Коронавирус: Милдеттүү эмдөөгө макул же каршы болууга үч себеп

Сүрөттүн булагы, EPA
Кытайлык дарыгерлер биринчи жолу пневмониянын сырдуу жаңы учурларын байкашкандан бери эки жылга жакын убакыт өткөнүнө карабастан, COVID-19 дагы деле биз менен. Анын үстүнө, эми COVID-19дун эң тынчсыздандырган варианты катары сыпатталган түрү пайда болду. Милдеттүү эмдөөлөр бул абалдан чыгуунун жолу болушу мүмкүнбү?
Коронавируска каршы эмдөө дүйнөнүн көп жерлеринде коомдук жашоонун талабы болуп калды. Эгер сиз Франциянын дарыгери, Жаңы Зеландиянын мугалими же Канаданын мамлекеттик кызматкери болсоңуз, жумушка баруу үчүн вакцина алууңуз зарыл. Индонезия эмдөөдөн баш тарткан адамдарга жеңилдиктерди бербей койо алат. Греция эмдөөнү 60 жаштан жогоркулар үчүн милдеттүү кылып жатат.
Австрия андан аркы да кадамдарга барып, февраль айына чейин бардыгына милдеттүү эмдөөлөрдү киргизүүнү пландап жатат. Бул австриялыктарга вакцина күч менен сайылат дегенди билдирбейт.
Медициналык жана диний себептерден улам кээ билери вакцина албашы мүмкүн. Бирок эмдөөдөн өтпөгөн калктын калган басымдуу бөлүгү вакцина албагандыгы үчүн айып пул төлөшөт.
Германия ушундай кадамды пландаштырып жаткандыктан, бул маселеде талаш-тартыштар токтобой келет. Кандай коркунучтар бар экенин түшүнүү максатында коомдук саламаттыкты сактоо жана башка эксперттер менен баарлаштым.
Макул: Вакциналар өмүрдү сактап калат
COVID-19 эмдөөлөрүн милдеттүү алуунун пайдасына иштеген абдан жөнөкөй аргумент бар. Эмдөөдөн өтүү менен сиз олуттуу оорулардын тобокелчилигин азайтасыз. Оор оорулардын азыраак болушу өлүмдөрдүн азайышын жана ооруканаларга азыраак басым болорун билдирет.
Тарыхый жактан алганда, эмдөө кампаниялары чоң ийгиликке жетишип, чечек сыяктуу ооруларды жок кылган же башка ооруларда өлүмдүн деңгээлин кескин төмөндөткөн.
"Бизде вакцинациянын жогорку көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча коюлган талаптар менен түздөн-түз байланышты көрсөткөн жеке адамдарды гана эмес, бүтүн жамааттарды коргоо боюнча жакшы мисалдар бар", - дейт Йель университетинин медицина тарыхы боюнча доценти Джейсон Шварц.
"Вакциналар иштейт, алар так иштейт, бизде муну тастыктаган көптөгөн далилдер бар."
Австрия сунуш кылган чараларга салыштырмалуу жумшагырак чаралар да эмдөө деңгээлин жогорулатуу максатына жетип олтурат.
Францияда, ресторандарга жана башка коомдук жайларга кирүү үчүн талап кылынган санитардык уруксат (pass sanitaire), өкмөт милдеттүү эмдөөлөргө барбай туруп көрсөткүчтөрүн жогорулатканга шар түтзөт деп үмүттөнөт.
Каршы: каршылык көрсөтүү болот

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул жерде, Лондондо, июль айында, бир нече саат мурда токтотулган карантинден соң, карантинге каршы нааразы болгондор демонстрацияга чыгышкан. Бийлик кандай кадамга барбасын, каршылыкка туш болот.
Айрыкча коронавирустук чектөөлөр дүйнө жүзү боюнча нааразычылыктарды жаратты жана милдеттүү эмдөөлөр, айталы, беткап тагынып жүрүү талабынын ашып түшкөн кадам.
Лондон Университеттик Коллежинин Глобалдык Ден Соолук Институтунун коомдук саламаттыкты сактоо боюнча дарыгери Вагеш Жейн: "Вакциналар жөнүндө сөз болгондо, адамдар такыр башкача ойлонушат", - дейт.
"Алардын денесине киргизилген нерсе тууралуу баары бирдей ойлонбойт. Илимпоздор жана башкалар теориялык жактан бул жөн гана чектөө деп ойлошу мүмкүн, бирок адамдар арасында ушундай эмоциялык реакция кылгандар бар."
Эмдөөнү алууга көндүрүү мүмкүн болбогон адамдар ар дайым табылат, бирок антивакссер болбосо деле, эмдөөлөрдөн күмөн санагандар дагы болушу мүмкүн.
Австриядагы изилдөө өлкөнүн 9 миллион калкынын 14,5% эмдөөгө даяр эмес экенин жана 9% арсар ойдогулар экенин аныктаган.
Бийликтер эмдөөнүн пайдалары каршылык көрсөтүүдөн ашкан жокпу деген маселени таразалап алышы керек. Бирок Кейптаун университетинин укук боюнча профессору Кэтлин Пауэлл, бул үчүн юридикалык иш козголушу керек деп эсептейт.
