Кенедей кызды дарыга көндүрүп, эсине келбей жатса зордукташкан. Наркологдун маеги

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

"Дарыкана наркоманиясына" эркек балдар эле эмес, кыздар да кандай кирип кетишкенин билбей калышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Дарыкана наркоманиясына" эркек балдар эле эмес, кыздар да кандай кирип кетишкенин билбей калышат

Психотроптук заттар аралашкан дары-дармектер атайын рецепт, дарыгердин уруксаты менен гана сатылууга тийиш. Тилекке каршы Кыргызстанда кээ бир дарыканалар курамында психотроптук заттар бар дарыларды ээн-жайкын эле сатып, өспүрүмдөр аны баңгизат катары колдонуп жатканын адистер да айтууда. Андан жапа чеккен өспүрүмдөрдү (арасында 11-12 жаштан баштап зыяндуу заттарды колдонгондор да бар) дарылаган нарколог Эркайым Байышева көргөн-билгендерин айтып, Би-Би-Сиге кенен маек курду.

Эркайым Байышева: Коркунуч өсүп бара жатат. 2022-жылдан баштап 100дөн ашык өспүрүм менен иштедик. Анын ичинде так ушул “дарыкана наркоманиясы” боюнча 50-60 өспүрүмгө кеңеш берилип, ата-энелери менен сүйлөштүк. Негизи бул жакка (наркология борборуна) балдар келгенден коркушат. Анткени алар бул жерге келгенде “бизди милицияга берип салышат же каттоого коюп коюшат” деп коркушат. Бирок биздики андай эмес, бул жерде бардыгы анонимдүү кызмат, бирок ата-энеси менен келиш керек. Себеби, алар 18 жашка чыга элек балдар. Бирок бүт баары анонимдүү, керек болсо бөлмөдө ата-энесин кошпой деле сүйлөшүп, кеңеш беребиз. Бул жерде психологдор менен кеңеш берүү өткөрүлөт, врач-нарколог отурат, өзүнүн кеңешин берет. Керек болсо психотерапевт дагы бар. Ошол жерлерге дагы жиберип кеңеш алдырабыз. Анткени наркомания деген депрессия, тынчсыздануу оорулары менен аябай тыгыз байланышта. Себеби депрессия наркоманияга алып келиши мүмкүн. Көп убакыт наркомпания менен алек болуп жүргөн балдар кийин депрессияга түшүп калышат. Булар бири-бирине чиркешип жүрөт.

Негизи эле дары-дармекти ашыкча колдонуу зыян. Лондондогу Британ музейинин бир бурчунда ушундай экспонат коюлган. Ал дарылардын көптүгүн жана зыянын чагылдырып турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Негизи эле дары-дармекти ашыкча колдонуу зыян. Лондондогу Британ музейинин бир бурчунда ушундай экспонат коюлган. Ал дарылардын көптүгүн жана зыянын чагылдырып турат

Би-Би-Си: Тажрыйбаңызда сизге кайрылган эң кичинекей, эң кичүү пациенттин жашы канчада?

Эркайым Байышева: Менин бул борбордогу эки жылдык тажрыйбамда 11 жаштан баштап кайрылгандар болду. 11 жаштагы бала жакында эле келди. Ал асмейге берилген экен. “Дарыкана наркоманиясы” болсо 13 жаштан баштап, 17-18 жашка чейин. Мындан аркысы чоң группага кирип калат.

Би-Би-Си: "Дарыкана наркоманиясына" эркек балдар эле эмес кыздар дагы кабылат экен. Кабарыңыз барбы?

Эркайым Байышева: Албетте, негизи бирдей эле. Кыздар дагы, балдар дагы бирдей эле "дарыкана наркоманиясына" киришет. Көбүнчөсү мектептин окуучулары, колледждердин студенттери. Азыр телеграмда түрдүү каналдар бар экен. Ошолор аркылуу алар маалымат алып, “дарыкана наркоманиясы” гана эмес дагы жаңы “психоактивдүү уулу заттар” дегенге чейин аралашып жатышат. Пропоганда кылбаш үчүн аталышын атабайлы. Бирок ошол заттар дагы аябай өсүп жатат. Ошолорду колдонгон балдар бат көз карандылыкка түшүп калат. Алар “дарыкана наркоманиясынан” дагы коркунучтураак.

