"Үйүм түрмөгө айланды": уулун баңгизаттан сактап калууга жан үрөгөн эненин баяны

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку жылдары Кыргызстанда баңгизатка азгырылган өспүрүмдөрдүн жана жаштардын саны өсүп жатканы коомду тынчсыздандырууда. Айрымдар киреше табуунун жеңил жолу катары карап аралашып кетип жатса, кызыгуусунан улам көз каранды болуп калгандары дагы жок эмес. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, жоопкерчиликти күчөтүү аракети көрүлүп жатат. Бирок токтоду дегенге али эрте.
Би-Би-Си баңгизатка байланган уулун сактап калууга жан үрөгөн эненин окуясын баяндайт.
"Баламдын көз алдымда акырындык менен өзүн жок кылып жатканын көрүү мен үчүн чыдагыс азап эле, өзүмдү өлтүрүп салгым келген учурлар болгон",- деп баштады эне оор үшкүрүп.
Анна эки баланын энеси. Анын тун уулу Артем (аты өзгөртүлдү) он жылдан бери баңгизатка көз каранды болуп, оор жашоо кечирип келет.
Адатта, жакындары баңгизаттан көз каранды болуп калган адамдар бул оор сыноону сыртка ашкере кылбай, ичтен сызып жашырууга аракет кылат.
Коомдон тартынып, жектөөлөрдөн коркуп, өздөрүн күнөөлүү сезип, бул кайгыны тымызын көтөрөт.
Бирок суурулуп чыгып, башкаларга сабак болсун деп өз күрөшүн ачык айтууга бел байлагандар да бар. Анна дал ошол кайраттуу ата-энелердин бири.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал баласынын оор тагдырын, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын, үй-бүлөсү туш болгон азап-тозокторду жашырбай айтып берүүгө макул болду.
Тагдыры баңгизат менен чиелешкен уулунун окуясын баяндоо ал үчүн канчалык кыйын болсо дагы сөзүнөн үмүт менен кайраттын, сүйүү менен сабырдуулуктун күчү сезилип турду.
Балалыгын ойрон кылган бул затка Артем 2016-жылы азгырылган.
Ал кезде бала болгону 7-класстын окуучусу болчу. Достору менен кызыгып, көңүл ачуу үчүн клей жыттап көргөнү анын тагдырындагы оор бурулушка себеп болгон.
"7-класстан уулумду башка мектепке котордум. Ал жактан бул коркунучтуу дүйнөнү ачып берген досторду тапты. Алгач клей жыттап, анан ар кандай таблеткаларды колдоно баштады. Кийинчерээк таблеткаларды кадимкидей таңкы тамак катары жеп жүргөнүн билдим. Бирок убагында мага муну билдирген эмес. Көрсө күнүнө 80ге чейин ооруну басаңдатуучу таблетка ичкен учурлары болгон экен. Мен үйдөн дарынын бош блистерлерин таба баштадым",- деп эскерди Анна.
"Балаң жөнүндө жаман ойлоо абдан оор жана жүрөк сыздаткан сезим"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эненин айтымында, Артем эки айлык кезинде дарыгерлер ага гипертония диагнозун коюшкан. Ошол себептүү баланын башы көп ооручу.
Артем таблеткага азгырылгандан тарта баш оорусу күчөп, мектепке барбай койгон учурлары көбөйгөн. Депрессияга түшүп, өзүн начар сезген күндөрү да арбын болгон.
Анна уулунун мындай абалын гипертониянын кесепети деп ойлоп, ага каршы дарылатып келген. Бирок анын чыныгы себеби андан да тереңде жана татаал экенин кийинчерээк гана түшүнгөн.
"Көрсө ал күн сайын ичип жүргөн чоң дозадагы таблеткалардын кесепети экен да. Бир күндө 80 таблетканы жеп коюу, бул өтө чоң доза да",- деди аял.
