Кыргызстанда аялдарга каршы зомбулук азайбай келет

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

25-ноябрь – аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Дүйнө жүзүндө бул күнү зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды.

ИИМин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, 2020-жылы 8577 учур катталган. Бул көрсөткүч бир жылда дээрлик 30%га өстү дегенди түшүндүрөт. Ал эми Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында үй-бүлөдөгү зомбулук (КР ЖЖК 75-берене) фактысы боюнча 4393 кылмыш катталган. Анын ичинен 527си сотко жиберилип, 263 өндүрүштө, ал эми калганы кыскартылган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90%дан ашыгы аялдар болуп саналат.

Татьяна Зеленскаянын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Татьяна Зеленскаянын сүрөтү

Ала качуунун курмандыктары

Соңку мезгилдеги Кыргызстанда аялдарга карата зомбулуктун эң кейиштүү учурлары "ала качуу салтына" байланышкан. Кыз ала качкандар бул кыргыз элинин мурдатан келе жаткан салты деп аны моралдык кечирим катары бетке кармаганы менен, өткөн кылымдын ортосунда жашаган карыялардан жыйналаган этнографиялык материалдар (мисалы, С. М. Абрамзондун материалдары), ала качуу кылмыш болгонун көрсөтүп турат.

2018-жылы кыз ала качуунун курмандыгы болуп, милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулайдын өлүмү жалпы кыргызстандыктардын үрөйүн учурган чоң окуя болду.

Бурулай Турдаалы кызынын трагедиялуу өлүмү бүтүндөй кыргызстандыктарды нес кылган. Коомчулукта укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан тарта, эркектердин жоопкерчилиги, адамдык баалуулуктардын бузулуп жатышына чейинки маселелерди козголгон талкуулар болгон. Өлкө бийлиги дагы бул маселеге көңүл буруп, күнөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылган.

Жыйынтыгында сот Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган Марс Бөдөшевди "кыз ала качуу" жана "адам өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таанып, 20 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучулардын бири Акмат Сейитовго сот "кылмыш кылууга көмөк көрсөткөнү" үчүн жети жылга түрмөгө кескен.

Бурулайдын сүрөтү өзү окуган окуу-жайга тартылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бурулайдын сүрөтү өзү окуган окуу-жайдын имаратында тартылып турат

Быйылкы жылдын жаз айларында 27 жаштагы Айзада Канатбекова ала качуунун дагы бир курмандыгы болуп калды.

5-апрелде белгисиз адамдар аны ала качышкан. Айзаданын жансыз денеси эки күндөн кийин Бишкектин четиндеги талаада токтоп турган унаадан табылган. ИИМ маалыматына караганда, Айзаданы уурдоого шектелген 36 жаштагы киши дагы өзүнө бычак сайып каза тапкан. Ал биринчи кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайган. Айзаданы үч жигит көчөдөн күч менен машинеге салып кеткени тартылган видео интернетке тарап кеткен.

Сентябрь айында Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан 5 киши тең сот жообуна тартылды. Алардын экөө алты жылга, үчөө жети жылга кесилди.

Айзаданы үч жигит көчөдөн күч менен машинеге салып кеткени тартылган видео интернетке тарап кеткен

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айзаданы үч жигит көчөдөн күч менен машинеге салып кеткени тартылган видео интернетке тарап кеткен.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк илип сабаган күйөө

Дагы бир коомдо чоң талкуу жараткан аялдарга зомбулук көрсөтүү факты, соцжелелерге тараган Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кордогон эркектин видеосу аркылуу белгилүү болгон.

Бул кылмыш ишин Сузак районунун милициясы териштирип, жыйынтыгында шектүү деп саналган Бек-Абад айылынын 51 жаштагы тургуну сот тарабынан 2 жылга шарттуу түрдө гана кесилген. Бирок ага чейин сабалган аял тосмо арыз жазган.

Соцжелелерге тараган Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кордогон эркектин видеосунан кадр.

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соцжелелерге тараган Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кордогон эркектин видеосунан кадр.

Феминисттер жана милиция

2020-жылы Бишкекте "Тилектештик маршына" чыккан аялдарга беткапчан белгисиз адамдар тоскоолдук кылышкан, бирок ИИМ кызматкерлери ондогон аялдарды кармап кетишкен. Кармалгандардын арасында маршты уюштуруучулардын бири, феминист Гүлайым Айылчы да болгон. Ал Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) “Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу” деп табылганын эске салып, мамлекет тарабынан аялдарга карата зомбулукту азайтуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалбай жатканын сынга алды.

