Кыргызстан: үй-бүлөдөгү зомбулукту токтото албаган мыйзам
- Author, Наргиза Рыскулова
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстандагы үй-бүлө зомбулугуна каршы кабыл алынган мыйзам - постсоветтик мейкиндиктеги прогрессивдүү мыйзамдардын бири. Иш жүзүндө мыйзам иштебей, зөөкүрлөр жазадан кутулуп кеткен учурлар көп.

21 жаштагы Аман карантинге байланыштуу эжеси менен сейрек көрүшүп калган эле. Акыркы айларда аны менен жездесинин телефону аркылуу гана ал-акыбал сурашканга мүмкүн болуп калды. Бир апта мурун коңгуроо кылса, телефонду Элина өзү алган.
"Телефондон анын ыйлаганы байкалып турду. "Аман, мага жардам кыл, алып кет мени! Ал мени дайыма сабайт!" деп айтып, телефон үзүлүп калды. Мен анын коркунучта экенин дароо түшүндүм дагы алардын дарегине милиция чакырдым",- дейт Аман.
Өзү Элинанын үйүнө оңойлук менен жете алмак эмес. Түнкү саат ондо коңгуроо кылган экен. Ал маалда Бишкекте Covid-19 эпидемиясына байланыштуу коменданттык саат киргизилген болчу. Аманды туугандарынын бири жеткирип барууга макул болот. Бирок милициянын тосотторунан өтүү дагы өзүнчө түйшүк болду. Алар апасы экөө араң дегенде Элинанын үйүнө келишти.
"Биз барганда милиция муну үйдөгү казан-аяк кагышуусу катары карап эле, кайра кетүүгө камданып жатышкан экен",- дейт Аман.
Аман апасы экөөлөп жатып милицияга арыз тапшырып, үч күнгө убактылуу коргоо ордерин жазып берүүнү түшүндүрүшкөн. Мындай чара үч жыл мурун кабыл алынган. Мурда жабыр тарткан адамды укук коргоо органдары өзүнүн арызынын негизинде гана "убактылуу коргоого" алууга укуктуу эле. Мыйзамдык өзгөртүүлөр киргенден кийин зомбулук тууралуу айткан күбө же медицина кызматкеринин арызынын негизинде дагы коргоого алуу каралды.
Мындай мыйзам иштеп жатканы менен маселе чечилип калган жок. Укук коргоочулардын айтымында, көпчүлүк аялдар мурдагыдай эле милицияга кайрылбайт жана алардан жардам алууга мүмкүн экенин түшүнө бербейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, үй-бүлө зомбулугуна кабылгандардын көбү аялдар. 2018-жылы катталган үй-бүлө зомбулугунун 95% эркектер тарабынан жасалган. Көбүнчө аялына кол көтөргөндөр. Үй-бүлө зомбулугунан өлгөндөр тууралуу Ички иштер министрлигинин атайын статистикасы жок. Бирок "Аялдардын демократиялык түйүнү" фондунун эсебинде, 2018-жылы эле 62 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан ажал тапкан.
Коронавирус кырдаалды андан бетер күчөттү. Карантинден улам көпчүлүк аялдар агрессивдүү жакындары менен үйдө чогуу камалып калды. Зомбулукка кабылганын айтып кайрылгандар саны Бишкектин өзүндө эле өткөн жылга салыштырганда 62 пайызга көп болду, деди ИИМ. Кризистик борборлор карантин шартында телефон аркылуу гана кеңеш бере алат. Атайын уруксат кагазы болбогондон кийин алар жардамга жетип бара албайт.
"Карантин жана өзгөчө абал өлкөдөгү үй-бүлө институтунун "жарасын" ырбатты",- деп белгилейт мыйзам авторлорунун бири Наталья Никитенко.
Элинанын окуясы башкалардыкына окшош. Ага жолдошу үйлөнгөндөн бир нече ай өткөндөн кийин эле кол көтөрө баштаган. Төрт жыл бирге жашап жүрүп, бирок ата-энесине бир да жолу даттанган эмес экен. Азыр бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Күйөөсү бул "жубайлар ортосундагы боло келген келишпестик, болгону бир нече жолу түртүп гана жибергемин" деп актанууда.
Элинага оңдой берди болду. Анткени жакындары ага болушуп, дароо үйүнө алып кетишти. Амандын "Фейсбуктагы" билдирүүсүнө миңдеген киши пикирин жазып, укук коргоочулар, адвокаттар жардам сунуштаган. Бирок баарынын окуясы эле мындай боло бербейт.
Прогрессивдүү мыйзам
Насибанын (ысымы өзгөртүлдү) турмуш курганына 17 жыл болду. Күйөөсү ичип келип кол көтөргөнүнө 14 жылга аяк баскан. Үч ай мурун ага болушкан тун кызына күйөөсү бычак көтөрүп чуркагандан кийин милицияга арыз менен кайрылды. Үй-бүлөнүн беш баласы бар.