Өспүрүмдөр менен ата-эненин, мугалимдин ортосундагы чыр-чатак, келишпестик көп көйгөйлөргө алып барат. Адистер кылдаттыкты, түшүнүү менен мамиле түзүүнү сунуш кылышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өспүрүмдөр менен ата-эненин, мугалимдин ортосундагы чыр-чатак, келишпестик көп көйгөйлөргө алып барат. Адистер кылдаттыкты, түшүнүү менен мамиле түзүүнү сунуш кылышат

Би-Би-Си: Кээ бир өспүрүмдөр “дарыкана наркоманиясына” аралшып жатканы тууралу ата-энелеринин кабары жок болсо керек. Ошонун эң биринчи симптомдору кайсылар, сырттан караган кишиге эмнелер байкалат? Эмнени эске алышы керек?

Эркайым Байышева: Негизи бала “дарыкана наркоманиясына” кошулуп жатканын билсеңиз болот. Уйкусу өзгөрүлөт. Көп уктай баштайт же болбосо уйкусу качат. Көбүнчө көп уктап калышат. Анткени дарылар уйкусун күчөтөт. Анткени алар ашыкча дозалар менен колдонушат. Ошон үчүн алардыкы тескерсинче уйкусу аябай күчөп кетет. Мектепте сабагынан албетте калып, катышуусу начарлап, көрсөткүчтөрү төмөндөй берет. Муну мектептеги мугалимдер дагы айтышат. “Жүрүм-туруму, басканы башкачаарак болуп калды. Агресивдүү болуп калды же сүйлөгөндөрү өзгөрүп, сүйлөгөндө сөздөрүн чоюп же башкача сүйлөй баштады” деп калышат. Бул негизги белгилердин бири. Балдардын ойлору да өзгөрүлө баштайт. Анткени бул заттар психотроптук заттар да. Алар мээге абдан чоң таасирин тийгизет.

Балдар ата-энеси, чөйрөсү менен мамилеси жакшы болсо, ынак болсо анын терс жолго түшү тобокели да ошончолук аз болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдар ата-энеси, чөйрөсү менен мамилеси жакшы болсо, ынак болсо анын терс жолго түшү тобокели да ошончолук аз болот

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз карап, дарылап жаткан пациенттердин ичинен окуясы оор, жүрөк өйүткөн учурлар да болсо керек...

Эркайым Байышева: Жакында бир кызды биз реабилитациялык борборго жибердик. Ал “дарыкана наркоманиясына” кирип кетип, андан кийин дагы жаңы психоактивдүү заттар менен алектенип, көз каранды абалга жетип калыптыр. Анан ушул психоактивдүү заттардын эффекти тарай элегинде ошол эле чөйрөсүндөгү балдар аны зордуктап кетишиптир. Кыз эртеси ойгонуп, эч нерсени билбей калыптыр. Абдан чоң травма алган. 13-14 жаштагылар арасында мындай окуялар абдан көп . Негизи бул бир эле мисал эмес, мындай окуялар көп болот.

Эркайым Байышева: Бул терс көрүнүш Бишкекте эле эмес, аймактарда дагы бар

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркайым Байышева: Бул терс көрүнүш Бишкекте эле эмес, аймактарда дагы бар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: “Дарыкана наркоманиясынын” наркоманиянын башка түрлөрүнөн эң чоң айырмасы кайсылар? Алар эмнеси менен коркунучтуу?

Эркайым Байышева: Ашыкча доза менен колдонуу тез-тез болуп турат. “Дарыкана наркоманиясы” дегенибиз аты айтып тургандай эле негизиси дарылар да. Биз врач катары ал дарыларды терапевтик доза менен колдонобуз. Балдар болсо ал терапевтик дозаны көбөйтүп, ууландыра турган доза менен колдонушат. Андай доза бөйрөгүнө, бооруна, бүт органдарга терс таасир тийгизип, организм тез эле начарлап ар кайсы ооруларга алып келет.

Би-Би-Си: Көбү негизинен көз кандай иштеп жатат, кандай реакция берет деп анализдөө үчүн колдонула турган дарылар экен. Эми ушул дарыларды алар кантип колдонуп жатышат? Ичеби, жыттайбы же сүйкөйбү?

Эркайым Байышева: Ар кандай “методдор” болот. Көбүнчөсү көзгө тамыза турган дарылар болот. Бирок балдар аны башка эле аллергияда мурдуна тамызган дарылардын бөтөлкөлөрүнө куюп алып пайдаланган учурлар бар. Муну башкалар билбесин деп жашышыркандагысы. Ошентип мурдуна тамызышымыш болуп колдонушат. Анан көбүнчөсү таблеткалар дагы болот, таблеткаларды дагы көп ичишет. 