Гүлайым Айылчы

Сүрөттүн булагы, Guliaim Greeny

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлайым Айылчы

“Зомбулук, жаңылыктарды окугандан кийин азайып калбайт. Ооба, маалымдуулук чоң ролду ойнойт, бирок ал жетишсиз. Зомбулукта жашаган адамдардын көбү анын нормалдуу эмес экендигин түшүнүп эле жатышат. Бирок оор учурларда жөн гана каалоо жетпейт, ортодо көптөгөн факторлор бар. Эң биринчиси бул - зомбулукту жасаган киши жоопкерчиликтен кабардар болушу керек, зомбулук жасаса чын эле милицияга түшөөрүн, билиши керек. Ошол эле маалда аялдын гарантиялары болушу зарыл, милицияга чалса, милиция чын эле келерин, ага жардамчы болоруна ишениш керек. Жана дагы, аял материалдык жактан күмөн санабашы маанилүү. Мамлекет колдосо, аял жашап жаткан үйүнөн куулбаса, эркектер алименттерди төлөсө, ошондо аялдар коркпой зомбулукка чыдабай, кетип калууну артык көрүшөт”, - дейт Гүлайым Айылчы.

2020-жылдагы аялдардын тилектештик маршына сүрөтчү - иллюстратор Татьяна Зеленская дагы катышкан. Милиция кармап кеткен аялдардын арасында ал дагы болгон.

Милиция кармап кеткен аялдардын Татьяна Зеленская дагы болгон.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Милиция кармап кеткен аялдардын Татьяна Зеленская дагы болгон.

Зеленская ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын окуясынан кийин “Бурулай, Айзада, дагы башка миңдеген кыздар. Кыйкырып, чакырып, суранбай эле койгула. Силерге жардам беришпейт. Анткени алар силерди сактап калгыларды деле келген эмес” деген пост менен Facebookка төмөнкү сүрөтүн жарыялаган.

Татьяна Зеленскаянын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Татьяна Зеленская ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын окуясынан кийин бул сүрөтү тартып чыккан.

Зеленская: “ Негизи менин сүрөттөрүм – бул менин ошол окуяга болгон реакциям жана ага элдин көңүлүн буруу аракетим. Жана мага эң маанилүүсү, сүрөт – мен үчүн кандайдыр бир деңгээлде кабатырланбоонун терапиялык ыкмасы. Мен узун пост жазбайм, бирок ичимдеги тынчсызданууну жана каршылыкты өзүм билген курал аркылуу жеткирем. Ал – сүрөт тартуу куралы.”

Татьянанын Сузактагы мойнуна дөңгөлөк асылып кордолгон аялдын окуясынан кийин тарткан сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөтүн Татьяна Сузактагы мойнуна дөңгөлөк асылып кордолгон аялдын окуясынан кийин тарткан.

Аялдарга карата зомбулуктун токтобой келишинин 3 себеби

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мыйзамдардын катаалдашуусуна карабай, аялдарга карата зомбулуктун азайбай келишин негизги 3 себеп менен бар дейт.

“Ооба, мыйзамдар иштелип чыгып жатат. Бирок зомбулукту токтотууга мыйзам эле жетишпейт. Анын нормалары иштебейт. Буга көп себептер бар”.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Динара Ошурахунова, укук коргоочу
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Биринчи себеп - бул билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү. Мектептен тарта адамдын укугун сыйлоо, түшүнүү деген нерселер окутулбайт. Окутулса да, формалдуу түрдө гана окутулуп, ал окуучуларга жеткиликтүү эмес. Кыргызстанда мектепти бүткөндөрдүн дээрлик көбү эмнени окуганын түшүнбөй турганын эл аралык изилдөөлөр көрсөткөн".

Билим берүүдөгү өксүк үй-бүлөдөгү зомбулуктун экономикалык кесепетерин жаратаарын мындай түшүндүрөт:

"Ал - экономикалык себеп. Тагыраак айтканда, жакшы окубаган адам турмушта билими жок болуп, жумуш таба албай, маалыматтарды туура колдоно албай, өзүнүн ордун таппай кыйналат. Мунун себебинен ал материалдык жактан өзүн жакшы камсыз кыла албайт дагы, кедейлик келип чыгат. Ошондон улам жумушу жок, акчасы жок, турмушта өзүнүн орду жок кыйналып, проблемаларга кабылган эркек, болгон агрессиясын же жинин үй-бүлөсүнөн чыгарат. Аялын, балдарын токмоктойт”.

Үчүнчү себеп, коомдун тең укуктуулукка калыптанган көз караштарына байланыштуу дейт ал.

“Укук коргоо органдары зомбулукту азайтканга шарттарды түзгөнгө аракет кылышкан, бирок аларга көп көңүл бурулбайт. Бурулганда деле салт, менталитет, стереотиптер жана туура эмес баалуулуктардын айынан аягына чыкпай же керектүү деңгээлде каралбай келет. Биздин коомдо аялды адам катары эмес, функция катары көрүшөт. "Үйүндө отуруш керек, балдарды багыш керек” деген сыяктуу жарлыктарды илип коюшкан жана кыздарга көп чектөөлөр коюлган. Анан дагы, эркектер ката кылса кечиримдүү, ал эми аялдарга кечирилбейт. Алсак, парламентте деле аялдар аз, башка эркек депутаттар кылып эле жүргөн катаны аялдар кылса, коомдо катуу талкуу жаралып, алар сынга көбүрөөк кабылышат. Ушул сыяктуу, эркек менен аялдарга шарттар, мамиле бирдей эмес”, - деп аялдарга карата зомбулуктун азайбай жатканы тууралуу сөзүн тыянактады ал.