Жыттап эле эмес, кан тамырына чейин сайышат. Кенедей балдар кабылган кейиштүү "кесел"
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкекте студенттер эле эмес, мектеп окуучуларынын арасына жайылган кооптуу көрүнүш тууралуу дарыгерлер коңгуроо кага баштады. Ал - "дарыкана наркоманиясы". Мында зыянын жана кесепетин аңдап билбеген кээ бир окуучулар тигил же бул дарыны такыр башка максатта пайдаланып, өзүн башкара албаган абалда керек болсо өз өмүрүнө кол салуудан кайра тартпайт дешет.
Эркайым баңгиликке каршы күрөшкөн дарыгер. Аны менен жолукканда өспүрүмдөр арасындагы наркоманияны талкууламакпыз. Адегенде 17-18 жаштагылар тууралуу кеп кылсак керек деп болжогом. Бирок, абал мен ойлогондон алда канча оор болуп чыкты.
“Жакында биз бир кызды реабилитациялык борборго жибердик. Ал болсо ушул “дарыкана наркоманиясына” кирип кетип, андан кийин дагы жаңы психоактивдүү заттар менен алектенип, көз каранды абалга жетип калыптыр. Аны ошондой абалда “достору” зордуктап кетишиптир. Алар ошол эле заттарга олтургузган чөйрөсү. Кыз эртеси ойгонуп эч нерсени билбей калган экен. Абдан чоң травма алды. Мындай учурлар абдан көп. Кыз болгону 13-14 жашта. Тилеккке каршы бул жалгыз эле мисал эмес. Кыздар дагы, балдар дагы бирдей эле “дарыкана наркоманиясына” киришет. Көбүнчөсү мектептин, колледждердин окуучулары. Аябай көп телеграм каналдар бар экен. Ошол каналдар боюнча алар маалымат алышат”,- дейт нарколог Эркайым Байышева.
Тамеки менен арактан алда канча кооптуу...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мурда тамеки менен арактан өспүрүмдөрдү кантип оолак кармайбыз деген баш ооруу эми ого бетер оорлоптур. Өспүрүмдөр маңзат катары кадимки эле дары-дармектерди колдонууга киришти. Нурбек бул тууралуу өз уулунан угуп, капысынан эле бул ишти териштире баштаган. Ал эки ай аралыгында бир укмуш көрүнүштөргө күбө болдум дейт. Айтымына караганда, курамында психотроптук заттар бар дарыларды өспүрүмдөр менен айрым дарыканалар өз аталышынан эмес, купуя, каймана атап алып, дарыгердин уруксаты жок эле соодалашышат.
“Кээ бирөөнү биз көрдүк, кээ биринен өлүм болгону тууралуу да уктук. Адамда коркуу сезими жок болуп калып, этаждан секирип кетүү, ушундай нерселерге көп кабылат экен. Жаман иштер, зордуктоого ушул да себеп болуп жатат. Бул расмий айтылбай келет. Биз ушундай дары саткан 40ка жакын дарыкананы кармадык”,- дейт Нурбек Тойгонбаев.
Нурбек айтып жактандары куру сөз эместигин, баарын видео менен далилдей ала тургандарын айтып, тарткан материалдарынын айрымдарын биз менен бөлүштү.
Күүгүмдө күчөгөн дарыканалар...

Сөз болуп жаткан дарыларды сатып алган өспүрүмдөр да, саткандар да башка эле каймана аталыш менен аташат. Ал дарылар күндүз 400-500 сомдун айланасында сатылса түнкүсүн баасы 1500 сомго чейин чыгарын кошумчалады. Рецеби жок эле дары сатканы аныкталгандар алды коркутуп-үркүтсө, арты акча сунуштады дейт ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биринчи чыгарылышыбыздан кийин бизге тигил жакта сатылып жатат, бул жакта сатылып жатат деп телефон чалуулар болду. Биз ошол жерлерге барып сатып алып жаттык. Коркунучтуусу муну көп эле ата-эне биле бербейт экен. Биз “Саянфармды” кармадык, эки күн мурун. Кийин ошол эле дарыкананын башка бөлүмүнөн дагы кармадык. “Лекарь” деген дагы ошондой эле болду. Бизде видеолорунун баары турат”,- дейт Нурбек Тойгонбаев.
Эгерде рецеби жок эле дары-дармек сатып жатканы тууралуу арыз даттануу түшсө дары-дармек департаменти дароо эле барып текшере албайт. Мыйзам боюнча экономика министрлигинен “ошол дарыканага баланча күнү барабыз” деп алдын ала уруксат алып, анан гана бара алат. Ошондон улам кайсы дары кимге, эмнеге сатылып жатканы боюнча ачык-айкын, коомдук көзөмөл болгудай система зарыл деп жатышат.
Ого бетер жайылтпоо максатында биз психотропттук заттары бар дарылардын аталышын атабайбыз. Дасыккан адис бул дарыларды туура эмес колдонуу борбордук нерв системасын катуу жабыркатат дейт.
Клиникалык фармоколог: Ата-энелер абайлайлы...

