"Үрөй учурган сандар". Бразилиядагы коронавирустан көз жумган наристелер

Сүрөттүн булагы, Jessika Ricarte
Дарыгерлер Жессика Рикартенин бир жаштагы уулунан коронавируска тест алуудан баш тартышкан. Эки айдан кийин илдет күчөп кетип, нарсите чарчап калды.
Лукас Бразилияда вирустан каза тапкан 1300 наристенин бири. Окумуштуулардын коронавирус балдар үчүн өтө деле коркунучтуу эмес деген четке кагылгыс далилдерине карабастан бул сандар үрөй учурат.
Жессиканын айтымында алгач Лукастын тамакка табити жоголду. Тиш чыгып жатат го деп ойлогон. Лукастын өкүл энеси медайым болуп иштейт. Ал болсо баланы көрүп, тамагы ооруп калганын айткан.

Сүрөттүн булагы, Jessika Ricarte
Көп өтпөй наристенин дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындай баштаган. Жессика уулун ооруканага алып келип, дарыгерлерге коронавируска тест алуусун суранган.
"Дарыгерлер кандагы кычкылтектин деңгээлин текшеришти. Лукастыкы ошондо 86 пайыз эле. Бул жакшы эмес экенин мен азыр гана түшүнүп олтурам",-деп айтып берди Жессика.
Дарыгер Жессикага антибиотиктерди берип үйүнө жөнөткөн. Антибиотиктерди бир курс алгандан кийин Лукастын бир катар симптомдору жоголду дейт апасы. Бирок баласы дайыма шалдырап, алсыз эле.
"Мен баламдын өкүл энесине, өзүмдүн ата-энеме бир катар видеолорду жөнөтүп, кабатырланып жатканымды айттым. Алар мага өзүнчө эле дүрбөлөңгө түшүп жатасың, жаңылыктарды азыраак көр деп коюшту. Бирок мен баламдын абалы жакшы болбой жатканын сезип турдум. Анын дем алуусу дагы мурдакыдай эмес болчу",-дейт Жессика.

Сүрөттүн булагы, Jessika Ricarte
Бул мезгил коронавирус эпидемиясы курчуп турган 2020-жылдын май айы эле. Жессика жашаган Бразилиянын түндүк-чыгышындагы чакан шаар Тамборилде эки киши вирустан каза тапканы тууралуу кабарлар чыккан.
Жессиканын жолдошу Исраэль эгер Лукасты ооруканага алып барсак, вирус жуктуруп алуу коркунучу бар деп тынчсызданды. Күн өткөн сайын Лукас көпкө уктачу болду. 3-июнда Лукас түшкө чейин тынбай ыйлаган. Ошондо гана ата-энеси ооруканага алып келишти.
Тест тапшыргандан кийин наристе баладан коронавирус аныкталды. Баланы шаардан бир топ алыс жердеги оорукананын педиатриялык реанимация бөлүмүнө жаткырышты. Дарыгерлер ага мультисистемалуу сезгенүү синдрому диагнозун койгон. Бул маанилүү органдардын сезгенүүсүнө алып келген вируска каршы экстремалдуу иммундук жооп деп түшүндүрөт адистер.
Адистердин айтымында коронавирусту жуктургандан кийин алты жумага чейин ымыркайларга таасир этүүчү синдром сейрек кездешет. Бирок Сан-Паулу университетинин алдыңкы эпидемиологу доктор Фатима Мариньо пандемия учурунда мультисистемалуу сезгенүү синдрому көп кездешкенин белгиледи.

Лукасты жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырып, апасына палатада калууга уруксат беришкен жок. Ал медайым аркылуу баласынын абалынан кабардар болуп турган. Каалаган учурда телефон чалып, аппарат кандай иштеп жатканын көрөт эле.
Бирде Лукастын жүрөгү сокпой калып, дарыгерлердин жардам менен өзүнө келген экен.
Аны бир айдай дарылаган педиатр Мануэл Монтенин айтымында, баланын абалы оор эле. Адатта мультисистемалуу сезгенүү синдрому менен жабыркаган балдарда диабет, жүрөк, кан тамыр оорулары же ашыкча салмак болот. Лукас болсо дени карды соо, эч кандай тубаса илдеттери жок болчу.

