"Зөөкүрлөрдү же аткыла же элге бергиле". Кадамжайдагы кыздын өлүмү: ата-энеси кайрылуу жасады
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Turmush
Маркум кыздын атасы Асан Мырзаабдыллаев киши колдуу болуп каза тапкан Айдай анын жалгыз кызы болгонун “Турмуш” басылмасынын журналисттерине айтып берген.
Кызынан ажырап калган ата-эне адам өлтүрүүгө шектелип жаткандарга болушунча катаал чара көрүүнү талап кылууда.
“Менин жалгыз кызым бар эле. Мектепте да жакшы окуйт эле. Үйдөн дагы чыкпайт эле. Баягы зөөкүрлөрдү же аткыла же элге бергиле. Ошону биз өзүбүз кылабыз. Кызым менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Москвада элем. Ушул окуя болгонго чейин үч күн мурун эле сүйлөшкөм. Жакшымын деди, окуп жатам. Эч кандай кемчилик жок, баары жакшы деген”.
Айдайдын ата-энеси мындан саналуу күн мурун гана Москвага миграция кетип, кызын таенеси таштап кетишкени айтылууда. Быйыл маркум кыз тогузунча класска гана көчкөн. Айдайдын кошунасы Жазгүл Би-Би-Сиге буларды билдирди:
“Айдай менин эң чоң акемдин класстташынын кызы эле да, бир үйдүн эркеси эле. Аны биздин Кировдогу мектепке быйыл киргизсе кайра таенесинин үйүнө кетип калган экен. Ата-энеси жакында эле үй салып биз жакка көчүп келишкен Халмиондон. Ата-энеси жаңы үйүнө 3-августта эле көчүп киришкен, Москвага кайра кеткен эле, эми кайра келишти”.
Бүгүн Кадамжайда жергиликтүү эл жыйынга чогулуп райондун акими Кутпидин Шакировго жана облуска иш сапар менен келген министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге бул үрөй учурган окуяны тыкыр иликтөө талабын коюшту.
"Ушу тапта акимиатка райондогу аксакалдар кеңеши, аялдар коомунун өкүлдөрү келип жыйын өтүп жатат. Киши колдуу болгон кызга буга чейин деле социалдык кызматкерлер көз салып келген, бирок тагдыр экен, ушундай иш болуп калды. Мындан ары райондогу мигранттардын балдарына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Биздин бир эле райондон 30 миңге чейин мигрант сыртка кеткени белгилүү. Бакыт Төрөбаев жана Курманкул Зулушев жергиликтүү элге бул ишти көзөмөлгө аларын убадалашты", -деди Би-Би-Сиге аким Кутпидин Шакиров.
Халмионго караган Таш-Дөбө айыл башчысы Ырысбек Толубай уулу бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар каза тапкан кыздын ата-энесине боору ачып, кылмышкерлерди жазалоого катуу туруп жатышканын Би-Би-Сиге айтып берди.
“Жергиликтүү элдин бул окуядан кийин маанайы жакшы эмес. Азыр эми береги балдарды жаштык-мастык кылыптыр деп нерви кашайып турган учуру. Өтө эле жапайычылык иш болуп калды да. Айылдын участковый милициясы, айыл өкмөтүнөн барып 1-сентябрда мектепке барып түшүндүрүү иштерин деле жүргүздүк эле. Эми маселе кыйын болуп калды”.

Сүрөттүн булагы, Баткен ОИИБи
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
4-сентябрь күнү Ош - Раззаков автожолунун 146-чакырымында сел өтүүчү туннелдин ичинен өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Милиция кароо жүргүзгөндө маркумдун колу артына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгону аныкталган.
“Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган”, - деп берилет билдирүүдө.
Кадамжай РИИБи “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козгоп, шектүү үч адам кармалды, алардын эң уулусу 27, 25 жана 23 жаштагы Халмион айыл аймагынын тургундары болуп чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча бул жарандар жергиликтүү чач тегиздөөчү жайдын жумушчулары болгон.
Кадамжай райондук соту шектүүлөрдү Ош шаарындагы №5 тергөө абагына эки айга камоого өкүм кылды.
Жүрөктүн үшүн алган бул окуяга президент Садыр Жапаров дагы реакция кылды.
“Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы”, - деди президент Фейсбуктагы социалдык баракчасында.
Мындан сырткары, Садыр Жапаров ИИМге жана башка тиешелүү мекемелерге “уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырганын” кошумчалады.
“Кадамжайда жасалган мыкаачылык - кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деди президент.
Шектелип жаткандардын арасында милиция кызматкерлери бар экени айтылып, бирок кийин ал маалымат четке кагылды.
Деген менен бул окуя соңку кезде өспүрүм кыздарга жана келиндерге Кыргызстанда зомбулук күчөп турган маалга туш келди.
Жакында эле милиция кызматкерлери тарабынан узак мөөнөткө жыныстык зомбулукка кабылган 13 жашар кыздын окуясы коомчулукту бир силкинткен эле.
Эми жашы жете элек кыздын бөөдө өлүмү ИИМге карата коопсуздук камсыздоого байланыштуу сын-пикирлерди жаратты.
"ИИМ министри Ниязбеков, качан жарандардын коопсуздугу камсыздалат? УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев адамдардын коопсуздугу тууралуу качан иш баштайсыңар? Блогер менен активисттерден эле өзүңөрдү коргобой, адамдарды зордук-зомбулуктан, адам өлтүрүүдөн коргобойсуңарбы. Балдарга карата коркунуч жаралганда ишке киргизе турган кнопка киргизүү убадаларыңар кайда?", - деп суроо салды укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова.
Укук коргоочу өлкөдө "Откровение" коомдук уюму зордуктоого кабылышы мүмкүн жагдайга туш болгон кыз-келиндерге атайын номерди ишке ашырууну демилгелеп, бирок ага кошумча каражат жана саясий эрк болбой жатканын баса белгилеп кетти.
Зордуктоо көрүнүшү өлкөдө күндөн күнгө өсүп, милициянын алы келбей жатканда, жарандык коомдун бул демилгесин кыргыз өкмөтү колго алышы керек деп эсептейт Абдирасулова.
Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр Кыргызстанда зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, абирок анын жарымынын көбү 325и кыскарып кеткен.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:











