Индияда миңдеген үй кожойкелери эмне үчүн өз жанын кыйышат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын Кылмыштуулукту каттоо боюнча улуттук бюросунун (ККУБ) жакында жарыялаган маалыматтарына ылайык, өткөн жылы 22 372 үй кожойкеси өз өмүрүн кыйган. Бул орточо эсеп менен күн сайын 61 аял же ар 25 мүнөттө бир аял өз жанын кыят дегенди түшүндүрөт.
Үй кожойкелери, Индияда 2020-жылы катталган жалпы 153 052 суициддин 14,6%ын жана өз жанын кыйган аялдардын жалпы санынын 50%дан ашыгын түзгөн.
1997-жылдан бери ККУБ өз жанын кыюу тууралуу маалыматтарды адамдын иш ордуна байланыштырып чогулта баштагандан бери, жыл сайын 20,000ден ашуун үй кожойкелери өз жанын кыяры белгилүү болупкалган. 2009-жылы алардын саны 25 092ге жеткен.
Отчеттор дайыма мындай суициддерди "үй-бүлөдөгү көйгөйлөр" же "никеге байланышкан маселелер" деп түшүндүрөт. Бирок, миңдеген аялдарга өз өмүрүн кыйууга чындыгында эмне түрткү берет?
Психикалык ден-соолук боюнча эксперттердин айтымында, негизги себеп - үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук. Өкмөттүн сурамжылоосуна катышкан аялдардын 30% жакыны жубайларынан зордук-зомбулук көргөнүн жана күнүмдүк түйшүк үй-бүлөлүк турмушту азапка айланып, жубайлары менен батыша албай калышканын айтышкан.
Түндүктөгү Варанаси шаарындагы клиникалык психолог, доктор Уша Верма Сривастава:
"Аялдар чындап эле чыдамкай, бирок сабырдуулуктун да чеги болот.
Кыздардын көбү 18ге чыгаары менен, бул никеге туруунун мыйзамдуу курагы, күйөөгө берилет. Алар келин болуп, бүт күнүн тамак жасап, үй жыйнап, үй жумуштары менен өткөрөт. Аларга дагы ар кандай чектөөлөр жүктөлгөн. Аларга кенедей гана жеке эркиндик берилет, сейрек учурда гана кандайдыр бир акчага ээ боло алышат.
Алардын билим алуусу жана кыялдары эч кандай мааниге ээ болбой, амбициясы акырындык менен өчүп, үмүтсүздүк жана көңүл калуу орноп, жашоосу азапка айланат".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Доктор Верма Шривастава улгайган аялдардын жанын кыюу себептери башка экенин айтат.
"Көптөрүнүн балдары чоңоюп, бөлүнүп кеткенден кийин бош калган уя синдромуна туш болушат. Көбү кишини жашык кылган жана депрессияга алып келүүчү перименопаузага кабылышат."
Ал: “өз жанын кыюунун алдын алуу оңой жана "эгер сиз бирөөнү бир секундга токтотсоңуз, анда алар ал кадамга барбай калышы мүмкүн", - дейт.
Себеби, психиатр Сумитра Патхаре түшүндүргөндөй, көптөгөн индиялык суициддер импульсивдүү болот:
"Эркек үйгө келет, аялын сабайт, аялы өзүн өлтүрөт".
Анын айтымында, көз карандысыз изилдөөлөр көрсөткөндөй, өз өмүрүн кыйган индиялык аялдардын үчтөн бири үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Бирок үй-бүлөлүк зомбулук ККУБ маалыматында себеп катары айтылган эмес.
Чайтали Синха, бангалордогу Wysa психикалык саламаттык колдонмосунун психологу, " үй-бүлө такай зомбулукта кабылган аялдардын көбү башкалардан бейрасмий колдоо тапканы үчүн гана жашоого тоюп кетпей жүрүшөт", - дейт.