Сүрөттүн булагы, Jessika Ricarte
Лукас жандандыруу бөлүмүндө 33 күн жатып, апасына үч гана ирет көрсөтүшкөн. Кайсыл бир мезгилге чейин баланын абалы жакшырып, андан кислород түтүгүн чыгарабыз деп калышты. Дарыгерлер Жессика менен Исраэлге видео байланыш кылып, Лукас өзүнө келгенде жалгызсырап ыйлабасын, силерди көрсүн дешкен.
"Ал биздин үнүбүздү укканда ыйлап жиберди",-деп айтып берди Жессика.
Көрсө, алар баласынын мындай реакциясын акыркы жолу көрүшкөн экен. Ошондон кийин ал оңоло албай койду. Компьютердик томография Лукас инсульт болгонун көрсөттү.
"Ошол түнү уктаарда телефонумду үнсүз режимге коюп жаткам. Түшүмө Лукас кирди, жаныма келип мурдумдан өбөт. Мунун баары өңүмдө болуп жаткандай жагымдуу маанайда ойгондум. Андан кийин Лукастын дарыгери мага он жолу коңгуроо кылганын көрдүм..."
Бир жаштагы наристенин кычкылтек деңгээли тушүп кетип чарчап калган. Жессика ооруканага биринчи кайрылганда эле коронавируска тест алышса, уулум жашап кетет беле деп буркурап ыйлайт.

Доктор Монте анын айткандары менен макул. Мультисистемалуу сезгенүү синдромун алдын алууга мүмкүн эмес. Бирок эрте кайрылса, дарылоо ошончолук натыйжалуу болмок.
"Биздин ооруканга бала өтө оор абалда келип түштү. Менимче аны эртерек дарылап баштаганда, үмүт бар эле",-деди дарыгер.
Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы бюоюнча 2020-жылдын февралынан 2021-жылдын 15-мартына чейин өлкөдө вирустан тогуз жашка чейинки 852 бала каза тапты. Бирок доктор Мариньо чыныгы сандар мындан эки эсе көп дейт. Анын эсебинде вирустан тогуз жашка чейинки 2060 бала каза таап, анын 1302и ымыркайлар.
Эксперттер өлкөдө коронавирус жуктургандар саны өтө көбөйгөндүктөн балдарга жуккан учурлар дагы өсүп кетиши мүмкүн дейт. Башка айларга салыштырмалуу март айында каза тапкандар саны эки эсе көп болду. Дагы бир маселе тесттин таңкыс экени.

Бразилияда балдар арасындагы өлүмдүн көп болушунун себептеринин бири - жакырчылык экени дагы өзүнчө маселе. Жакыр аймактарда аралыкты сактоо, беткап тагуу сыяктуу эрежелерди сактоого дегеле мүмкүн эмес. Жакыр бүлөдөгү балдар тамак-аштан дагы катуу кыйналышат. Коронавируска байланышкан экономикалык оорчулук жакырлар санын дагы көбөйттү. Бир жыл ичинде жакыр жашагандар Бразилияда 7 миллиондон 21 миллионго өстү.

Дагы бир жагдай ата-энелер вирус жуктуруп алам деп коркуп балдарын ооруканага алып барбаган учурлар кездешет.
Окумуштуулар балдар арасындагы жоготууну төмөн деп белгилейт. Бразилиядагы коронавирустан ажал тапкан 345 287 кишинин 0,58% тогуз жашка чейинки балдар.
Бирок мунун өзү коронавирус 2000 баланын өмүрүн алды деген сөз. "Бул сандар үрөй учурат",-деди доктор Карнейро.