“Ал таасир эткени дүүлүктүрүп, эйфорияга алып келет. Аң-сезими тумандап, агрессивдүү жүрүм-турум болушу мүмкүн. Андан сырткары эс-тутумдун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Терс жагы абдан катуу. Москва, Казакстан, Өзбекстанда да ошондой экен. Нарко заттарды аябай колдонгондор арасында муну “баланча” деп каймана аталыш менен атап коёт экен. Эң негизгиси мурдунан башка кан тамырга, булчуңга саят экен. Бул баңгизат койгондой болот. Ата-энелерге айтаарым жаш балдардын сумкаларында же үйдө таап калышса жакшы караш керек. Эң негизгиси активдүү тропикамед деген субстанция болбошу керек. Себеби эң биринчиси колдонуш керек деген психикалык көз карандылык, анан физикалык көз карандылык пайда болот. Дозасын көбөйтсө өлүмгө да алып келиши мүмкүн”,- деди клиникалык фармоколог, медицина илимдеринин доктору Аида Зуурдинова.
Маселени адистерден тереңдеп билген сайын көйгөй ошончолук олуттуу экени сезилип жатты. Алардын айтымына караганда, адамдан акыл качып кутулбайт болуп бул дарылар дээрлик жыттанып же ачык байкалбагандыктан колдонгон өспүрүмдөр мурдум бүтүп жатат деген сыяктуу шылтоо менен пайдаланып, ал тургай идишин алмаштырып да жашырат экен. Ошондон улам аныктоо иши да татаалдашат. Нарколог эгер кандайдыр бир шек байкалган шартта баланы уруп-сабап эмес, кылдат байкоо жүргүзүп, аныктап, алдын алуу үчүн терең түшүндүрүү иши зарыл дейт.

Баскан-турганынан баштап, уйкусуна чейин көз салыңыз...
“Бала “дарыкана наркоманиясына” кошулуп жатканын билсеңиз болот негизинен. Уйкусу өзгөрөт. Көп же аз уктап калат, көбүнчө уйкусу көбөйөт. Себеби ошол даарылар таасир берет. Чоң доза менен колдонушкандыктан уйку күчөйт. Сабакта баалары начарлап, баскан турганы да өзгөрдү деп мугалимдер байкайт. Агрессивдүү же сүйлөгөндөрү өзгөрүп, жайлап калат. Сөздөрдү чоюп сүйлөп калат, ойлонуусу өзгөрөт. Себеби бул психотропттук заттар мээге абдан чоң таасир тийгизет. Бул негизи дарылар да. Биз аны терапевттик дозада колдонобуз, балдар болсо аны “токсичный” (“ууландыра турган”) дозасында колдонот. Бооруна, бөйрөгүнө, бүт организмге таасир тийгизип, ооруларга алып келет”,- деди нарколог Эркайым Байышева.
Эркайым ушундан улам жаш балдар өз өмүрүнө кол салган учурларды да билээрин кошумчалады. Ошондой эле бул терс көрүнүш Бишкекте эле эмес, аймактарда да болуп жатат дейт. Мындай кооптондурган көрүнүш мектеп, ата-эне, коомчулуктун азыркыдан алда канча тыгыз кызматташуусун дагы бир жолу айгинелеп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нурбек Тойгонбаев эки ай аралыгында бул боюнча көргөн билгендерине, тарткан видеолоруна таянып, милицияга дагы кайрылган экен. Милиция бул иш менен башка органдар алектенээрин айтып, арызды кабыл алган жок деп жатат. Дары-дармек департаменти болсо тартылган видеолор турганына карабай арыз жазгыла дешти. Арыз жазып, аны андан ары териштирүүгө чолобуз тийбейт деп жооп бердик деп кошумчалады ал.
Би-Би-Си балдардын коопсуздугу үчүн кайсы дарылар тууралуу сөз болуп жатканын жана алардын аталышын жарыялабайт.
Ушул эле темада дал ушундай заттардан жабыр тарткан мектеп окуучуларын дарылаган наркологдун, клиникалык фармакологдун маектерин да жарыялайбыз.








