Сабалган эгиз кыздардын атасы: "Моралдык жоопкерчиликти сезбейм"
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Social media
Өткөн аптада балдардын зомбулук көргөн окуялары элдин көңүлүн бурду. Араван районунда жаш эне эгиз кыздарын шымына заара ушатып койгону үчүн катуу сабап жаткан видео тарап, 21 жаштагы Д.С. аттуу аял кармалып, абакка киргизилди. Андан кийин Бишкекте түнкү саат 23:30 чамасында таштанды челекке ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.
Таштанды челектен табылган наристе учурда борбордогу №1 төрөтканада. Абалы канааттандырарлык. Ал эми ымыркайдын энеси укук коргоо органдары тарабынан табылып, ал 21 жаштагы А.С. аттуу кыз экени аныкталып, камакка алынды.
Эки окуяга байланыштуу коомчулукта балдардын энесинен сырткары, атасынын жоопкерчилигин талап кылган пикирлер көбөйдү.
Мындай кейиштүү учурлардын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын билүү үчүн Би-Би-Си президенттин алдындагы Балдар укугун коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева менен байланышты.
“Жакында Социалдык өнүктүрүү министрлигине аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселеси боюнча жыйын өткөрүү тапшырмасы берилди. Зомбулукка каршы күрөшүүдө кайсы органдар толук кандуу ишин аткара албай жаткандыгы боюнча анализ жүргүзүлүп, жыйынтыгына жараша чечим кабыл алабыз. Бул биз тараптан болгону реакция болуп эсептелинет. Бул бир күндө чечиле турчу маселе эмес, бул комплекстүү иш. Албетте, реформаны жана кайра карап чыгууну талап кылат”.

Сүрөттүн булагы, Social media
Чынбаева ар бир окуяга дароо реакция бербегенинин себебин, балдар темасы аяр болгондугу менен түшүндүрдү. Катталган ар бир ишке реакция кылып, тийиштүү органдарга тапшырма берип турарын дагы кошумчалады.
Таштандыдан табылган ымыркай
№1 төрөткананын башкы дарыгери Замира Матубраимова бала келгенден бери 15 грамм салмак кошуп, учурда өз алдынча дем алып жатканын айтты.
“Ымыркай келген убакта салмагы 2200 болчу. Ички органдары, баш-сөөгү текшерүүдөн өткөрүлдү. Бир аз маселелер бар экен. Биз бала кандай шартта төрөлгөндүгү, энеси боюнда бар кезде кандай көтөрдү, бул тууралуу такыр маалыматыбыз жок. Келгенден бери 15 грамм салмак кошуп калды”.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Наристенин апасын милиционерлер тапса дагы, азырынча медициналык карточкасы, кандай шартта төрөлгөнү тууралуу маалыматтар дарыгерлерге бериле элек. Баланын канынан СПИД, сасык тумоо оорулараны аныктоо үчүн анализдер жүрүп жатат. Андан сырткары, беш күндөн бери баланын жакындарынан дагы эч ким келе электигин дарыгер билдирди. Жакында наристе №3 балдар ооруканасына өткөрүлүп берилет. Андан киийнки чаралар азырынча белгисиз.
Учурда балага жалаяк, кийим-кече, сүт менен камсыздоо жагынан оорукананын жамааты жана Социалдык коргоо министрлиги колдоо көрсөтүп жатат.
Октябрь ШИИБ тергөө иштерине байланыштуу азырынча башка маалымат берүүдөн карманууда. Ымыркайдын биологиялык туугандары изделип жатат. Ага оорукананын дарыгерлери Садыр деген ысым коюшту. Социалдык коргоо министрлиги ушу апта атасы такталып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилерин убада кылууда.