Артемдун жүрүм-туруму акырындык менен өзгөрө баштаган. Агрессивдүү болуп, үйүндөгүлөр менен урушуп, жакындары менен пикир келишпестиктер күч алган. Үйүнө түнөбөй качып издеткен учурлары болгон. Бирок эне бул өзгөрүүлөрдү уулунун өткөөл курагы менен байланыштырган.
"Мен өзүм дагы кичине кезимде оңой эмес элем. Албетте, баңгизат колдонгон эмесмин, бирок мүнөзүм татаал эле. Кежир болчумун. Сабактан качып, үйдөгүлөрдү ойлонткон күндөрүм болгон. Уулумдун кылык-жоруктарын дагы ошондой деп түшүнгөм",- деди ал.
Анна уулунун бөлмөсүнө кирген сайын жагымсыз жытты сезе баштаган. Бул кадимки эле ацетондун жыты сыяктуу эле дейт ал.
Башында маани бербегени менен жыт улам күчөгөн сайын ичинен бушайман болуп, интернеттен маалымат издөөгө киришкен.
Окуган сайын жан дүйнөсү алай-дүлөй болуп, тапкан маалыматтар анын үрөйүн учурган. Анда бул жыт таксикомания же кетоз менен байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылган.
"Ошондо өзүмдү сооротуп, уулумдун боорунда маселе бар окшойт деген ойго ишенгим келди. Таксикомания деген сөздү ойлогонго жүрөк даабай турду. Балаң жөнүндө жаман ойлоо абдан оор жана жүрөк сыздатарлык нерсе да",- деп муңайды эне.
Уулунун эмне болуп жатканын түшүнгөндөн кийин Анна аны айыктыруу үчүн алып барбаган жери калган эмес. Ошентип Артем бир жарым жыл бою тынымсыз дарыланган.
"Айрымдар жоопкерчиликти мойнуна алып, дарылоодон коркушту. Бирок психиатордон жардам алгандан кийин баары тынчып калгандай болду",- деди Анна оор үшкүрүп.
Алдыда андан дагы оор сыноолор күтүп турган эле...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентип Артем 16 жашка чыгат. Күндөрдүн биринде досу менен жолугушууга кеткен уулу үйүндө бейкапар отурган энесине WhatsApp аркылуу видео байланышка чыгат.
"Ал телефондон кыйкырып жатты. Апа мени бирөө аңдып жатат, келип алып кет деп кыйкыра баштады. Шашкан бойдон дароо жөнөдүм. Барсам уулумду бир топ киши тегеректеп калыптыр. Ошодо анын маңзаттын оор түрүн колдонуп баштаганын билдим. Ал апрель айынан баштап колдонуп жүргөн экен. А мен муну июлда гана билдим",- деп эстеди Анна.
Анна үчүн бул күн анын жүрөгүн өйүгөн эң оор учурлардын бири болгонун айтат. Уулунун чоң коркунучка кабылганын түшүнгөн эне ооруканага алып жөнөйт.
"Ал паранойя абалында эле. Психоактивдүү заттын таасиринен улам психикасы дүрбөлөңгө түшүп, жай таба албай жатты. Бир орунга тура албай кайсалактап, көздөрү ойноп, бет булчуңдары тырышып, мурдун кайра-кайра тартып бир башкача болду. Аны керебетке жаткырып, шейшеп менен бекем таңып коюшту",- деп айтып берди.
Анна уулун ооруканага таштап, үйүнө келет. Баласынын бөлмөсүнө кирип көзүнө илинген нерсенин баарын аңтара баштайт.
"Төшөк, жаздык атуунун баарын тиле баштадым. Ар бир эмеректи жылдырып, полдун четтерин, текчелерди тинттим",- дейт Анна.
Уулу бөлмөсүндө каткан нерселерди тапкан сайын жүрөгү муздап, денеси чымырай түшкөнүн айтат.
