Ковид-19: Индиядагы түкүрүүгө каршы күрөш

Мумбайда граффитинин жанынан өтүп бараткан аял. Көркөм чыгармалар коомдук жайларда түкүрүүнүн коркунучу жөнүндө маалымдоо үчүн колдонулган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мумбайда граффитинин жанынан өтүп бараткан аял. Көркөм чыгармалар коомдук жайларда түкүрүүнүн коркунучу жөнүндө маалымдоо үчүн колдонулган.

Ушул жылдын башында Раджа жана Прити Нарасимхан эл алдына түкүрбөгүлө деген билдирүү таратып, Индияны кыдырышты. Жубайлар үн күчөткүчтү көтөрүп алышып, түкүрүүгө каршы ураандар жазылган унаанын ичинен билдирүүлөрүн кыйкырып жатышты.

Эгер сиз Индияда болгон болсоңуз, анда Нарасимхандар эмнеге каршы экенин билесиз. Шилекей көчөлөрдү көркүнө чыгарат. Кээде тамеки кошулган паан же жаңгак чайнагандан кийинки кыпкызыл шилекей жөнөкөй дубалдарды да, чоң имараттарды да кооздойт. Ал тургай, азыр Калькут шаарынын тарыхый Хаура көпүрөсүнө да жетиши мүмкүн.

Ошентип, Нарасимхандар өлкөнү кыдырып, анын көчөлөрүн, имараттарын жана көпүрөлөрүн коомдук түкүргүчтөрдөн коргоону максат кылышат. Алар Пуна шаарында жашашат жана 2010-жылдан бери өзүлөрүн түкүрүкө каршы жоокерлер деп атап алышкан. Алар семинарлар, онлайн жана оффлайн кампаниялары, жергиликтүү муниципалитеттер менен тазалоо аракеттерин аткарышты. Нарасимхан мырзанын айтымында, бир жолу алар Пуна темир жол станциясындагы дубалдагы паан тактарын боёп чыгышкан, бирок үч күндөн кийин адамдар кайра ал жакка түкүрүп башташкан.

"Дубалга эмнеге түкүрүшөт?!”- дейт ал.

Алардын чакырыктарын болгон реакциялар кайдыгерликтен тарта ачууланууга чейин болуп келген. Нарасимхан мырза бир кишини эстеди, ал минтип айткан: "Эмне көйгөйүң ​​бар? Бул эмне атаңдын менчигиби?"

“Бирок Ковид-19 толкуну Индияда кээ бир нерселерди өзгөрттү”,- дейт Нарасимхан айым. Кээ бир түкүргөндөр кечирим сурашкан.

"Пандемиядан коркуу аларды ойлондуруп койду",- дейт ал.

"Түкүрүүчү өлкө"

Индиянын көчөлөрүндө түкүрүүгө каршы күрөш ар дайым жарым-жартылай болуп келген. Мумбай шаары ыктыярдуу инспекторлор менен тыгыз иштешти. Алар эл алдында түкүрбөө, таштанды таштабоо же заара кылбоо үчүн элди урушуп турушкан. Бирок түкүрүү кылмышына көптөн бери көңүл бурулбай келген.

 Кээ бир шаарларда эркектерге түкүрүгүн көчөдөн сүрттүрүүгө аракет кылышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир шаарларда эркектерге түкүрүгүн көчөдөн сүрттүрүүгө аракет кылышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан кийин Ковид келди. Чиновниктер түкүрүүнү катаал айып пулдар менен жазалап, ал тургай түрмөгө камоо чарасын да көрүштү жана жана мунун бардыгы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жөнүндөгү мыйзамга ылайык жүргүзүлдү. Атүгүл премьер-министр Нарендра Моди “биз дайыма туура эмес экенин билгенбиз" деп, мекендештерине коомдук жайларда түкүрбөөгө кеңеш берди.

2016-жылы саламаттыкты сактоо министри түкүрүктүн коркунучу тууралуу суроого жооп берип жатып, парламентке: "Мырза, Индия түкүрүүчү өлкө. Биз тажаганда түкүрөбүз, чарчаганда түкүрөбүз, биз түкүрө беребиз. Биз ачууланганда же жөнү жок деле түкүрөбүз. Биз каалаган жерге жана бардык жерге түкүрөбүз”

Ал туура айтып жатат. Индиянын көчөлөрүндө түкүрүүгө боло берет: эркектер жолдун жээгинде эс алып жатып, машине же велосипед айдап бараткан эркектер светофорго баштарын чыгарып түкүргөндөн тартынышпайт. Акт көп учурда эскертүү менен коштолот. Ал какырыкты чакыруучу уникалдуу үн.

Бул адат көбүнчө эркектерге таандык. Индиялык эркектер өз денелерин өзүн ыңгайлуу сезишет жана "денеден чыккан бардык нерсе" да аларга нормалдуу көрүнүш дейт баяндамачы Сантош Десай.

Индиянын Telegraph гезитинин редакторунун жардамчысы Уддалак Мукерджи: "Шилекей дагы "мактануунун" бир түрү, ал уулуу эркектикти күчөтөт" дейт.

Эркектердин көчөдө түкүрүүсү Индияда нормалдуу көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркектердин көчөдө түкүрүүсү Индияда нормалдуу көрүнүш

Бирок эмне үчүн эл алдында түкүрүш керек?