Би-Би-Си: Сиздерге келип атайын баарлашуудан өткөн соң туура эмес кылып жатканын түшүнүп, оң жолго түшкөндөр барбы?

Эркайым Байышева: Ооба, албетте бар. Бизге бул жерге кеңешке келишет, ата-энеси менен сүйлөшөбүз. Талдай келгенде көбүнчөсү ата-энеси менен көп маселелери, көйгөйлөрү бар болуп чыгат. Көп учурда мамилелери жакшы эмес, түшүнүшпөгөн абалда болот. Дал ушул фактор баланы көп терс жолдорго түртөт. Баланыкы баары жакшы болсо, ата-энеси менен мамилеси жакшы болсо, достору менен мамилеси жайында болсо наркоманияга кабылуу тобокели аябай аз болот. Үй-бүлөсүндө кырдаал аябай чыңалганда балдарга абдан оор тиет.

Би-Би-Си: Сиздердин тажрыйба көрсөткөндөй канча жолу ушул дарыларды колдонгондо “дарыкана наркоманиясына” кирип кетиши мүмкүн?

Эркайым Байышева: Бул ар кимдин организмине жараша. Индивидуалдуу. Кээ бир балдар бир-эки жолу татып көргөндө эле дароо ошого көз каранды болуп калышат. Кээ бирлери болсо көпкө чейин колдоно берип анан барып байланып калат. Дозадан, өзүнүн нерв системасынан көз каранды. Бирок кандай болбосун тобокел абдан чоң. Азыр жайылуу тенденциясы көбөйүп, өсүп бара жатат. Анткени балдар ушул жөнүндө биле башташты. Анан бири-бирине жанагы “сарафанное радиодой” таратып, жайып жатышат.

Эркайым Байышева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркайым Байышева

Би-Би-Си: Муну токтото турган жолу “дары рецепт менен сатылыш керек” деп жатабыз. Бирок реалдуу чындык андай болбой жатат. Демек токтотуунун башка жолу барбы?

Эркайым Байышева: Азыр биз ошол боюнча абдан көп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок күрөшүү абдан кыйын. Дарыканалар менен дагы иштешибиз керек. Себеби айрым дарыканалар рецепти жок эле сатып салышат. Чындап керекпи, кереги жокпу, эмне үчүн сатып алып жатасың дебегени өкүнүчтүү. Бул дарылар болсо катуу көзөмөл рецепти менен берилиш керек. Врачтар дагы абдан катуу карап, текшериш керек. Дарыларды эмне үчүн алып жатат, эмне боюнча, канчаны? Ошолордун бары жакшыраак көзөмөлгө алынышы зарыл.

Би-Би-Си: Сизге жардам сурап кайрылгандар бишкектиктерби же региондордон дагы барбы?

Эркайым Байышева: Көбүнчөсү Бишкек, бирок региондордо дагы абдан көп. Буга чейин мен окуясын айтып берген 13-14 жаштагы кыз региондордун биринен.

Би-Би-Си: “Дарыкана наркоманиясынын” айынан суицидге аракет кылган фактылар барбы?

Эркайым Байышева: Ооба, бар. Андай окуялар абдан көп. Анткени негизи ошол дарыларды көпкө колдонгондо маанайлары бир аз көтөрүлүп, өздөрүн жакшы сезип калышат. Бирок ал дарыны колдонбой калганда “синдром отмена” деп коёт. Ошондо көңүлү аябай түшүп, депрессияга аябай кирип кетишет. А депрессияга кирип кеткенде ал албетте суицидге түртөт. Өзүн өлтүрүүгө жетиши да мүмкүн. Өзүмдун тажрыйбамда деле өспүрүмдөр ушунун айынан суицидге аракет кылган учурлар болгон.

Дарыгерлер да, активисттер да бул көрүнүшкө чекит коюу үчүн дары-дармек кимге, кантип сатылып жатканы ачык-айкын көрүнгүдөй система, тармактык реформа зарыл деп жатат. Нурбек Тойгонбаев өзү топтогон далилдердин негизинде милицияга кайрылганын, алар бул ишти башка мекемелер карай турганын түшүндүргөнүн кошумчалады.

Би-Би-Си балдардын коопсуздугу үчүн кайсы дарылар тууралуу сөз болуп жатканын жана алардын аталышын жарыялабайт.