"Тамчылатма дарынын системасынын кесиндилерин, жашыл, кызыл түстөгү түрдүү термопластиктерди таап чыктым. Шприцтер, сары пипеткалар чыкты. Уулумдун караңгы жолго түшүп, коркунучтуу дүйнө менен кайрадан байланышканын түшүндүм. Ал кичинекей болчу, өлүп калышы мүмкүн эле. Мага абдан оор болду, корктум, уялдым",- деди үнү калтарып.
"Үйүмдү түрмөгө айланттым"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анна баласы экөө борбордогу эң мыкты деген клиникалардын дээрлик көбүнө барган. Дарыгерлердин "баары жакшы болот" деген сөздөрү анын үмүтүн жандырган. Тилекке каршы күткөндөй майнап чыккан эмес.
"Айласыздан жаткырасың, анткени башка тандоо жок. Жок дегенде ал жерде көзөмөлдө болот деп ойлойбуз. Бирок чыккандан кийин кайра эле баштайт. Ошондо үмүтүң талкаланат. Жерге кирип кеткиң келет. Чачымды жулуп ыйлаган күндөр болду. Өзүмдү башкара албай калган абалга түштүм. Бул мен үчүн өтө оор сокку эле. Жашоодон аша кечип, өзүмдү өлтүргүм келди",- деп улутунду ал.
Ошентип Анна баласын куткарууга умтулуп жатып өзү ооруп калат. Ал уулунун абалынан толугу менен көз каранды болуп калганын айтат.
"Баңгизат колдонбосом дагы анын абалына түздөн-түз байланып калдым. Оюм да, жашоом да, күнүмдүк иштерим да бүт бойдон ага байланды. Менин жалгыз максатым аны куткаруу эле. Мен үчүн ал гана маанилүү болуп калды. Үйүмдү түрмөгө айланттым. Баарынын ачкычтарын чогултуп алдым. Үйдүн эшигин өзүм жабам, өзүм ачам. Бирин жумушка чыгарам, экинчисин мектепке жөнөтөм. Балам дайыма үйдө камакта. Биз анын эркиндигин толугу менен чектедик. Жакшы уктай албай, тамак да жебей калдым. Эч нерсеге кудуретим жетпей калган эле",- деп сүрөттөдү Анна башынан өткөргөн күндөрүн.
Эне убакыт өткөн сайын уулуна жардам бербей эле, анын абалын ого бетер оорлотуп жатканын түшүнгөн.
Баласынын көйгөйүн чечүүгө жан үрөп жатып, өзүн толугу менен жоготуп койгонун сезген. Ошондо гана ал өзүнө жардам керек экенин аңдап, психиатрга кайрылууга аргасыз болгон.
"Мага Ирина Юрьевна аттуу психиатр жардам берди. Ал мени ушул оор абалдан сууруп чыга баштады. Мен өз абалым жөнүндө көбүрөөк билүүгө кириштим. Башка бирөөнүн абалынан көз каранды болуп калуу (созависимость) деген эмне экенин изилдей баштадым. Ошондо сокур сокурду аңга түшүрө турганын түшүндүм. Ал учурда экөөбүз тең сокур элек. Ал маңзаттан көз каранды болуп калса, мен уулумдан көз каранды болуп калган элем",- деп эскерет Анна.
"Мен аны кое бердим"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эне өзүнө жана баласына жардам берүүнүн жолу уулунун орусун кабыл алуу экенин түшүнгөн.
Кыйын учурларда мурункудай эмоцияга жана сезимталдыкка алдырбай сабырдуулук менен акыл калчап иш кыла баштаган.
"Мен аны моралдык жактан кое бердим. Эмне кылыш керек экенин түшүндүм. Мурункудай чыр чыгарып, көз жаш төгүүнү токтоттум. Кырдаалга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылууну үйрөндүм. Жагдайды курчутпай, туура жол тандай баштадым. Маселен, мурун балам колдоно баштаганда үйүмдү үч көтөрүп, чачымды жулуп, түнү бою уйкусуз ыйлаар элем. Эми болсо мен жөн гана күтөм. Аны сооротууга аракет кылам. Ал өзүнө келгенче күтөм, эч нерсе айтпайм. Акыл айтып, кыжырына тийбейм. Жөн гана анын жанында болом",- деп муңайыңкы жылмайды эне.