Бул жыл башынан бери алганда төрөлгөндөн кийин эле ташталып кеткен он төртүнчү ымыркай.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кайненеси да жоопко тартылат
Араванда эгиз кыздарына аёсуз мамиле жасагандыгы үчүн эки айга абакка киргизилген жаш эне тууралуу Акыйкатчынын Оштогу өкүлү маалымат берди. 21 жаштагы келин алты айлык кезинде апасынан, бир жашка чыга элек кезинде атасынан айрылган. 73 жаштагы чоң апасынын колунда чоңоюп, кийин анын дагы көзү өтүп кеткен. 18 жашында турмушка чыгып, эгиз кыздар ушул биринчи жолдошунан болгон. Анын ата-энеси жок, оор турмушта жашары айтылды. Жолдошу ичкиликке берилип, үйүндө тынчтык болбогондуктан ажырашып кетишкен. Атасынан калган үйүндө эжеси беш баласы менен отурукташып алгандыктан, үйүнө батпай экинчи ирет турмушка чыккан. Бул үйдө кайненеси, жолдошунун эки карындашы, иниси болуп чогуу жашайт. Эгиз кыздардын денесине анализ жүргүзгөндө ийне сайылган тешиктер, көгала тактар жана башка жеңил жаракаттар аныкталган. Муну кайненеси жасаганы аныкталып, учурда анын дагы жоопкерчилиги каралууда.
Камалдин Теңизбаев, Омбудсмендин Оштогу өкүлү
“Келинге карата психологиялык экспертиза жүргүзүлдү. Аны менен кошо кайненеси дагы жоопко тартылат. Азыр анын үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Себеби, ал да корс мамиле жасаган кыздарга. Чогуу жашагандар дайыма басым кыла бергендиктен, өзүн кармай албай кыздарды ургандыгын мойнуна алат. Үй-бүлөдө абал өтө начар болгондуктан ушундай окуя катталып отурат. Туруктуу кирешеси жок болгондуктан, памперс алганга каражат жок, ошол себептен кыздарын заара ушатып койгону үчүн урганын айтып берди”.
Жаш эне абакта болгону менен ага мындан аркы юридикалык жардам көрсөтүлө бермекчи. Атасынан калган жердин үлүшүнө ээ болууга, кыздардын атасы менен мыйзамдуу ажырашып, алимент төлөттүрүү сыяктуу иштерге көмөк көрсөтүлөт.

Сүрөттүн булагы, Social media
Учурда эгиз кыздар Араван районунун ооруканасында. Жанында атасынын бир тууган эжелери карап турганы кабарланды.
Би-Би-Си эгиз кыздардын 32 жаштагы М.Ф. аттуу биологиялык атасы менен байланышканда, ал коомчулук талап кылып жаткан моралдык жоопкерчиликти сезбей турганын айтты. Кыздар мындан ары аны менен бирге жашарын айтып, бирок ачык комментарий берүүдөн баш тартты.
Келиндин адвокаты ага карата кабыл алынган мындай чечимге макул эместигин билдирүүдө.
Аталардын жоопкерчилиги
Коомдо жогорудагы окуялар боюнча эки ача пикир жаралды. Анда аталарды дагы жоокерчиликке тартууну талап кылгандар бар.
“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова:
“Кыргызстанда бир жумада эки окуя болду. Бири зомбулук көрсөтүп, бири таштандыга калтырып койгон. Эки наристенин азыркы абалына аталары дагы күнөөкөр. Мисалы, Аравандагы окуя боюнча атасы Орусияга иштегени кетип калып, бирок кыздарына тийиштүү кам көргөн эмес. Ал эми таштандыдагы наристенин салмагы аябай кичинекей экен. Бул энеси кош бойлуу учурунда аябай ач жүргөнүнүн белгиси. Баладан кутулайын деген аракети – балким атасы тарабынан дагы түрткү болгондур же зордук-зомблуктан улам жаралган баладыр. Муну тийиштүү органдар иликтеп чыгып, атасын дагы жоопкерчиликке тартыш керек”.
Эки наристенин бирөөсүнүн атасы аныкталган, ал Би-Би-Сиге моралдык жоопкерчиликти сезбей турганын билдирип, башка ачык комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми экинчи наристенин атасы изделүүдө.
Кыргызстанда аталык милдетин толук кандуу аткарбагандарга катуу жаза берилген учур каттала элек. Жолдошу менен ажырашып, мыйзам чегиндеги алимент ала албаган энелер бар. Мыйзамга ылайык, эгер эркек кишиге алимент чегерилип, аткарбай койсо, анда өлкөдөн сыртка чыга албайт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, жыл башынан бери турмуштук оорчулукка кабылган 3500 бала катталган. Зордук-зомбулукка кабылгандардын саны 11 айда 329га жетти.
Бийлик өкүлдөрү балдарга карата зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарды иштеп чыгып, тийиштүү органдарга тапшырма берилгени менен, олуттуу иштер жүрбөй жатканын адистер айтып келет.