Мурда Мумбайдагы мамлекеттик психиатриялык ооруканада өз жанын кыюуга аракет кылгандарга кеңеш берип үч жыл иштеген Синха айым, аялдар жергиликтүү поезддерде каттап жүргөн учурларында же кошуналары менен жашылча-жемиш сатып алып жатканда чакан колдоочу топторду түзүп алышарын байкаганын айтат.
"Алардын бугун чыгаруучу башка жолу жок жана кээде алардын акылынан танбай калуусу үчүн бир эле адам менен болгон сүйлөшкөнү жетиштүү. Пандемия жана карантин чаралары алардын абалын ого бетер начарлатты", -дейт ал.
"Үй кожойкелери үчүн күйөөлөрү жумушка кеткенден кийин үйү коопсуз болчу, бирок пандемия учурунда мындай мүмкүнчүлүк дагы жок болуп калды. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган учурларда, бул алардын көбүнчө зомбулук көрсөткөндөр менен бирге бир жерге камалып калганын билдирет. Бул алардын кыймылын жана башка кубаныч же сооротуу алып келе турган нерселер менен алектенчү мүмкүнчүлүгүн чектеген. Ошентип, ачуулануу, капачылык жана кайгы убакыттын өтүшү менен күчөп, өз жанын кыюу алардын акыркы чарасына айланат".
Индия өз жанын кыйгандардын саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда: Индиялык эркектердин өз жанын кыюусу дүйнөлүк суициддердин төрттөн бирин түзөт, ал эми дүйнөдөгү 15 жаштан 39 жашка чейинки суициддердин 36%ын индиялык аялдар кылышат.
Бирок психикалык бузулууларды жана өз жанын кыюунун алдын алууну изилдеген доктор Патхаре: “Индиянын расмий сандары өтө эле төмөн көрсөтүлгөн жана көйгөйдүн чыныгы масштабын чагылдырбайт”, - дейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Million Death Study’нин [1998-2014-жылдар аралыгында 2,4 миллион үй-бүлөдө 14 миллионго жакын кишиге мониторинг жүргүзгөн] же Lancet’тин изилдөөсүн карасаңыз, Индияда өз жанын кыюу фактылары 30%-100% чейин азайтылып айтылат.
Өз жанын кыйгандар тууралуу сөз жүрбөйт – бул уят жана жаманат, ошондуктан үй-бүлөлөр аны жашырууга аракет кылышат. Индиянын элет жерлеринде өлүккө экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт, байлар болсо, өзүңөр билгендей, өзүн-өзү өлтүрүү фактысын кокусунан болгон өлүм катары көрсөттү үчүн жергиликтүү полицияга таянышат. Полициянын маалыматтары текшерилбейт" - деп кошумчалады ал.
Доктор Патхаре: “Индия өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгып жаткан учурда, “биринчи кезекте маалыматтардын сапатын оңдолушу керек”, - деп эсептейт.
"Эгерде Индияда өз жанын кыюуга аракет кылгандардын санын карап көрсөк, алардын аздыгы күлкү келтирет. Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, өз жанын кыуюга аракет кылгандардын жалпы саны чыныгысынан 4-20 эсе аз көрсөтүлөт. Демек, өткөн жылы Индияда 150 000 өз жанын кыюу фактысы катталса, анда өз жанын кыюуга аракет кылгандардын саны 600 миңден 6 миллионго чейин жетет”, - дейт ал.
Доктор Патхаре: “Бул өз жанын кыюунун алдын алуу боюнча чукул иштешүү керек болгон биринчи тобокел тобу. Бирок маалыматтын начар сапаты ишке тоскоол болуп, бүт дүйнөгө кесепетин тийгизип жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун максаты - 2030-жылга чейин дүйнөгү өз жанын кыйгандардын санын 30% кыскартуу. Бирок бизде өткөн жылы, алардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 10% көбөйдү. Жана бул санды азайтуу - аткарылбас кыял бойдон калууда". (DO)