Күн сайын уулунун өзүн жок кылып жатканын көрүп, бирок ага жардам берүүгө күчү жетпей турганын сезүү канчалык оор экенин Анна айтпаса дагы түшүнүп турдук.
"Кээде аны катуу сабагым келчү. Анткени менин жүрөгүм дагы ошончолук ооруду. Мен азап чеккендей, анын да азап тартканын каалачумун. Бирок кырдаалды ого бетер курчутпай, ага тынчтык берүүнү үйрөндүм. Ал үйдө ары-бери басып, бир нерсе кылып жүрө берет, реакция кылбайм. Эртеси күнү, бир аз өзүнө келип калганда, "дале колдоно бересиңби же бул тозоктон чыгасыңбы?"- деп сурайм. Ал чыгышым керек, ошону каалайм",- деп жооп берет. Анда жакшы деп, жардам бере баштайм",- деп сүрөттөдү уулу менен болгон мамилени.
Анна эми уулун мурдагыдай үй түрмөгө камабай, ага толук эркиндик бергенин айтат. Артём үч жылда бери өз алдынча жашап, достору менен каалаган убакытка чейин күн кечирет. Эне мурункудай саат сайын телефон чалып, анын ар бир кадамын көзөмөлдөбөйт.
"Бул мен үчүн абдан оор чечимдердин бири болду. Бирок баары бир анын ар бир кадамын көзөмөлдөй албай турганымды түшүндүм. Уулумду кое бергенден кийин ал акырындык менен өзүн-өзү көзөмөлдөй баштады",- деп жылмайды.
Анна уулу үч жылдан бери ремиссияда экенин айтып кубанды. Ремиссия – толук айыгып кетти дегенге жатпайт. Бул маңзаттан баш тартуу жана таза жашоого умтулуу аракети.
"Кайра эле кирип кеткен учурларды болду. Бирок андан өз алдынча чыкканга үйрөндү. Бир жылдан ашып калды, колдоно элек. Акырындык менен калыбына келе баштады. Физикалык абалы да жакшырды. Мурда сүйлөө жөндөмү начарлап, эпилепсия пайда болгон. Көздөрү аңтарылып, оозун жаба албай калчу. Мындай абал 40 мүнөткө чейин созулган учурлар болгон. Сокур болуп калам деп коркчу. Мени менен сүйлөшкөндө шашып, тили булдурап, кыйналчу. Бирок бул нерсе артта калды. Азыр үнү так чыгат. Уулумдун организми калыбына келип жатканын сезип жатам",- деди Анна.
"Ичиндеги боштукту маңзат аркылуу толтурду"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Артем Аннанын биринчи никесинен. Бала эки жашында алар ажырашып кеткен.
Кийин Анна жаңы жашоо баштону чечип, экинчи ирет турмушка чыккан. Убагында бул чечим туурадай сезилген. Бирок жылдар өткөн сайын, бул анын турмушундагы чоң жаңылыш кадам болгонун аңдаган. Аннанын экинчи жолдошу уулун кабыл алган эмес.
"Уулум ал үчүн эч ким эмес эле. Ал бооруна тартууга аракет дагы кылган эмес. Эң өкүнүчтүүсү эмне үчүн мен бул никеден баш тарткан жокмун? Акыры, эң көп жабыр тарткан уулум болду. Мен жолдошумду гана күнөөлөбөйм, бирок үйдөгү оор атмосфера баламдын тагдырын өзгөрткөнүн түшүнөм. Баары үй-бүлөдөн башталат. Ата-эне баланын дүйнөсүн калыптандырат. Уулум өзүн керексиз бирөө катары сезип чоңойду", – деп үшкүрдү эне.
Анна уулунун көкүрөгүндөгү боштукту толтуруунун жолун кооптуу чөйрөдөн издеп кеткенин аңдаганда, баары кеч болуп калган эле.
