“Принцесса Дури”: маңзаты жаман, маянасы жакшы дебеңиз. Аягы азап...
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Олеся Волкованын иллюстрациясы
Бул материал баңги “бизнесине” аралашуу адамдын жашоосун олуттуу кесепеттерге кептей турганын түшүндүрүүгө багытталат.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, баңгизаттарды сатуу, мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу жана жөнөтүү оор кылмыштардын түрүнө кирет. Мындай кылмышка баргандардын үй-мүлкү конфискацияланып, 5 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кесилет.
Ички иштер министрлиги шейшемби күнү баңгизат саткан “Принцесса Дури” аттуу топтун үч мүчөсү колго түшкөнүн кабарлады.
Мунун алдында коомдук медиаларда баңгизаттын кайсы бир түрүн жеткирип иштөөгө тиешеси болушу мүмкүн делген бир нече кишинин аёосуз сабалганы тартылган видеолор тараган.
Андагы сүйлөшүүлөрдөн, сабалгандар баңгизатты көрсөтүлгөн жерге жеткирбей же “тапшырманы” так аткарбай койгондугу үчүн таяк жегенин божомолдоого болот.
Желдей тараган чуулу видеодон көп өтпөй ИИМ атайын билдирүү таратып, сабоого шектелгендер колго түшкөнүн карбарлады. Маалыматка караганда, кармалгандар 23, 22 жана 19 жашта болгон. Алар өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырып, баңгизатты уурдады делген курьерлерди ээн жерге алып барып сабап, “Принцесса Дури” интернет-дүкөнүнүн кураторлорунан кечирим суратышкан.
Андан кийин сабалгандардын видеолорун кураторлорго жөнөтүп турушкан. Алар башкаларга сабак болсун деген максатта видеолорду Телеграмдагы каналына жарыялашкан. Мындай видеолор Кыргызстанда февраль айынын тартып жарыялана баштаган.
“Принцесса Дури” деген кимдер?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, “Принцесса Дури” бул баңгизаттардын бир нече түрүн саткан интернет дүкөн. Анын башында кимдер турат, канча адам иштейт, эч бир жерде маалымат жок. Топтун мүчөлөрү да мындай маалыматтарды эч кимге айтпайт. Топтун сайтында баңгизатты кантип сатып алуу үчүн кардарлар кайсы каналга кайрылуу керектиги тууралуу маалыматтарды гана табууга болот. Маңзатты сатуу жана таратуу иштерин алар Телеграм каналдар аркылуу жүргүзөт.
Баңгизаттарды сатуунун мындай ыкмаларын алар абдан кылдат, жиксиз кылып иштеп чыкандарын түшүнүү кыйын эмес. Мында ар бир адамдын өзүнүн “ролу” бар, алар дээрлик бири-бири менен көрүшпөйт, аралыктан гана иштешет.
Кыргызстанда буга аралашкан ар бир адам кийин соң “мунун мыйзамсыз, ыпылас иш экенин билген эмесмин, курьермин деп эле ойлогом” деп актанганга жүйөсү калбайт. Эгер ал жөн эле буюм-тайым, кадимки товарды ташыса мынчалык жаап-жашырынып, ар кайсы жерге барып шектүү заттарды катпайт эле да. Так ушунун өзү бул иштен оолак болуу керектигинен кабар берип турат.
Ойлобогон эле жерден орго түшүп калуубу же ашкере ишээнчектикпи?

Бул Кыргызстандагысы. Орусияда дагы курьер болуп жүрүп, баңгизат ташыды деп кармалып, кесилип кеткен кыргызстандыктар аз эмес. Алардын ата-энеси, жакындары дагы “балабыз ал тууралуу такыр билбептир, кетип баратса эле кармап, текшериптир” деген сыяктуу жүйөлөрдү айтып зар какшап келет. Биз ал жакта алар кантип иш алып барарын, курьерлерди кантип пайдалнып. Кантип садага чабышарын ийне-жибине чейин билбейбиз.
Мындан сырткары Кыргызстанда баңгизат колдонуучулар отурган атайын интернет сайт бар экенине күбө болдук. Ал форум сыяктуу. Сайтта кардарлар буюртмадан кийин маңзатты алган-албаганын, сатып алган баңгизаттын сапатын, ж.б. ар кандай пикирлерди жазып турушат. Ал жакта кардарлардан сырткары маңзат саткан “Интернет Дури” сыяктуу бир нече дүкөндүн өкүлдөрүн да көрүүгө болот. Аталган сайтта “Интернет Дури” дүкөнү кардарларды көбөйтүү максатында ар кандай акцияларды уюштуруп, азгырып, жеңүүчүлөргө “сыйлык” катары баңгизат убадалаганын байкадык.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Чын төгүнүн тактоонун амалы...
Материалды даярдап жатканда баңгизат сатып алган кардарлар менен жана “Принцесса Дуринин” операторлору менен сатып алуучу да, жумуш издеген киши болуп да байланышып көрдүк. Көп өтпөй "сурооңор өтө эле көп болуп кетти" деп шектенип, байланышты тык токтотту.
