Менопауза: “Мээдеги туман” деген эмне жана эмнеге ал менопаузадан эрте башталышы мүмкүн?

Concept image: A woman with a cloud for a head, holding an umbrella

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Laura Plitt
    • Role, BBC News Mundo

Карьерасынын башында Нью-Йорктогу Lenox Hill ооруканасынын невропатологу Гаятри Деви жана анын кесиптештери ката кетиришкен: алар менопаузага кабылган аялга Альцгеймер оорусуна чалдыкты деп туура эмес диагноз коюшкан.

Бир катар дарылоодон кийин (акыркысында эстроген берилген), аялдын ден-соолугу жакшырып, Деви анын алгачкы симптомдору - эс тутумдун начарлашы, бүдөмүк ой жүгүртүү - чындыгында такыр башкача себептен келип чыканын түшүнгөн.

Бейтаптын когнитивдик жөндөмүнүн төмөндөшү анын эстроген гормону кескин төмөндөп кетишине түздөн-түз байланыштуу болгон. Эстроген деңгээли климакс башталганга чейинки жылдарда өзгөрүлө баштайт. Климакс клиникалык жактан аялдын акыркы айызынан бир жылдан кийин башталат.

Бул жыйынтык Деви үчүн бурулуш учур болуп, менопаузанын анча белгисиз болгон белгилеринин бирин - мээнин тумандашын - изилдеп келген. Мээ тумандаган учурда (аны кээде психикалык туман деп да аташат) эң эле тынчсызданткан нерселеринин бири - көптөгөн аялдар андан жапа чегип, бирок анын себептерин билбегени.

"Көптөгөн аялдар перименопауза мезгилин башынан өткөрүп жатып, (менопаузага жакын мезгил, болжол менен жети жылга созулушу мүмкүн) - сөздөрдү эстөөдө жана табууда кыйынчылыктарга учурай башташат же бир эле учурда бир нече тапшырмаларды аткара албай калат", - деди Деви Би-Би-Сиге.

"Алар оозеки эркин сүйлөөдө кыйналышы мүмкүн. Демейде аялдар кыйын сүйлөйт эмеспи", - дейт ал.

Башынча эстеткич чаптаган көчөдөгү аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым аялдар кээ бир сөздөрдү же эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн толугу менен унутуп калышат

"Бул, мисалы, дүкөнгө барып, эмнени сатып алыш керек экенин эстегенде колдонуучу эс тутумдун түрүнө таасир этет", - дейт Би-Би-Сиге Чикаго-Иллинойс университетинин психиатрия, психология жана акушердик-гинекология боюнча профессору Полин Маки жана америкалык менопауза коомунун мурунку президенти.

"Бул биздин окуяларды айтып берүү же сүйлөшүүгө катышып, кийинчерээк айткандарыбызды эстеп калуубузга таасир этет", - деп кошумчалайт ал. Көйгөй мурда ойлогондон дагы кеңири жайылган.

"Биздин изилдөөлөрдүн жүрүшүндө аялдардын 10% өз курагы боюнча күтүлгөндөн кыйла төмөн балл алган клиникалык жактан олуттуу мүчүлүштүктөрдү таптык" - дейт профессор Маки. "Бирок көптөгөн башка кыйынчылыктарды башынан тымызын өткөрүшөт. Алардын жумуштагы жалпы жөндөмү өзгөрбөсө дагы, бары бир айырмачылыкты байкай беришет".

Деви Девинин айтымында, "перименопауза же менопауза учурунда болжолдуу түрдө аялдардын 60% субъективдүү когнитивдик өзгөрүүлөргө дуушар болушат, бирок аларды медициналык текшерүүлөр менен дээрлик ар дайым ырастоого болот".

Эстроген сезгичтиги

Негизги маселелердин бири - мээде эстроген рецепторлору бар жана алардын көпчүлүгү эс тутумдун айрым түрлөрү иштеши жана эс алуу үчүн маанилүү болгон мээнин гиппокампында жайгашкан. "Эстрогендин кескин төмөндөп кетиши, гиппокамптагы айрым иш-аракеттерге таасир этет", - деп түшүндүрөт доктор Деви.

Концептуалдык фото: Мээнини голограммасын алаканында көрсөткөн аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мээнин эстроген рецепторлору кескин гормоналдык азайуудан жабыркайт

"Изилдөөлөрдүн бирине эстроген эң көп өндүрүлгөн энелик безин алдырып салган аялдар катышкан. Аларга эстроген кошумча берилгенде когнитивдик жөндөмү кайра жакшырганы байкалган" , - дейт профессор Маки.

Бирок перименопаузаны башынан кечирип жаткан аялдардын бардыгы эле психикалык туманга кабылбайт - эмне үчүн? Себеби ар бир аял эстрогендин өзгөрүшүн ар башкача сезет. Баса, "психикалык туман" деген сөздү 19-кылымдын орто ченинде Британиялык дарыгер Эдвард Тилт ойлоп тапкан. Анын бейтаптары менопаузаны башынан өткөрүп жатып, мээнин тумандашуусун сүрөттөп беришкен. Алар капчыгын койгон жерди же үйүнө барчу жолду эстей албай калабыз деп айткан.

Ысып кетүү жана эс тутум

"Бирок, бул бир гана эстроген эмес. Уйкунун бузулушу сыяктуу башка факторлорду да эске алыш керек", - дейт Питтсбург университетинин психиатрия боюнча профессору Ребекка Турстон.

"Менопаузага өткөндө, аялдардын 60% га чейинки бөлүгү уйку көйгөйлөрүн айтышат - бул эс тутумга байланыштуу", - дейт изилдөөчү. Уйкунун жетишсиздиги, эс тутумдун схемаларына таасир тийгизет.