“Эмдөөдөн өтүүнү каалабаган, кандай дарыланууну өз алдынча чечүүнү каалаган адамдын денесинин кол тийбестигине болгон укугу, башка адамдардын потенциалдуу өлүмгө алып келген ооруунун инфекциясын жуктуруп албоо укуктарына түздөн-түз каршы келет," - дейт ал.
Макул: Биз башка варианттарды колдонуп бүттүк ...
COVID-19дун биздин жашообузда пайда болгонуна бир нече убакыт болуп калды, вакциналарды дагы ошондой десек болот. Европада, бир нече айга созулган эмдөөлөрдөн кийин жана алардын кеңири жеткиликтүү болгонуна карабай эмделбегендердин санынын көп бойдон кала бериши талаптардын аткарылбай жатканын билдирет.
Бүтүн континенттин батышынан чыгышына чейин эмдөө көрсөткүчтөрүндө кескин айырма бар. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен азыр милдеттүү эмдөөлөр жөнүндө ойлонууга убакыт келгенин айтты, бирок аны ар бир өкмөт өзү жеке чече турганын баса белгиледи. "Бизде вакциналар бар, өмүрдү сактап калуучу вакциналар бар, бирок алар бардык жерде жетиштүү колдонулбай жатат", - деди ал.
Каршы: ...же балким азырынча убактысы келе электир
Милдеттүү эмдөөлөрдүн пайдасына ден-соолукту коргогон күчтүү аргумент бар болсо да, бул көрсөткүчтөрдү көтөрүүнүн жалгыз жолу эмес. Оксфорд Вакцина тобунун коомдук илимдер боюнча изилдөөчүсү Саманта Вандерслотт:
"Саясатчылардын милдеттүү эмдөө идеясын жактырганы, анткени ал көйгөйдү чечүү талабына тез жооп бергенинде экени белгилүү". "Мен өкмөттүн адамдардын вакциналарды алууга ынандыруу үчүн башка дагы жолдору бар экенин жокко чыгарбоосун каалар элем.", - дейт ал.
Австрия февраль айына чейин вакциналарды милдеттүү кылбайт жана дагы эле башка жолдорду колдонууда. Барбара Жуен, Инсбрук Университеттин ден саламаттык боюнча психологу, улуттук ORF телеканалына: "Корккондор, ишенбегендер, тобокелдикти төмөн баалагандар бар - аларды угуу жана алардын тынчсызданууларына олуттуу мамиле кылуу маанилүү" - деп билдирди.
Түштүк Африкада калктын 24% эмделген, бул европалык орточо көрсөткүчтүн жарымынан аз, бирок бул Африка континентинде катталган орточо 7%дан бир топ жогору. Ал жерде вакцинанын жетишсиздиги жок жана калктын вакцинаны аз алуусу жарым-жартылай туура эмес берилген маалымат менен түшүндүрүлөт. Өкмөт кээ бир жагдайларда вакциналарды милдеттүү кылууну чечти, бирок Омикрон варианты табылгандан бери вакцина алгандардын саны тездик менен өстү. Бул жөн эле өкмөт тараптан болгон түрткү эмес.
Макул: Карантинге жабуу ыкмасын бүтүрүү
Милдеттүү эмдөө - бул колдоно турган чаралардын жалгыз түрү эмес. Көпчүлүк өкмөттөр саякатка тыюу салуу же COVID паспорттору сыяктуу кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизишти, ал ыкмалар өз кесепеттерин алып келди. Милдеттүү вакцинация өмүрдү сактап калгандан тышкары карантинге жабуу ыкмасын токтотушу мүмкүн.
Оксфорд Уэхиро практикалык этика борборунун улук илимий кызматкери Альберто Джубилини: "Бул жөн эле сиздин эркиндигиңизге таасир этүү жөнүндө эмес... бул экономикалык зыян, бул психикалык жана физикалык саламаттыкка зыян", - дейт.
Ал коронавирус коркунуч жараткан топтор үчүн милдеттүү эмдөөнү колдойт. "Башка колдонсо боло турган чаралар турганда, элди карантинге камап, чоң чыгым тарттыруга эч кандай негиз жок."
Каршы: Бул тескери натыйжа бериши мүмкүн
Айрымдар ийгиликтүү программа келечектеги өнөктөштүктөргө ишенбөөчүлүктү жаратабы дегендей узак мөөнөттүү таасирлеринен чоочулашат.
ДССУга пандемиядан калыбына келтирүү боюнча кеңеш берген эпидемиолог Доктор Дики Будиман Аль-Жазирага: "Кризис учурунда милдеттүү чаралар тескери натыйжа берет". "Адамдар кутум теориясын карманып алганда же аларда туура эмес ишенимдер же түшүнбөстүктөр болгондо, [мындай чара колдонуулар] алардын пикирин гана бекемдейт" деген.
Вандерслотт саясий климатка көңүл бурат: "Биз, өзгөчө, Европада партиялар вакцина оппозициясына кирип, бул калктын белгилүү бир бөлүгүнүн добушун алуу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин көрдүк", - дейт.
"Биз милдеттүү эмдөө чараларын алып салууну жактаарын айтып, туура кадамга баргандай түр көрсөтүп жаткан партияларды көрдүк жана алар саясий өнөктөштүгүндө ушундай билдирүүлөрдү жасашты. Бул – коркунучтуу, анткени бул бир жолу болгондон кийин биз бул саясий ыкманы колдоно албай калабыз." (DO)












