Бишкектеги "дарыкана наркоманиясы". Өспүрүмдү кор кылган "дарт"

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Элестүү сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элестүү сүрөт

Мындан бир канча жыл мурун клей, бензин жыттагандар пайда болду деп катуу талкуу жүргөн эле. Соңку мезгилде окуучулар арасында кайсы бир дарыны жыттап, тигил же бул суусундукка аралаштырып ичип, ал тургай кан тамырына сайып алып "ырахаттангандар" бар экен дегенди бир топ убакыттан бери эле кулагыбыз чалып келет.

Ушул маалыматтын чын-бышыгы кандай болду экен, болсо ал эмнеси менен кооптуу, кантип алдын алуу керек деген суроолор менен дарыгерге да, наркологго да кайрылдым. Нарколог "дарыкана наркоманиясы" тууралуу ойго келбеген маалыматтарды айтып, ата-эне, мугалим, коомчулуктун абдан кылдат, кыраакы мамилеси керетигин дагы бир жолу эскертти.

"Дарыкана наркоманиясы" - курамында тигил же бул психотропттук заттары бар дарыларды маңзат катары пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Бул адам саламаттыгына абдан кооптуу, керек болсо адам өлүмүнө алып келе турган зыян. Андай дары-дармектер дарылык үчүн атайын рецепт, врачтардын уруксаты менен гана сатылууга тийиш.

Би-Би-Си бул темада материалдардын топтомун сунуштайбыз. Бул ирет жергиликтүү сайттардын биринин журналисти Нурбек Тойгонбаевге кайрылдык.

Дары-дармекти туура эмес колдонуун өзү эле чоң зыян алып келиши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дары-дармекти туура эмес колдонуун өзү эле чоң зыян алып келиши мүмкүн

Би-Би-Си: Коомдо “дарыкана наркоманиясы” деген түшүнүк пайда болду. Ошол боюнча сиз чакан иликтөөлөрдү жүргүзүп жатасыз. Бул маселе эмнеси менен кооптуу?

Нурбек Тойгонбаев: Бул маселе негизги өспүрүмдөргө, тагыраагы жогорку класстардагы мектеп окуучулары жана студенттер үчүн өтө кооптуу болуп жатат. Булар кызыкчылык үчүн, балалык кылып бир нече эле жолу байкап көрөм десе көз карандылык пайда болуп, эксперттердин айтуусунда, мындан кайра чыга албайт экен. Ошондой эле бала бир жолу муну ойноп болобу, башка максатта болобу, бир жолу буга илинип ала турган болсо, аны өмүр бою ошол дары менен "багууга" туура келип калып дешти. Бул буга чейинки бизге белгилүү болгон наркотикалык заттардан оорураак нерсе болуп жатат.

Би-Би-Си: Сиз ушул дарыкана наркоманиясынан жабыр тарткан ата-энелерди кезиктире алдыңызбы?

Нурбек Тойгонбаев: Ооба, кезиктире алдым. Бирок алар коомчулукка чыккандан жашырынышат экен. Кээ бирөөнүн ошондой жолго түшкөн балдарын биз дагы көрдүк. Ал тургай ушунун айынан өлүм болгон учурларды да уктук. Мисалы, чоң-чоң эле спортсмендер "менин ушундай досум бар эле, ушунун айынан өлүп калды" деп айткандарын уктук. Мындай адамдарда коркуу сезими жоголот экен дагы, көп кабаттуу үйдөн секирип кетүү сыяктуу окуяларга көп кабылганы ошондон дешти.

Окуучу кандайдыр бир шектүү дарыларды пайдаланып, жыттап же алып жүрсө ага кылдат мамиле кылып, дароо байкоого алып, дарыгерге кайрылыңыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуучу кандайдыр бир шектүү дарыларды пайдаланып, жыттап же алып жүрсө ага кылдат мамиле кылып, дароо байкоого алып, дарыгерге кайрылыңыз

Би-Би-Си: Көрдүм деп калбадыңызбы алардан эмнени байкадыңыз?

Нурбек Тойгонбаев: Мен эч нерсе байкаган жокмун. Арак ичкен кишинин башы ооруп же тамеки тарткан киши жыттанып, адамга билинет го. Буларда сыртынан карасаң андай эмес, ошол дарынын таасири тарай элек убагында гана адамда ар кандай нерсе болушу мүмкүн экен. Тарап кеткенден кийин кадимки адам катары жүрөт. Мында эң чоң маселе, көз карандылыгы болуп калат дагы, анын кесепетинен галлюцинация болуп, ар кандай иштерге барышы мүмкүн. Мен дагы бир нерсени айтып берейин, бул такталбаган нерсе, бирок айтайын, акыркы учурдагы жаш балдарга, өспүрүмдөргө ыпылас иштер, зордуктоолор болуп жатат. Ошонун көпчүлүгүнө ушул дарынын байланышы бар деген ойлор арбын. Биз муну дагы деле иликтеп жатабыз, азырынча официалдуу айтыла элек. Бирок мындай нерсе бар.

"Дарыкана наркоманиясы" башка өлкөлөрдө да бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Дарыкана наркоманиясы" башка өлкөлөрдө да бар

Түнкүсүн түшкө кирбеген баада сатылган дарылар...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Курамында дал ошондой абалга жеткире турган заттары бар кайсы бир дарылар күндүз 300 сом турса, түнкүсүн 1000 сомго чейин кымбаттайт экен деп айттыңыз эле... Ушуну эмнеге таянып айтып жатасыз?