A woman going through a hot flush - she's holding a fan in one hand, while she wipes her face with a towel with the other hand

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым аялдарда ысып кетүү 60-70 жаш курактарында болушу мүмкүн

Ысып кетүү көрүнүштөрү да ушундай: денедеги күчтүү ысыктын капыстан сезилип, тери кызарып, киши тердеп кетет. Уйкуга чоң таасир тийгизүүдөн тышкары (кээ бир аялдар түн ортосунда ысыктан улам гана ойгонбостон, терден улам пижамасын жана шейшептерин алмаштырууга мажбур болушат), ысып кетүү өзүнчө көйгөй болуп саналат.

"Биз ысып кетүүнү аялдар чыдап койо алган симптом деп эсептесек, эми булардын жүрөк-кан тамыр системасына жараткан коркунучка байланыштуу экендигин байкадык, алар мээдеги кичинекей кан тамырлар оорусунун белгилери, гиппокамптын эки тарабынын ортосундагы байланышка таасир этет жана эс тутумду өзгөртөт", - дейт Проф Турстон.

Перименопауза мезгилинде күч алган маанайдын өзгөрүшү, тынчсыздануу жана депрессия дагы эс тутумга таасирин тийгизет.

Табу жана сабатсыздык

Эгер бул симптомдор ушунчалык кеңири жайылган болсо, анда эмне үчүн алар белгисиз?

Көпчүлүк элдерде менопауза дагы эле талкуу үчүн тыюу салынган нерсе болгондуктан, анын таасири тууралуу маалыматтар чектелүү.

"Көйгөй бул процесстин узак жылдар бою созулушунда, аялдар перименопаузада экенин билбеши да мүмкүн. Ошентип, бул белгилерди башка факторлорго таандык кылуу оңой, - деди Би-Би-Сиге Висконсин-Милуоки университетинин психология профессору Карин Фрик.

Línea

Менопауза белгилери - алар кандай?

  • Этек кирдин узактыгынын жана мөөнөтүнүн өзгөрүшү
  • Менструалдык агымдагы өзгөрүүлөр (оорураак же жеңилирээк)
  • Вагиналдык кургактык
  • Уктап калуу кыйынчылыгы
  • Жүрөктүн тез кагышы
  • Муундардын оорушу жана катышы
  • Маанайдын улам өзгөрүшү
  • Булчуң массасынын төмөндөшү
  • Заара чыгаруу жолдорунун улам кайталанчу инфекциялары (UTC)

Булак: Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы

Línea
Woman working from home, with her two young children around her

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 40тан ашкан аялдар иши көп болуп, көп учурда бошобойт

"40тан ашкан аялдар иши көп болуп, көп учурда бошобойт. Жумуштары болушу мүмкүн, балким, алар үйүн карашат, ар кандай курактагы балдары болушу мүмкүн, картайган ата-энесине кам көрүшөт ... ошондуктан алар когнитивдик жөндөмү төмөндөгөнүн стресстен болду деп ойлошот", - дейт Проф Фрик.

Экинчи жагынан, "көптөгөн кесипкөй аялдар ал жөнүндө сүйлөшүүдөн коркушат. Аялдар карьерасында белгилүү бир нерселерге жетүү үчүн абдан көп эмгектенишет жана алар картайган же алсыз көрүнгүсү келбейт", - деп кошумчалайт ал.

Би-Би-Си кеңеш сурап кайрылган эксперттер менопауза менен байланышкан когнитивдик начарлоо боюнча кылдат изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ириде дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялдарды азаптан арылтуу үчүн маалымдуулукту күчөтүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Дарылоо

Профессор Маки: "Биринчи кезекте, аялдар Альцгеймерге чалдыгып калдык деп дүрбөлөңгө түшпөшү керек. Андай болушу арсар, алардын башынан өтүп жаткан нерсе - бул кадыресе көрүнүш".

Изилдөөлөрдүн натыйжалары ар кандай болгону менен, мээнин тумандашы убактылуу, анткени мээ аз өлчөмдөгү эстроген менен же ансыз эле иштегенге көнүп кетет.

Hormonal Replacement Therapy - woman applying a patch on her leg.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым аялдар гормоналдык орун бастыруу терапиясын алышат. Кээде бул чаптама түрүндө болот.

Бирок "ысып кетүү түнү бою уктатпай жатса, доктурга кайрылыңыз, алар белгилүү бир учурларда, айрыкча жаш аялдарда гормон алмаштыруучу терапияны сунуштай алышат, анткени анын зыянынан пайдасы көп", - дейт Профессор Маки.

Доктор Деви белгилегендей, көптөгөн аялдар үчүн бул терапия пайдалуу. Аны колдонуу жыйырма жылдай мурун гормондарды алмаштыруучу терапияны эмчек рагына байланыштуу талаштуу изилдөө жарыялангандан кийин кескин кыскартылган. Бирок кийинчерээк мындай тыянакты жокко чыгаргандар болду.

"Гормондорду алмаштыруучу заманбап дарылоо ыкмалары мурункуга караганда кыйла конкреттүү жана эстрогендин көп түрлөрү бар. Көпчүлүк учурда алар пайдалуу болушу мүмкүн", - дейт профессор Фрик.

Жеңилирээк симптомго туш келген же гормоналдык терапияны колдонбоону чечкен аялдар, когнитивдик көрсөткүчтү жакшыртууга жардам бере турган башка чараларды колдонсо болот.

Аэробикалык көнүгүүлөр, оюндар же акыл-эс көнүгүүлөрү аркылуу мээни удургутуу, бекем уктоо режими, алкоголду чектөө жана Жер Ортолук деңиз аймагына мүнөздүү диетаны кармануу - ушунун бардыгы менопаузанын ыңгайсыз симптомдорун басаңдатары белгилүү.