Ковид: омикрон жана дельта коркунуч жаратууда - ДCСУ

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башчысы коронавирустун дельта жана омикрон варианттарынын айкалышы Ковид-19 учурларынын коркунучтуу цунамисин жаратууда деп билдирди.
Тедрос Адханом Гебрейесустун сөздөрү АКШ жана Европа өлкөлөрү рекорддук жаңы учурлар катталгандан кийин айтылды.
Франция экинчи күн катары менен Европадагы эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч - 208,000 учур жөнүндө билдирди.
Джонс Хопкинстин айтымында, АКШ акыркы жумада орточо эсеп менен 265,427 учур катталды.
Дания, Португалия, Улуу Британия жана Австралия да рекорддук көрсөткүчтөр тууралуу билдиришкен.
Польша шаршемби күнү 794 адам ковидден каза болгонун маалымдаган, бул пандемиянын төртүнчү толкунундагы эң жогорку көрсөткүч. Алардын төрттөн үчү эмделбеген адамдар болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөрдө тез эле үстөмдүк кылган омикрон дельта вариантына караганда жумшак, бирок жугуштуураак. Франциянын саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран журналисттерге "Омикрон жөнүндө сөз болуп жатканда, мындан ары толкун тууралуу айтпайм",-деди.
Бирок, доктор Тедрос бейтаптардын алдында эки варианттын "эки эселенген коркунучу" турарын эскертти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул абал чарчаган медицина кызматкерлерине жана кыйроонун босогосунда турган саламаттыкты сактоо системаларына дагы бир топ кыйынчылыктарды алып келет", - деп кошумчалады ДССУнун башчысы.
Учурда дүйнө жүзү боюнча күн сайын 900,000ге жакын жаңы учурлар катталууда деп билдирет Reuters маалымат агенттиги.
Американын жугуштуу оорулар боюнча эң мыкты адиси, доктор Энтони Фаучи CNNге омикрон инфекциясы АКШда калктын санын жана эмдөө деңгээлин эске алганда, январдын аягында туу чокусуна жетиши мүмкүн деди.
Бир нече бай мамлекеттер ковид вакциналарынын үчүнчү дозасын берүү үчүн күчөтүүчү драйвтарды ишке киргизишти, анын ичинде Улуу Британияда 12 жаштан жогорку адамдардын 57% азыр үчүнчү жолу эмдөөдөн өттү.
Бирок, доктор Тедрос журналисттерге бай өлкөлөрдүн масштабдуу кампаниялары "пандемияны узартышы мүмкүн" деп айтты, анткени алар жеткирүүлөрдү жакыр жана азыраак эмделген өлкөлөрдөн башка жакка жөнөтүү менен "вирустун жайылышына жана мутацияланышына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет".
Ал баарын 2022-жылдын ортосуна чейин дүйнөнүн 70% эмдөөдөн өтүү боюнча кампаниясын колдогон жаңы жылдык чечим кабыл алууну суранды. ДССУнун айтымында, дээрлик 100 өлкө калкынын 40% эмдөө боюнча баштапкы максатына жете элек.
Шейшемби күнү жарыяланган ДССУнун отчетуна ылайык, бардык варианттардагы жаңы ковид инфекцияларынын саны 26-декабрга чейинки жумада Европада 57% га, Америкада 30% га өскөн.
Бул сандар дагы эле өсүүдө, шаршемби күнү дагы рекорддор коюлду:
Францияда 208,000 учур катталды, 53 адам реанимацияда жана 184 адам каза болду;
Улуу Британияда 183,037 жаңы учур жана 57 өлүм катталган;
Италиянын күнүмдүк жаңы учурларынын саны шейшемби күнү 78,313, шаршемби күнү 98,020 жаңы учурга чейин көбөйдү;
Дания рекорддук 23,228 жаңы учурду билдирди. Алардын ичинен 1,205ке жакыны мурда Ковид менен ооруган;
Португалия 26,867 учурду билдирди, мурунку күнү 17,172 болчу;
Австралия 18,241 деп билдирди, бул шейшемби күнкү рекорддук 11,300дөн алда канча жогору;
Греция ошондой эле 28,828 учурдун 24 сааттык жаңы рекордун билдирди;
Расмийлер кээ бир жогорку көрсөткүчтөр Рождество майрамына байланыштуу отчеттордун кечигүүлөрүнөн улам болушу мүмкүн деп эскертишти.
Рекорддук инфекциялардын кесепеттеринин бири - вирусту жайылтпоо үчүн адамдар изоляциялангандыктан, кээ бир маанилүү кызматтарда кадрлардын жетишсиздиги болууда.
Улуу Британияда өрт өчүрүү бригадаларынын биримдиги билдиргендей, Лондондогу өрт өчүрүүчү машиналардын үчтөн бир бөлүгү ушул жуманын башында кызматкерлердин коронавирус менен ооруп калгандыгына же изоляцияга муктаж болгондугуна байланыштуу колдонулбай турат.
Ал эми АКШнын Техас штатында Улуттук гвардиянын мүчөлөрү бир нече жашы жете электердин камак жайларында жардам берип иштешет.
Испанияда акыркы эки жумада катталган жаңы учурдар 1360тан 100 000ге көтөрүлгөндктөн, Шаршемби күнү жумушчулардын ишин жеңилдетүү үчүн изоляция мөөнөтүн он күндөн жетиге чейин кыскартты. АКШ бул мөөнөттү кыскарткан, ал эми Улуу Британия эки күн бою тесттен терс жыйынтык алгандарга бир жумадан кийин изоляциядан чыгууга уруксат берилет деп билдирди. (MD)