Биз менен сүйлөшкөн операторлордун бири “Интернет Дури” аталышындагы дүкөн Кыргызстанда гана бар экенин айтып, коңшу өлкөдөгү баңгизат саткан дүкөңдөр ушундай эле система менен иштерин, болгону аттары ар башка экенин айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Олеся Волкованын иллюстрациясы
Абайлаңыз, алардын амалы аңга түртөт
Баңгизат сатып ала турган адам операторлор менен байланышканда алар бааларын жиберерин байкадык. Кардар алар көрсөткөн эсепке акчаны которуп, андан соң чекти жиберүүсүн талап кылышат. Оператор чекти алгандан кийин кардарга жакын аймакка катылган баңгизаттын дарегин жанындагы шарттуу белгилердин сүрөтү менен жөнөтүлөорүн түшүндүрдү. Кардар айтылган дарекке барып, маңзатты өзү таап алышы керек. Бир дагы курьер мынакей деп барып колуна карматпайт. Эгер көрсөтүлгөн даректен маңзат табылбай калса анда ага курьер жооптуу болот.
Биз менен маектешкен кардарлардын айтымында, эгер акчасын төлөп, бирок баңгизатты айтылган даректен таба албай калса анда башкасын талап кылса болот, бирок ал дайыма эле кардардын “пайдасына” чечиле бербейт. Кураторлор баңгизат ким тарабынан жоголгонун териштиришет. Бул убакытты алышы мүмкүн. Бирок өздөрүнүн атына кам көргөн “дүкөндөр” кардарларды таарынтпоого аракет кылат.
Эгер маңзат курьерлер тарабынан жоголсо анда алардын “маянасы” кыскартылат. Эгер курьерлер такыр эле байланышпай из жашырып кетсе анда аларды катаал жаза күтүп турат.

Сүрөттүн булагы, Олеся Волкованын иллюстрациясы
Курьерлерди кантип жумушка алышат?
Баңгизат сатуучулар жогорку кирешени убада кылып жаштарды жумушка алышат. Алар негизинен жумушчуларды жаранмалар аркылуу табат. Бул үчүн шаардагы көрүнөө жерлерге жарыя илип же жазып чыгышат. Бул жумуштарды аткарган атайын топ болот. Мындан башка интернет аркылуу же Телеграм аркылуу жумуш сунушташат.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Бекер сыр капканда гана болорун унутпаңыз...
Жарыяларда “айлык акы” жогору болорун жана ар апта сайын берилерин убадалашат. Жумуштун оңой экенин, каалаган убакта иштөөгө болорун түшүндүрүшөт. Жумуш сунуштап жатканда баңгизат ташуу керектиги ачык эле айтылат. Бирок аны эч кимге жолукпай, көрсөтмөнүн негизине гана аткаруу керектигин түшүндүрүшөт. Ишке киргенге чейин курьер эки күн окутуудан өтүүгө тийиш.
Жумушка кирүнүн эки жолу бар, биринчиси анткета толтуруп, андан кийин паспорту менен сүрөткө жана видего тартылып, жашаган даректи жиберүү.
Экинчиси, анкета толтуруу жана күрөөгө акча кою жолу. Мунун баары баңгизаттарды алып качып кетпесин деген айла-амалдары. Качып кеткендерди өздөрү жиберген жеке маалыматтары аркылуу таап, жазалашат.
Курьерлер эмне жумуш кылат?
Курьерлер баңгизатты элестүү айтканда дүңүнөн алышат. Мында да эч ким бири-бири менен жолукпайт. Дүңүнөн маңзатты катылган жерден алат да, кураторлордун көрсөтмөсү боюнча шаардын ай кайсы жерлерине бактардын же дубалдардын түбүнө, үйлөрдүн кычыктарына катып чыгышат. Курьерлер баңгизат катылган жердин сүрөтүн, шарттуу белгилери менен кураторлорго жиберишет. Башкача айтканда булар баңгизат саткан дүкөндүн кураторлору менен кардарлардын ортосунда чабарман болуп иштешет.
Айрым учурда маңзатты бир жерден экинчи жерге же бир шаардан экинчи шаарга да ташышат. Негизинен бул жумушту аткарган курьердерди “кладмендер” деп коюшарын билдик. Булар интернеттеги баңги соодасындасынын “иерархиясындагы” эң төмөнкү баскычы катары саналат. Укук коргоо органдарына дагы азырынча ушулар гана колго түшөт.
Бул мыйзамсыз иштин артында төмөндөн жогору карай дүңүнөн баңги саткан кладмендер, кураторлор, кампачылар, дүкөндүн администраторлору, диллерлер жана ири диллерлер турат. Бирок күч органдарына кармалгандар эң төмөнкү баскычта турган кладмендер же курьерлер.