Нарасимхан мырзанын айтымында, анын себептери ачуулануудан баштап "убакыт өткөрүүгө" чейин (алардын кыла турган эч нерсеси жок) же жөн эле колунан келгендиктен - "алар түкүрүүнү өздөрүнүн укугу деп эсептешет",-дейт ал.

Кээ бир тарыхчылар индустардын жана жогорку касталардын дене тазалыгын сактоо жөнүндөгү түшүнүктөрүн үй сыртына ыплас нерселерди таштоо менен байланыштырышат деп эсептешет.

"Түкүрүүгө болгон мамиле гигиеналык суроолордон жогору турат",- дейт Мукерджи мырза. "Бир жолу таксист мага: "Бүгүн мага жаман күн болду, ошондуктан терс тажрыйбаман арылгым келди " деди."

Түкүрүүгө каршы согуш

Көрсө, бир кезде эл каалаган жеринде түкүрүп жүргөн мезгили болгон экен. Индияда түкүрүүнү падыша сарайларында майрамдашчу жана көптөгөн үйлөрдө чоң түкүргүчтөр кооздолуп турган.

Орто кылымдардагы Европада дасторкондун астында эле тамактануу учурунда түкүрсө болгон. Эрасмус "шилекейди кайра жутуу" "адепсиздик" деп жазган.

1903-жылы British Medical Journal Американы "дүйнөнүн күтүүчү бороон борборлорунун" бири деп атаган. Массачусетс штатынын саламаттыкты сактоо боюнча инспектору 1908-жылы ал барган ар бир фабрикада тигүүчүлөр эмне үчүн жерге түкүрүшөт деген суроого: "Албетте, алар жерге түкүрүшөт; чөнтөктөрүнө түкүрүшмөк беле?" деген жооп алган.

Трамвайда түкүрүү кадимки көрүнүш болгон Британияда бул үчүн адамдар айыпка жыгылып, медициналык коомчулук ага каршы мыйзамды талап кылышкан.

1880-жылдары Нью-Йорк түкүрүүгө тыюу салган биринчи америкалык шаар болуп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1880-жылдары Нью-Йорк түкүрүүгө тыюу салган биринчи америкалык шаар болуп калды

Кургак учуктун жайылышы Батыштагы бул адатка акыры сокку урду. Журналист Видя Кришнандын айтуусунда 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында микробдор теориясынын өсүп келе жаткан маалымдуулугу чечүүчү ролду ойноду. Ал «Чума: Туберкулёз тарыхка кантип таасир этти» деген китептин автору.

"Микробдордун кантип тарай турганын билүү жаңы коомдук адаттарды жана үрп-адатты пайда кылды. Адамдар чүчкүргөндөн жана жөтөлгөндөн сактанууну, кол алышуудан жана ымыркайды өпкөндөн баш тартууну үйрөнүштү. Үйдөгү гигиенаны билүү сыртка да тарады."

Кришнан айымдын айтымында, маалымдуулуктун жогорулашы эркектердин "жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө" алып келди, анткени алар "кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулардын жайылышына алып келген масштабда эл алдында түкүрүшөт".

Бирок Кришнан айым Индияда бир катар тоскоолдуктар бар деп эсептейт. Ал жакта бул адатты токтотуу үчүн эч качан олуттуу аракет кылынган эмес. Ал эми тамеки чайноо, спортсмендердин камерага түкүрүүсү же Болливудда бири-бири менен мушташып жатканда түкүргөн эркектердин сүрөтү – булардын бардыгы дагы деле коомдо нормалдуу көрүнүш.

Нарасимхан мырза азыркы түкүргүчтөрдүн жетишсиздигине кейийт. "Түкүргүм келсе, кайда түкүрөм?",-дейт ал. "Калкутта бала кезимде кум толтурулган чырак мамыларына байланган түкүргүчтөр бар эле. Ал жок болуп, эми адамдар азыр бардык жерге түкүрө беришет"

Индияда коомдук түкүрүүнү ооздуктоо аракеттери эбак эле солгундап калган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда коомдук түкүрүүнү ооздуктоо аракеттери эбак эле солгундап калган

Кришнан айым дагы башка чоң кыйынчылыктар бар дейт. "Эч кандай масштабдуу жүрүм-турум өзгөртүү же коомдук саламаттыкты сактоонун кийлигишүүсү кастаны, классты жана жынысты жокко чыгара албайт",- дейт. "Индияда жуунучу бөлмөлөргө, агын сууга жана жакшы сантехникага жетүү артыкчылык болуп саналат."

Саламаттыкты сактоо адистери адамдарды эмне үчүн түкүрүп жатканын түшүнбөй эле жазалоо адатка каршы күрөштө жеңишке жетпей турганын эскертишти. Ал эми Covis-19 пандемиясынан эки жыл өткөндөн кийин, бул көз карандылыкты айыктырууга болгон ынтызарлык азайып баратат. Бирок Раджа менен Прити Нарасимхан иштерин токтоткон жок. Көпчүлүк адамдар бул Ковид-19нын жайылышына салым кошо аларын билишпейт жана биз бул маселени толук чечпесек да, жок дегенде бир аз өзгөртө алабыз деп ишенишет.

Нарасимхан мырза: "Убакытты текке кетирсек, эч нерсе эмес, биз аракет кыла беребиз. Эгерде биз 2% адамдарда мамилени өзгөртө алсак, анда биз ийгиликке жеткен болобуз” (MD)