"Анын ичиндеги боштук күн сайын чоңоюп, акырында ушул жолго алып келди. Мен муну убагында көрбөдүм, сезбедим. Бирок бул менин жоопкерчилигим экенин азыр так түшүнөм. Бул менин жаңылыштыгым. Аны ушул абалга өзүм жеткирдим",- деп аял өзүн күнөөлөп отурду.
Жагымдуу жылмайып, эне дагы бир жолу уулунун кандай мээримдүү, боорукер жан экенин айтып өттү.
"Менин уулум абдан боорукер. Анын мүнөзү абдан жакшы. Анын көп ини-карындаштары бар. Аларды абдан жакшы көрөт. Ар бирине көңүл бурууга аракет кылат. Алар да аны жакшы көрүшөт. Бирок ал маңзаттын торуна түшүп калды. Ошентсе да, мен уулумду эч качан жаман көргөн эмесмин. Анын мүнөзү жумшак, жүрөгү таза адам. Бирок жаралуу жүрөгү бул оор сыноону көтөрө алган жок. Биз аны өзүбүз ушундай абалга жеткирдик. Ал болсо мунун башка жолун таба албады",- деп сөзүн жыйынтыктады Анна.
"Маңзат колдонгон кыздардын дагы саны өсүүдө"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өспүрүмдөргө медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагынбаева Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында маңзат колдонуу жылдан-жылга өсүп жатканын билдирди.
Айтымында, 2023-жылы алардын борборуна расмий түрдө 384 өспүрүм кайрылса, былтыр 319 жашы жете элек келген.
"Бирок бул сандар чыныгы кырдаалды так чагылдырбайт, анткени маңзат колдонгон өспүрүмдөрдүн саны мындан алда канча жогору болушу мүмкүн",- деди ал.
Алардын жаш курагы уламдан-улам төмөндөп жатканы өзгөчө кооптондурган маселе экенин кошумчалады.
Эгер мурда мындай көйгөй негизинен 14-16 жаштагы өспүрүмдөр арасында кездешсе, азыр 11 жаштан тарта каттала баштады. Ошондой эле мурда көбүнчө эркек балдар гана кайрылса, азыр кыздардын дагы саны өсүүдө.
"Бүгүнкү күндө 11 жаштагы балдардын жаңы психоактивдүү заттарга жана психостимуляторлорго көз каранды болуп калган учурлары аз эмес",- деди дарыгер.
Адистердин айтымында, көрсөткүчтүн өсүп жатканынын бирден бир себеби - маңзаттын жеткиликтүүлүгүндө.
"Бизде Телеграм дүкөндөр толтура. Тилекке каршы аларды көзөмөлдөө абдан кыйын жана дээрлик мүмкүн эмес",- деди Сагынбаева.
2023-жылы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен маңзат сыяктуу таасир этүүчү кээ бир күчтүү дары-дармектер катуу көзөмөлгө алынган.
"Бирок, тилекке каршы, көмүскө базарда айрым жоопкерчиликсиз фармацевттер жана ортомчулар бул дарыларды мыйзамсыз сатып жаткан учурлар дагы катталууда",- деди дарыгер.
Жакында эле президент Садыр Жапаров өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңги заттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, өспүрүмдөр арасында маңзатка байланыштуу кылмыштар жылдан жылга өсүүдө.
Эгерде 2022-жылы баңги зат жүгүртүүгө аралашкан төрт жашы жете элек бала кармалган болсо, 2023-жылы бул сан тогузга жеткен. Ал эми 2024-жылы он жети өспүрүм кармалган.
Мыйзамга ылайык, баңгизаттарды таратуу оор кылмыш катары каралып, 14 жаштан жогорку өспүрүмдөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Кылмыштын мүнөзүнө жана баңгизаттын көлөмүнө жараша үч жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Эгерде он төрт жашка чыга элек бала маңзат жүгүртүүгө аралашса, ал атайын каттоого алынып, анын ата-энесине же камкорчуларына айып пул салынат.












