Ковид вакциналары Омикрондон коргошу керек дейт ДССУ

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) расмий өкүлү билдиргендей, учурдагы вакциналар Омикрон вариантын жуктуруп алган адамдарды дагы коронавирустун оор учурларынан коргошу керек.
Бул кабар Түштүк Африкадагы алгачкы лабораториялык сыноолор бул жаңы вариантка каршы Pfizer вакцинасы жарым-жартылай гана таасир бериши мүмкүн экенин көрсөтүп турган чакта келди.
Окумуштуулардын айтымында, вакцинанын антиденелери жаңы штаммга каршы күрөшүүсүнүннатыйжалуулугу "өтө төмөндөп кеткен".
Бирок ДССУнун доктору Майк Раяндын айтымында, Омикрон башка варианттарга караганда вакциналардан оңой буйтап өтө алат деген белги жок.
ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Доктор Райан Франс Пресс агенттигине: "Ооруунун оор өтүшү жана ооруканага жаткыруу жагынан алып караганда, бизде ушул убакка чейин бардык варианттарга каршы натыйжалуулугун далилдеген вакциналар бар. Омикрон менен башкача болот дегенге эч кандай негиз жок" – деди.
Анын айтымында, алгачкы маалыматтар боюнча, Омикрон адамдарды коронавирустун Дельта же башка түрлөрүнө караганда катуу ооруткан жок. "Өзгөрүүлөр болсо дагы, оору жеңил жагына тартып калды", - дейт ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түштүк Африкадагы жаңы изилдөө - азырынча рецензиядан өтө элек - Pfizer/BioNTech вакцинасы Омикронго каршы, баштапкы COVID штаммына иштегенине салыштырмалуу, 40 эсе аз натыйжа бериши мүмкүн деп тапты.
Бирок Омикрондун вакцинадагы антиденелерден качып кутулуу жөндөмү "толук эмес" дейт изилдөөнү жетектеген Африканын ден соолук изилдөө институтунун вирусологу, профессор Алекс Сигал.
Анын айтымында, 12 адамдын канынын анализине негизделген жыйынтыктар ал "Омикрондон күтүп жаткандан жакшыраак" болгон.
Профессор Сигалдын айтымында, эмдөө мурунку инфекция менен айкалышып бул вариантты зыянсыздандырууга дагы дарамети жетет. Бул, үчүнчү күчөтүүчү (бустер) вакцина олуттуу пайда алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат.
Окумуштуулар мурунку инфекция, андан кийинки эмдөө же күчөткүч (бустер) оорууну жеңүүнүн деңгээлин жогорулатышы мүмкүн жана адамдарды оорунун оор өтүүсүнөн коргойт деп эсептешет.
Pfizer вакцинасы Омикронго каршы канчалык жакшы иштээри жөнүндө көбүрөөк маалымат жакынкы күндөрү чыгат деп күтүлүүдө.
Moderna, Johnson & Johnson жана башка вакциналар жаңы вариантка кандайча туруштук берери жөнүндө так маалыматтар азырынча жок. (DO)












