Коронавирус: Кыргызстан жамааттык иммунитетке 2-3 айда жетиши мүмкүн
Мээри Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы жылдын алдында дүйнө өлкөлөрү кайрадан чектөөлөрдү киргизип жаткан учуру. Европанын көп өлкөлөрү омикрон штаммынын жайылышынан улам карантин шарттарын күчөтүүдө. Америкада өткөн суткада 440 миңден ашуун ковиддин жаңы учуру катталганы менен, изоляциянын мөөнөтүн он күндөн беш күнгө кыскартты.
Омикрон коронавирустун башка варианттарына караганда анча оор эмес экени эрте эле аныкталса да окумуштуулар вирус жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө чыкканына тынчсызданып жатышат. Коронавирустун жаңы штаммынын жайылышы менен өлкөлөрдө эмдөө процессин күчөтүү маселеси көтөрүлдү.
Пандемиядан эң көп жабыр тарткан АКШда ревакцинациялоо кампаниясы бийлик күткөндөй тез жүрбөй жатат. АКШнын бойго жеткен калкынын болжол менен 73% кеминде бир вакцинаны алышкан. Салыштыруу үчүн - Улуу Британияда калктын 70% эки дозаны, 35% - үч дозаны алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Москвада коронавируска каршы жамааттык иммунитетинин деңгээли 72%ды түзөт. Жума күнү stopcoronavirus.rf порталында жарыяланган маалыматка караганда, бир жума мурун бул көрсөткүч 72,2% деңгээлинде болгон. Бул туурасында ТАСС агенттиги жазды.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө коронавируска каршы жамааттык иммунитеттин деңгээли 90 пайызга жетиши керектигин белгилеген. Бул тууралуу мамлекет башчы шейшембиде КМШнын бейформал саммитинде билдирди.
Путин жамааттык иммунитет жөнүндө жылдык маалыматтык жыйынында да сөз кылган.
"Эмне үчүн өлүм [коронавирустан] жогору болуп жатат? Эмдөө деңгээли жана жамааттык иммунитет болгону 59,4% ды түзүүдө. Мына натыйжа." , - деди Путин.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал келаткан жылдын экинчи чейрегинде жамааттык иммунитеттин 80%га жетишине үмүттөнөрүн айтты.
Ошол эле маалда Федерация Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген дарыгери Владимир Круглый ар бир өлкөдө эмдөөгө каршы болгондордун айынан, коронавируска каршы жамааттык иммунитетке 100 пайыз жетүүгө дүйнөнүн эч бир жеринде мүмкүн эмес деди.
"Россияда 2021-жылы эмдөөнүн динамикасы жакшы, эмделген адамдардын саны тынымсыз өсүп жатат. ", - деп Круглый билдирди.
«Ошол эле учурда, эгерде Россияда эмдөөнүн динамикасы ушул темпте улана берсе, анда президент белгилеген 90 пайыздык деңгээлди кошкондо, жогорку натыйжаларга жетишүүгө үмүттөнсө болот», - деп кошумчалады доктор. Бирок анын айтымында, убакытты так айтуу кыйын.
Круглый Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19нун алдын алуу боюнча жаңыланган сунуштарына 12 жаштан жогорку балдар үчүн Sputnik M вакцинасы киргенин эске салды. Анын айтымында, өспүрүмдөрдү эмдөө Россия Федерациясында жамааттык иммунитетти олуттуу түрдө жогорулатат.
Кеп жамаатык иммунитетинин зарыл деңгээлине келгенде, Путин "чет өлкөдөгү кесиптештери 90 пайыздан ашык эмдөө үчүн аракет кылып жатканына" көңүл бурду. Ал эми саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузгнецовдун билдиришине караганда, жамааттык иммунитетке жетүү Россиянын ар бир жаранынан көз каранды деп белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Япония өкмөтү калкты вакцинанын үчүнчү дозасы менен эмдөөнү тездеткени жатат. Бул туурасында өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Сигэюки Гото билдирди. Ал азыр медицина кызматкерлери, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары барлар вакцианы үчүнчү ирет алууда жана февралды күтүп отурбастан, эмдөөнүн үчүнчү толкунун баштап, 65 жаштан жогорку жарандардын бардыгын эмдеш керектигин айтты.
27-декабрга карата калктын 78,3%ы вакцина алды. Бул 126 млн адамды түзөт. Япония Эмдөө боюнча лидер болгон жети өлкөнүн ичине кирет. Алардын арасында Британия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Германия бар.
Ал эми коңшу Казакстанда толугу менен эмделгендер калкынын 44 %ын түзөт. Анын ичинде боюнда бар аялдар менен өспүрүмдөр дагы бар.
Бирок бүгүн Нурсултан шаарынын санитардык дарыгери жамааттык иммунитетке жетүү үчүн бул көрсөткүчтөр аздык кылат деп билдирди. Казинформ агенттигинин маалыматына караганда, 1-декабрдан 150декабрга чейин шаарда 12866 адам вакцина алса, 16-декабрдан 29-декабрга чейин эмдөө көрсөткүчү төмөндөп кеткен.
Өзбекстанда болсо, калктын 32% эмдөөдөн өттү. Өзбекстанда 12 жаштан жогору балдар да ата-энесинин уруксааты менен вакцина ала алышат. 27-декабрга карата 432 641 бала биринчи дозаны, 174 442 экинчи дозаны алышкан.
Sputnik Тажистандын маалыматы боюнча, Тажикстанда элдин 62%ы эмделди. Аталган өлкөнүн Республикалык штабынын чечими боюнча 18 жаштан өткөн жарандарга вакцина алуу шарт. Тажик президенти Эмомали Рахмон парламентке кайрылып жатып, ковиддин жаңы толкунуна олуттуу мамиле жасап, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата калктын 54% вакцинанын биринчи дозасын, 45% экинчи дозасын алды. Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаевдын айтымында, эгер эмдөөнүн темпи ушул бойдон улана берсе, 2-3 айдын ичинде жамааттык иммунитетке жетсе болот.
“Биз приоритеттүү топ деп коебуз. Аларга врачтар, ИИМ кызматкерлери, чек арачылар жана башка мамлекеттик органдарда иштегендер жана өнөкөт оорусу барлар кирет. Эгер алар боюнча эсеп жүргүзсөк, жамааттык иммунитетке жакындап калдык. Бирок жалпы калкты алганда, жок. Ага дагы 2-3 ай керек”,-деди Кыргызбаев.
Бүгүн өлкө боюнча коронавирустун 40 жаңы учуру катталып, бир адам каза тапты. Жугузгандардын көбү Бишкек шаарынын тургундары.
Вирустун түрүнө жараша жамааттык иммунитетке жетүү дагы өзгөрүп турат. Маселен, кызамыкка жамааттык иммунитет пайда болуу үчүн калктын 95 пайызы вакцина алышы керек. Ал эми полиомиелит үчүн калктын 80 пайзы эмделиши шарт.
Covid-19 жаңы вирус болгондуктан, жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын канча пайызы эмделиши керек экени белгисиз. Бирок адистер 70 пайыздын тегери деп жоромолдошууда.
Пандемия эки жылдан бери уланып жаткандыктан, айрым адистер бул көрсөткүч 70 пайыздан 90 пайыздын ортосунда экенин айтышууда.








