"Педофилияны токтоткула!”:13 жаштагы кыздын зордукталышы
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Си Бишкек

Кыргызстандагы 13 жаштагы кызды зордуктап жүргөн делген милиция кызматкерлеринин үстүнөн чулгандуу сот уланууда.
Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу резонанс жаратып, бүгүн соттун алдында жарандык активисттер жана укук коргоочулар митинге чыгышты.
Чогулгандар Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдына батпай, ал убакта үрөйдү учурган окуя боюнча сот жабык өтүп жатты.

Бир катар бейөкмөт уюмдар кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча президентке кайрылышты жана ИИМ жетекчилигинин отставкасын талап кылышты.
Балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова ушу тапта жабырлануучу тарапка басым болуп жатканы тууралуу айтты.
“Ошол 13 жаштагы кыздын ата-энеси күнөөкөр адамдар кайра аларды коркутуп жатканын айтып атышат. Биз чыккандан кийин силерге көрсөтөбүз деп атышыптыр. Анан сотту дагы созуп атышат. Бул эмнеден кабар берет? Бул жабырлануучунун эле эмес, кайрадан эле милициянын укугун коргогондой болуп жатат. Бул коррупциянын белгиси".

"Бүт эле милиция жаман деп айткан болбойт. Бирок конкреттүү ушул окуя боюнча билинип турат. Кыз баланын кызыкчылыгын коргобой, балага кол салган адамдардын кызыкчылыгын коргоп жатышканы. Бул кыз абдан оор кырдаалга кептелген үй-бүлөдө чоңоюуптур. Кыргызстанда иш орун болбогону үчүн атасы миграцияда акча таап журүптүр. Энеси оорукчан экен”, - дейт укук коргоочу.
Жаш кызды былтыркы жылдын август айынан быйыл февралга чейин эки милиция кызматкери жана дагы бир адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Шектүүлөр кармалып, азыр тергөө абагында экени белгилүү
Айыпиалып жаткаг эки милиция кызматкерине “Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" беренесинен тышкары "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" айыбы да коюлуп жатат.
Укук коргоочуларга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да жооп кылды. Ал Фейсбуктагы баракчасында президент балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эрбол Султанбаев секелек кызга жыныстык зомбулук кылгандарга сот акыйкат жаза берерине ишенерин жана "кылмыш жасаган акмактардын аракети эч кандай актоого жатпай" турганын жазды.
Кыргызстанда соңку айлардагы аялдарга карата үрөй учурган зомбулуктун күнөөкөрлөрү жазасыз калып жатканына Бириккен Улуттар уюму тынчсыздануу билдирди. Улуттар уюму Кыргызстан аялдарды басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциялардын катышуучусу экенин эскертти.
Эл аралык талаптар боюнча, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү чаралары мажбурланбашы керек экени айтылды. Уюм аялдарды жана кыздардын укуктарын жетиштүү деңгээлде коргоого чакырды.
Расмий маалыматтар боюнча былтыр зордуктоо фактысы менен 604 иш катталып, анын 53% кыскарып кеткен. Ага кылмыштын курамы жок болгону себеп болгон. Өндүрүштөгү 249 кылмыш ишинин 89,5%нын бети ачылган. Болгону 148 факты сотко өткөрүлгөн.
13 жашар кыздын окуясы боюнча бүгүнкү сот отуруму жабык өтүп, кийинкиси 12-июлга белгиленди. Жабырлануучулардын жактоочулары алмашкандыктан, алар иш менен таанышып чыгууга убакыт сурашты.