Насиба алды менен тааныш адвокаты, аялдар укугун коргоо жаатында иш алып барган Мухайехон Абдурауповага кайрылган. Ал болсо милицияга арыз жазууга көндүргөн.
"Насиба мага түн ортосунда бир жаштагы баласын көтөрүп алып, ыйлап келди. Биз милицияга арыз жазуу үчүн бардык. Бирок алар биздин арызды кабыл алуудан баш тартып, каттоосу башка жерде экенин, ошол бөлүмгө кайрылууну айтышты. Элестеткиле, жабырлануучу калтырап-титиреп милициядан жардам сурап келсе, алар арызын кабыл албай койсо, экинчи жолу келеби?",- дейт Абдураупова.
"Ошол эле маалда Кыргызстандын үй-бүлө зомбулугуна каршы мыйзамы Борбордук Азиядагы эң прогрессивдүү мыйзам саналат", -дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Хилари Марголиц.
Бирок анын кагазда гана жашап жатканы өкүнүчтүү, деди ал. Кыргызстандын мыйзамында коргоо ордеринен сырткары социалдык колдоо көрсөтүү жагы да каралган. Мыйзам толук иштеп кетиштен мурун үй-бүлө зомбулугуна карата коомдук мамилени өзгөртүү зарыл. Бул үчүн саясий эрк гана жетишсиз, ага казынадан акча дагы керек.
Эл аралык уюмдардын эсебинде, мыйзамды ишке ашырууга 25 млн сом (300 миң доллар) керек. Жыл сайын бул каражат үй-бүлө зомбулугуна кабылгандарга жардам көрсөткөн кризистик борборлорго жумшалат жана зомбулук көрсөткөндөр үчүн коррекциялык программаларды иштеп чыгууга сарпталмакчы.
Бирок 2018-жылы буга 50 миң доллар гана салышкан. Гендердик зомбулуктун алдын алуу үчүн үч жылга башка чыгымдар каралган эмес. Азыраак гана каражат кризистик борборлорго бөлүнгөн. Өлкө боюнча 16 кризистик борбор иштеп, болгону алардын бешөөндө гана баш калкалоочу жай бар. Аларда дагы көп учурда орун жетишпей калат.
Ушундай шартта мыйзамдык жол-жоболору так көрсөтүлүп турса дагы аялдар зомбулуктан корголгон эмес. Анткени система анын муктаждыгына жараша куралган эмес, дейт Марголиц.
Кандай болгондо дагы үй-бүлө бүтүндүгү

Насиба буга чейин дагы күйөөсүнүн үстүнөн арызданган. 14 жыл мурун экинчи кызын жарык дүйнөгө алып келгенде, күйөөсү уул төрөбөдүң деп сабаган экен. Эки кызын алып, төркүнүнө кетип калган. Эжеси аны милицияга арыз жаздырат. Ал кезде милиция анын арызын алууга көп деле кызыкдар болгон эмес. Эмнеге балдарынын атасынын үстүнөн даттанып жатат деп жактырышпай, андан көрө жарашып алгыла, милициянын убактысын жөн эле ала бербегиле деп айтышкан. Насиба талап кылып туруп алганда, анан күйөөсүн 15 сутка камашат.
"Көпчүлүк милиционерлер азыр деле үй-бүлөдөгү зомбулук милициянын иши эмес, үй-бүлөнүн чегиндеги маселе деп түшүнөт. Мындай мамиле дагы үй-бүлө зомбулугуна кабылгандар үчүн дагы бир тоскоолдук. Мыйзам иштеши үчүн милиционер, прокурор жана судьяларды бардык деңгээлде окутуу керек",- деп белгиледи Human Rights Watch өкүлү Хилари Марголиц.
Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугуна баргандарды жазага тартууга жол берген мыйзам 17 жылдан бери иштейт. Мурда милиция мындай арыздарды алгысы келчү эмес. Анткени арыз жазган адам кайра кайтарып алган учурлар оголе көп болгон.
Жаңы мыйзам үй-бүлө зомбулугу боюнча келген арыздардын баарын кылмыштардын реестрине каттоого алууга милдеттендирет.
Бул мыйзам иштей баштагандан тарта үй-бүлө зомбулугуна байланышкан кылмыштар кескин секирик жасады. 2019-жылы 2015-жылга караганда төрт эсеге көп катталды.
Мыйзамдын дагы бир кемчилиги - жабыр тарткан адам денесине келтирилген зыяндарды атайын экспертизанын тыянактары менен ырасташы керек.
Психологиялык же физикалык зомбулукка кабылган аялдар өз маалында кайрылып, аныктама алганга кудурети жеткен учурлар болот, дейт Марголиц.

