Коронавирустун омикрон варианты дүйнөнү чочулатууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түштүк Африка Республикасынын президенти коронавирустун жаңы “Омикрон” аттуу вариантынан улам өз жарандарына каршы башка өлкөлөр киргизген чектөөнү айыптап чыкты.
Сирил Рамафоса аталган аракетти негизсиз деп атап, ага “аябай көңүлү түшкөнүн” билдирди. Ал чектөөнү тез арада алып салууга чакырды.
Түштүк африкалыктарга каршы чектөө киргизген өлкөлөрдүн арасында Британия, Евробиримдик жана АКШ өлкөлөрү бар.
Омикрон “тынчсыздануу жараткан вариант” деген категорияга киргизилген. Алдын ала алынган далилдер боюнча, анын тез жугуштуулугу коркунуч жаратат.
Ылдам тараган вариант ушул айдын башында Түштүк Африкада байкалып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өткөн шаршембиде билдирилген.
ДСУ чектөө киргизген өлкөлөргө эскертүү берип, “тобокелчиликке жана илимге негизделген мамиле” кылышы керек экенин айтты. Бирок коронавирустун жаңы вариантына карата тынчсыздануулардан улам соңку күндөрдө эле көптөгөн тыюулар салынды.
Жекшемби күнү ДСУнун Африка боюнча директору Матшидисо Моэти билдиргендей, саякаттоого чектөө киргизүүгө эч кандай илимий негиз жок жана Түштүк Африка адилетсиз дискриминациянын курмандыгы болуп калды.
Анын айтымында, киргизилген тыюу аталган варианттын тарашын алдын алууда натыйжасын бербейт.
Омикрон учурда дүйнө жүзү боюнча бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде Британияда, Германияда, Австралияда жана Израилде катталган. (EA)








