Коронавирус: Омикрон өтө тез жайылып жатат

Сүрөттүн булагы, AFP
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирусунун жаңы варианты болгон Омикрон дүйнө жүзү боюнча болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып жатканын эскертти.
Коронавирустун бул катуу мутацияланган варианты 77 өлкөдө тастыкталды.
ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс, пресс-конференцияда омикрон башка көптөгөн өлкөлөрдө да бар болушу ыктымал, болгону айрым өлкөлөр азырынча аны аныктай элек болушу мүмкүн экенин айтты.
Доктор Тедрос бул вариантка каршы күрөшүүгө жетиштүү иш-аракеттер көрүлбөй жатканына тынчсызданып жатканын кошумчалады.
"Албетте, биз бул вируска жетиштүү көнүл бурбай өзүбүздү тобелге салып жатканыбызды түшүндүк. Омикрон илдетти анчалык оор козгобосо дагы, жаңы катталган учурлардын көптүгү даяр эмес саламаттыкты сактоо системаларын дагы бир жолу кыйроого учуратышы мүмкүн", - деди ал.
Омикрон варианты биринчи жолу ноябрда Түштүк Африкада аныкталган жана андан бери бул өлкөдө жугузуп алгандардын саны көбөйгөн. Өлкө президенти Сирил Рамафосадан Ковид-19 аныкталып, ал учурда жеңил симптомдор менен обочодо.
Омикрон пайда болгондон кийин бир катар өлкөлөр Түштүк Африкага жана ага коңшу өлкөлөргө болгон каттамдарга тыюу салган, бирок бул Омикрондун дүйнө жүзү боюнча жайылышын токтото алган жок.
"Кыргызстанга "omicron" январды келиши күтүлүүдө"
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтты.
Ал кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.
"Биз келерки жылдын январь айынын орто ченинде жаңы "omicron" штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», - деди Байсалов.
Ковид-19 боюнча башка жагдайлар кандай ?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда 800,000ден ашуун америкалыктар коронавирустан көз жумду - бул дүйнөлүк пандемиядан каза болгондордун эң чоң көрсөткүчү.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон премьер-министр болгондон берки өз партиясынын мүчөлөрүнүн чоң каршылыгына карабастан, Англияда Ковид паспортторун киргизүүдө колдоо тапты.
Шейшемби күнү Улуу Британиянын өкмөтү каттамдарга тыйуу салынган кызыл тизмедеги 11 өлкөнүн баарын тизмеден чыгарарын жарыялады. Саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид Омикрон варианты ушунчалык кеңири жайылып кеткендиктен,ал эрежелердин мындан ары мааниси жок экенин айтты.
Италия Омикронго байланыштуу кооптонуулардан улам өзгөчө кырдаалды 2022-жылдын 31-мартына чейин узартты. Декабрдын аягында бүтүшү керек болгон бул чаралар өкмөткө саякаттарды жана коомдук чогулуштарды чектөөгө көбүрөөк ыйгарым укуктарды берет.
Нидерландия инфекциялар менен күрөшүү үчүн алдын-ала сунуш кылып, башталгыч мектептерди Кристмас майрамы башталаарга бир жума калганда жаба турганын билдирди.
Норвегия ошондой эле башка чаралар менен катар барларда жана ресторандарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салгандыгын жарыялады.
Шейшемби күнкү пресс-конференцияда, доктор Тедрос вакциналык адилетсиздикке байланыштуу кооптонуусун дагы бир жолу кайталады, анткени кээ бир өлкөлөр Омикронго жооп катары күчөткүч (бустер) ченем берүүнү ишке киргизип жатышат.
Pfizer/BioNTech вакцинасы боюнча акыркы изилдөөлөр, ал Омикронго каршы нейтралдаштыруучу антиденелерди, ковиддин баштапкы вариантына караганда алда канча аз өндүргөнүн көрсөттү, бирок бул тартыштыкты үчүнчү, күчөткүч вакцина менен калыбына келтирсе болот.
Доктор Тедрос күчөткүчтөр Ковид-19дун жайылышын ооздуктоодо "маанилүү роль ойношу мүмкүн", бирок бул "артыкчылык маселеси" экенин айтты.
"Бул кезек маселеси. Оорунун катуу өтүшү же өлүмгө дуушар болуу коркунучу төмөн топторго күчөткүч саюу, баштапкы дозасын күтүп жаткан жогорку тобокелдиктеги адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирет", - деди ал.
Акыркы айларда вакциналарды бөлүшүү боюнча глобалдык Covax программасына вакциналарды жеткирүүлөр көбөйдү. Бирок дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кызматкерлери ушул жылдын ортосунда пайда болгон он миллиондогон дозанын жетишсиздигинин кайталанышынан коркушат. Таңкыстык Индиянын экспортту жарым-жартылай токтоткондугунун натыйжасында болгон, анткени ал кезде ал өлкөнүн өзүндө ооруу кескин күчөп кеткен болчу.
Айрым жакырыраак өлкөлөрдө, кээ бир аялуу катмардагы адамдар биринчи ченемин дагы ала элек. (DO)