Нурбек Тойгонбаев: Биз өзүбүз дарылардын сатылуу чектерин көрдүк. Бул негизинен врачтын жазып берген көрсөтмөсү менен алынчу дарылар. Жөн эле кишиге берүүгө такыр болбойт. Булардын өзүнүн баасы 400-500 сомго чейин эле экен. Түнкү 12ден кийин автоматтык түрдө 1000 сом, 800 сом, 1500 сомго чейин чыгат. Райондорго жараша, кайсы райондо суроо талап көп болсо, ошол жакта кымбатыраак болот экен. Тактап, ынануу үчүн биз өзүбүз сатып алдык. Атайын балдарды чакыртып келип, аларды дарыканаларга киргизип, текшерип көрдүк. Эки айдын ичинде ошентип отуруп, бери дегенде 40ка жакын дарыкананы кармадык.

Би-Би-Си: Буга далил барбы?

Нурбек Тойгонбаев: Бар. Видеофактылар, далилдер бар. Дарыкананын жетекчилери менен сүйлөшкөн сөздөрүбүз бар. Алар "кечирип койгула, биз байкабай калыптырбыз" дешкен. Бирок бул байкабай калууга мүмкүн нерсе эмес. Бул соода болуп жаткан эле кадимки көрүнүш. Себеби, Гиппократка ант берген өмүр сакчылары бул нерсеге көңүл кош болбошу керек.

Би-Би-Си: Сиз маселен, кээ бир дарыканаларда рецепти жок дарыларды сатып жаткан жеринен кармап, экинчи андай кылбайбыз деп сөз бергенден кийин деле кайра саткан фактылар болду дедиңиз. Чындап эле ошондой болдубу, болсо кайда?

Нурбек Тойгонбаев: Болду, "Саянфарм" деген дарыканада кармадык, ошол эки күндөн кийин кайра эле ошол дарыкана, бирок башка жердегиси, ошол дарыны рецепти жок сатып жатты. Бул биринчиси, кийинкиси "Лекарь" деген дарыкана бар экен. Андан бир күндө эки-үчөөнү кармап жаттык. Эртеси деле кайталап жатты.

Би-Би-Си: Сиз азыр эки дарыкананын атын атап өттүңүз. Алар "жок, бизде андай болгон эмес" десе, сиздер далилдей турчу кандай фактылар бар?

Нурбек Тойгонбаев: Бизде видео фактылар бар. Биз дарыканага киргизген жаш балага атайын микрофон сатып алып, тагып койгонбуз. Андан бизге угулуп турат, артынан эле камера менен биз кирдик. Бул жерде сатуучунун да жүзү көрүнүп турат, даректери толугу менен жазылган ал жерде, кайсы жер, кандай дарыкана экени баары жазылган.

Би-Би-Си: Адатта дары сатып алганда, ал 20 сомдук дары болсо да ага чек берет да. Сиз көп кезде чек бербейт деп калдыңыз. Эмне үчүн чек бербеши мүмкүн?

Нурбек Тойгонбаев: Бул демек официалдуу сатылып жаткан жок да, ошол үчүн чек берилбейт. Көмүскө сатылып жатат. Дагы бир нерсе, биз атайын дары-дармек департаментинин башчысынын биринчи орун басарына бардык. Атын унутуп калдым. Ал киши айтып берди. Биздин билишибизче, мындай дарыларды бардык эле дарыканада бербейт экен. Биздин биринчи чыгарылышыбыздан кийин ар кандай коңгуроолор болду, "бул жакта сатылып жатат, ал жакта сатылып жатат" деген. Биз барганда, чын эле болуп жатты андай учурлар. Коркунучтуусу, муну көп эле ата-эне биле бербейт экен.

Би-Би-Си: Эгер бул сиз айтып жаткандай, өтө чоң көйгөй болсо, токтотуу үчүн сиз кандай жолун көрүп турасыз?

Нурбек Тойгонбаев: Токтотуу үчүн бизде бул жагынан мыйзам өтө эле жеңил жазылып калган экен. Биз аны ошол эки ай аралык ичинде көрдүк. Дарыкананы текшерүү үчүн жөн эле бара калып, баса калып текшермей деген жок экен. Биз силерди текшеребиз деп алдын-ала эскертип анан барыш керек экен. Бизде эгерде адамдын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткан, адамзатты бузуп жаткан нерсе болуп жаткандан кийин, буга катуу чара көрүлүш керек.

Нурбек: Алдыбызга түшүп, акча сунушутагандар андан көп...

Би-Би-Си: Эки ай бою иштедик деп жатасыз. Ушул ишти жаап койгула деп акча сунуштагандар болду деп жатасыз. Ошондой учурларда алардан кандайдыр бир материлдаык колдоо алган учурларыңыз болгон жокпу?

Нурбек Тойгонбаев: Жок андайга уятыбыз жол берген жок. Балким, биз буга чейин мындан жабыркагандарды көрбөсөк, балким сүйлөшүүгө бармак белек? Пенде катары... Кыргызстанда баарыбыздын эле материалдык абалыбыз жетиштүү эмес да. Бирок биз муну көргөндөн кийин, андайга бара алган жокпуз. Бирок биз кармаган объектилердин 99% бизге ар кандай сунуштары менен келишти. Кээ бири машинабызга отуруп алып, түшпөйт, сүйлөшөлү деп. Бирок мен эч кимисинен алган жокмун, алууга мүмкүн эмес.

Би-Би-Си балдардын коопсуздугу үчүн кайсы дарылар тууралуу сөз болуп жатканын жана алардын аталышын жарыялабайт.

Ушул эле темада дал ушундай заттардан жабыр тарткан мектеп окуучуларын дарылаган наркологдун, клиникалык фармакологдун маектерин да жарыялайбыз.