Кладмендер көпкө иштебейт. Алар бир нече убактан кийин укук коргоо органдарына кармалып, сот жообуна тартылышат. Маңзат дүкөнүнүн ээлери үчүн курьерлердин кийинки тагдыры бир тыйынга турбайт. Алар жеңил акча табууну бакашаларга сунуштап, улам жаңы жумушчуларды таап алышат.
Ошондуктан, жеңил акчага жетем деген жаштардын кирешеге туйтунган “жыргал жашоосу” узакка созулбайт. Аларды алдыда мыйзамсыз аракеттери үчүн узак мөөнөттү түрмө күтөт. Буга аралашып, тез жана жеңил акча табууга кызыккандар өздөрүнүн тагдырына ушундай жол менен балта чабышат...
Алдын алууга, токтотууга, шылуундарга жалпы каршылык керек...
Эгер коомдук жайларда бир нерсени күмөндүү жерлерге бекитип, андан кийин аны сүрөткө тартып жаткан адамды байкасаңыз дароо 102 чалып, милиция кызматкерлерине кабарласаңыз болот.
Курьерлер кимдер тарабынан “жазаланат”

Сүрөттүн булагы, screenshot
“Принцесса Дуринин” куратору делген киши биз менен болгон маегинде сабалгандар “абийрсиз” (недобросовестный) курьерлер деп жооп берди.
“Биз аларга иштегенине жараша акча төлөп берип жаттык, ошондо да таза иштебей товарды уурдап, жок кылышты. Айтсаң, аларды башка кантип жазалаш керек?”, - деди куратор.
“Качып кеткендер кураторлор тарабынан сабалабы” деген сурообузга “ түшүнгөн жокмун, аларды спортчулар сабайт” деп жооп берди. Бирок андан кийинки суроолорубузду жоопсуз калтырышты.
Интернеттеги маалыматтарга караганда, маңзатты уурдап алган курьерлерди жазалоочу топту “спортчулар” деп коюшат. Бирок буларды кадимки спортчулар менен алмаштырып албоо керек. Жалданма жазалоочулар мурда курьер болуп иштегендер болушу да мүмкүн.
Курьерлер жумушка кирип жатканда өзү тууралуу анткета толтургандыктан кураторлордо ар бири тууралуу маалымат жетиштүү болот. Мындан улам топ башчылар жазалоочу болууга ылайыктууларына “жумуш” сунушташат көрүнөт.
Негизинен “алдамчы” курьерлерди кармоонун жана жазалоонун ар кандай жолдору бар. Жазалоочу “спортчулар” топтошуп алып иштейт жана оператор же куратор менен гана байланышат, оператор аларга “жазаланышы” керек болгондордун тизмесин жана маалыматтарын жөнөтүп турат.
Жазанын катаалдыгы жоголгон баңгизаттын көлөмүнө жана кураторлордун фантазиясына жараша. Телеграмга жарыяланган видеолордон жазалоочулар курьерлерди таяк менен сабап, манжаларын сындырам дегенин, кээ бир тасмаларда таяк жегендердин арасынан кыздарды да көрүүгө болот.
Жазалоочу топтон таяк жеген курьерлер милицияга арыздана беришпейт. Анткени алар мыйзамсыз баңгизат соодасына аралашкандыгы үчүн өздөрү кошо жоопко тартылуудан коркушат.
Мындан сырткары Бишкекте "дарыкана наркоманиясы" күч. Би-Би-Синин ал тууралуу материалдарын мындан окуңуз:
Баңги соодасы балээге гана түртөт...
Мыйзамды унутпаңыз...
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 36-бөлүмү баңгизатка байланыштуу кылмыштар тууралуу. Мыйзамга ылайык, баңгизат чөйрөсүнө аралашуу оор кылмыш болуп эсептелет. Жоопкерчиликке тартылгандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ички иштер министирли курьерлердин сабалган видеосунан кийин жарандарга кайрылып, баңгизат саткан кылмыштуу топтун торуна түшүп калбоого чакырды.
“Урматтуу жарандар, урматтуу социалдык тармактардын колдонуучулары! Жеңил эмгек акы сунуштаган шектүү шилтемелерге кирүүдөн сак болуңуздар. Бул багытта түшүндүрүү жүргүзүлгөнүнө карабай жарандар жумуш издеп баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылууда. Баңги кылмыш дүйнөсү өтө катаал! Шектүү эмгек акы сизди жана жакындарыңыздын тагдырын талкалайт”, - деп жазылат ИИМ тараткан маалыматта.
Соңку жылдары Орусияда мигранттар арасында курьерлик кызмат көрсөтүү учурунда баңгизат менен кармалып, абакка кесилгендер көп катталууда. Крмалгандардын басымдуу бөлүгү жаштар, арасында кыздар да бар экени буга чейин айтылып, маалымат каражаттарында жазылып келет.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 230 кг ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгилабораторияларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Министрликтин алдына интернет мейкиндигин күнү-түнү көзөмөлдөгөн адистештирилген бөлүм иштейт.











