. Ошонун негизинде жугуштуулукту көбөйтпөө үчүн боюнда бар аялдарга аралыктан дарылоонун планын түзүп беребиз. Эгер акыбалы начарлап, дене-табы такыр түшпөй туруп алса, деми кыстыгып, ичиндеги баласынын кыймылдашы начар боло баштаса ооруканага жеткирүү маселесин чече баштайбыз.

Азыр визуалдук кабыл алуу дегенди киргизе баштадык. Ватсап же интернеттеги башка каналдар аркылуу видео менен байланышып, дем алуусу кандай болуп атканын, даттануусун карайбыз. Кеңештерибизди ушундай аралыктан визуалдык турдө берип жатабыз.

Учурда Бишкектеги №2 төрөт үйү карантинге жабылып, жалаң COVID-19 илдеттүү боюнда бар айымдарды гана кабыл алып жатат. (EK)