Сүрөттүн булагы, Би-си-си
Адвокат Мухайехон Абдураупова болсо Насибанын дароо экспертизадан аныктама алууга көмөк көрсөткөн. Насиба Ош шаарындагы консервативдүү көз караштар үстөмдүк кылган чөйрөдөн. Ошондуктан ажырашып кеткендерге бул жерде мамиле башкача. Ал эмес ажырашкан келин өзүнүн бир тууган эже-сиңдилеринин, жакын туугандарынын бой жеткен кыздарынын турмушка чыгуусуна тоскоол болот. Түшүнүктөр ушундай, дейт Мухайехон.
Human Rights Watch изилдөөчүлөрүнүн жабырлануучулар арасындагы сурамжылоосу мыйзамдуу коргоочу же адвокаты бар аялдар гана күйөөсүнө каршы кылмыш ишин аягына чыгара аларын көрсөттү.
Калгандары социалдык басымга туруштук бере албай, арызын артка кайтарып алат. ИИМ маалыматына караганда, 86% арыз сотко чейин эле жабылат. Сотко барганда дагы айып пул менен иш бүтөт.
Үй-бүлөнү сактап калыш керек деген түшүнүк үстөмдүк кылып, Насиба дагы биринчи жолу арыз менен кайрылганда ажырашууга барган эмес.
Күйөөсү ата-энесинин үйүнө кайра-кайра келип, коркутуп-үркүтүп жүрүп жарашып алган. Азыр Насиба ошондогу кадамына өтө чоң өкүнүчтө экенин айтып берди.
Эгерде, зомбулукка кабалыган аялды төркүндөрү кабыл албай койсо, абал өтө чатак. Балдары менен көчөдө калуу кокрунучу бар. Убактылуу коргоо ордери зомбулук тууралуу факты каттоого алынар замат автоматтык түрдө жазылышы керек. Кийин анын шарттары кандай аткарылып жатканын аймактык милиция көзөмөлүнө алат. Жабырлануучу үч күндөн кийин ордерин бир айга узартып алууга укуктуу. ИИМ маалыматына таянсак, 2018-жылы 7178 коргоо ордери берилип, алардын 64 гана узартылган.

Коргоо ордери берилген учурда күйөөсүн үйдөн чыгарып жиберген учурлар жок. Аял киши баш калкасын өзү издөөгө туура келет. Ошондуктан көп учурда милиция ал аялдын күйөөсүн катуу эскертүү менен тим болот.
Коронавирус пандемиясы маалында үй-бүлө зомбулугунун күчөп кетиши депутаттарды мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүүгө мажбур кылды. Ага ылайык, зомбулук көрсөткөн адам мас абалында болсо же укук коргоо органдары жабырлануучуга коркунуч туулган деп тапса, 48 саат камакка алууга укуктуу. Мурда "өтө зарыл учурда" гана камакка алууга болот деп жазылып, бирок ал кандай учур экени так көрсөтүлгөн эмес. "Убактылуу коргоо" ордери берилгенден кийин дагы катуу сабап салган учурлар катталган.
"Убактылуу коргоо" ордери физикалык зомбулукту токтоткону менен психологиялык басымды жеңүү кыйын. Насибанын ата-энеси Түркияда болуп, Ошто туугандары болбогондуктан, милицияга арыз жазгандан кийин кайра жолдошуна кайтып келген.
"Күйөөмө убактылуу коргоо ордерин бергенден кийин бизге кол көтөрө албай калды. Бирок сөгүнүп, мазактайт, -дейт Насиба. - Эми анын ата-энеси дагы телефон чалып, ажырашсаң эч нерсеге ээлик кылбайсың деп айтышты. Беш балам менен кайда бармак элем?".
Ушундан эки айдан кийин Насиба арызын кайтарып алды. Бирок күйөөсү менен келишип туруп кайтарып алган. Жолдошу аны Орусиядагы эжесиникине балдары менен кетүүгө уруксат берген. Азыр ал балдарынын билим алышына шарт түзүү үчүн иштеп, каражат табуу ниетинде турат.
"Кишилердин аң-сезимин өзгөртүү оңой эмес, бирок өзгөртүүгө мүмкүн. Кыргызстанда жарандык коомдун өтө күчтүү экени кубандырат",- дейт Хилари Марголиц.
Эки жыл мурун кабыл алынган мыйзамда айып пулдун көлөмү он эсе көбөйгөн эле. Азыр 400дөн 900 долларга чейин. Бирок Human Rights Watch изилдөөсү боюнча көп учурда зомбулук көрсөткөн киши жумушсуз болгондуктан, айып пулду кайра эле жабырлануучулар төлөп калган мисалдар дагы арбын. (AbA)
*












