Бразилия: Коронавирус кризисинен улам Болсонару жоопко тартылабы?

Бразилия

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилияда коронавирустан 600 миңден ашуун адам өлгөн

Бразилия Сенатынын комитети президент Жаир Болсонаруну коронавирус пандемиясы менен күрөшү боюнча жоопко тартууну сунушташты.

Панелдин 11 мүчөсүнүн жетиси баяндамада айтылган тогуз айып боюнча Болсонаруну күнөөсү бар экенин кубатташты. Анын ичинде адамзатка каршы кылмыш да бар.

Комитеттин төрагасы, сенатор Омар Азиз шаршемби күнү Бразилиянын Башкы прокуратурасына өз тыянактарын жибермекчи.

Болсонару “эч кандай күнөөсү жок экенин” айтып келет.

Бразилияда 600 миңден ашуун адам коронавирустан каза болгону тастыкталган. Аталган оорудан каза болгондордун саны боюнча Бразилия АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат.

Баяндамада президент мамлекеттин акчасын туура эмес пайдаланганы жана фейк маалыматтарды жайылтканы айтылат.

Бул демилге Болсонаруга каршы кылмыш иши козголоруна алып барарына кепилдик жок. Себеби, баяндамада берилген сунуштарды Бразилиянын баш прокурору карап чыгышы керек болот. Ал эми баш прокурорду Болсонару дайындагандыктан, ал президентти коргоп чыгышы күтүлүүдө.

Алты айга созулган иликтөөнүн жыйынтыгында бул добуш берүү ишке ашкан. Иликтөөдө Бразилиянын өкмөтүндөгү жаңжалдар менен коррупциялык иштер ашкереленген.

Иликтөө башталгандан бүткөнгө чейин Болсонару “өкмөт пандемиянын башынан бери туура иш алып барганын” айтып көшөрүп келет.

Март айында ал бразилиялыктарга коронавируска байланыштуу “арыздана бербешин” айтканда элдин нааразычылыгын туудурган эле. Бул сөзүн ал бир сутканын ичинде каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө чыккандан кийинки күнү айткан болчу.

Ал социалдык тармакта жалган маалыматтарды таратууну улантып, дүйшөмбү күнү Facebook анын видеосун өчүрүп салган. Видеодо президент далили жок эле Covid-19 вакциналары СПИДдин өнүгүшү менен байланыштуу экенин билдирген.

YouTube Болсонарунун видеосун бөгөттөп, анын каналын бир аптага жаап койду. (EA)

Футбол: Кыргызстан бүгүн Оман менен ойнойт

Кыргызстан – Оман курама командаларынын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 18.50дө башталат

Сүрөттүн булагы, KFU.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан – Оман курама командаларынын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 18.50дө башталат

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында бүгүн Оман курама командасы менен беттешет.

Кечээ олимпиадалык команда толукталып, катарга Алимардон Шүкүров кошулганын Кыргызстандын футболдук союзу Instagram баракчасына жазган.

Кыргызстан – Оман курама командаларынын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 18.50дө башталат.

Буга чейин Кыргызстан Бириккен Араб Эмиратынын командасын 2:1 эсебинде жеңип алган. (MD)