Майыптыгы бар кыздарды зордуктап жүргөнбү? Түптөгү чуулу окуя

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу айылдардын биринде зордуктоо тууралуу чуу түшүргөн окуя аныкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, зордуктоого кабылган бир тууган эже-сиңдилер, дагы бирөө башка кыз. Алардын абалын уккандар бул зордук-зомбулукту кескин сынга алып, мыйзам чегинде эң катаал чара көрүлсүн деп жатышат.

Эже-сиңдилер көзү азиз, дагы бири акыл-эси жагынан жабыркаган кыз экени айтылууда. Аларды "бир топ убакыттан бери зордуктап жүрөт" деген шек менен кармалган алтымыш жети жаштагы кишинин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин аймактагы өкүлү билдирди.

Би-Би-Си бул тууралуу маалымат топтоого аракет кылды.

Кыңыр иш кантип билинди?

Түп районунда өгөй атасы менен жашаган 325 үй-бүлө такталып, тизмеге алынган. Алардын абалынан, жашоо шартынан кабар алып, бир катар тактоо иштерин жүргүзүү боюнча аким тарабынан социалдык укук коргоо кызматкерлерине тапшырма берилиптир. Ушул иш-чаранын алкагында 13 жана 16 жаштагы көзү азиз кыздар тай энеси менен келип-кетип жашап жүргөн, алтымыш жети жаштагы Т. аттуу киши тарабынан зордукталып жургөнү маалым болгон. Териштирүү учурунда бул киши мындан башка чогуу жашаган аялдын жыйырма үч жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызын дагы зордуктап жүргөнү аныкталган.

“Бул маселе тууралуу дароо мага айтышты. Тиешелүү психологиялык жардам көрсөтүлдү. Жыйырма үч жаштагы өзүнүн кызы экен, экөө небереси экен. Алардын апасы дагы таштап кетип калыптыр. Небере кыздардын бирөөсүнүн жашы он үчтө, бирөөсүнүкү он алтыда болгон. Алар Бишкектеги атайын мүмкүнчүлүгү чектелген интернатта окушчу экен, быйыл негедир Түптө жашап калышыптыр. Өгөй атасы Нарындан келип жүрчү экен. Мунун баары биз жасаган рейдден кийин маалым болуп жатат. Калганы укук коргоо органдары тарабынан тергелүүдө”, - деп билдирди Түп районунун акими Каныбек Адиев.

Бул боюнча 13-июнь күнү Түп райондук милицияга шектүү менен жашап жүргөн, тагыраагы кыздардын тай энеси тарабынан арыз түшкөн. Арыз бирдиктүү реестрге катталып, 154-берене менен (зордуктоо) алтымыш жети жаштагы Т. аттуу кишиге кылмыш иши козголуп, соттук медициналык жана соттук-психиатриалык экспертиза дайындалып, ал эки айга камалган.

Алдын ала жүргүзүлгөн суракта шектүү күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал акыркы тогуз жылдан бери ошол үйдө келип-кетип жашап жүргөн деп айтылат.

Кыргызстанда 2022-жылы балдарга карата 500гө жакын зордук-зомбулук катталган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 2022-жылы балдарга карата 500гө жакын зордук-зомбулук катталган

Кыздардын абалы

Кыздардын учурдагы абалы туруктуу, тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатат, дейт акимдин социалдык коргоо боюнча орун басары Эрмекан Асанакунова.

“Азыр психологиялык жана башка гуманитардык жардам дагы көрсөтүлүп жатат. Бейтааныш адамдар атыбызды атабагыла деп, акчалай дагы жардам берип жатышат. Күзгү окуусуна кийимдерди алып койгонбуз. Аны окуу башталарга жакын тапшырабыз. Үч кыз тең жалпысынан мамлекеттен 28 миң сом жөлөк пул алышат”, - деп билдирди Асанакунова.

Кошуналары, айылдаштары ал кишиден шек санай турчу жагдайды байкашкан эмес.

“Ал киши уста болчу экен. Айылдаштарынын баарына жардам берип, үй-жайын оңдошуп жүрчү экен. Окуя болгондон кийин таң калып жатышат”, - деп кошумчалады Асанакунова.

Кыздар Түптөгү айылдардын биринде тай энесиникинде жашаганы менен каттоосу Каракол шаарында болчу. Мындан улам Би-Би-Си Каракол шаарындагы укук коргоочу Камиль Рузиевге байланышка чыкты.

Камиль Рузиев

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камиль Рузиев

“Жыйырма үч жаштагы кыз интернаттагы окуудан чыгарылган экен. Ал билими жок калыптыр. Бул окуя боюнча азыркы тапта шаардык администрацияга тиешелүү документтерди даярдап жатам. Кыздардын реабилитация болуусуна жардам керек. Мен шаардык администрация, акыйкатчыдан бул окуяны көзөмөлгө алууну өтүндүм. Кыздарды кризистик борборго жөнөтүш керек. Алар психологдон жардам алышы зарыл. Себеби кыздар кичинекей. Алардын ден соолугу, психологиясы калыбына келүүсү үчүн үчүн убакыт керек. Шектүүнүн күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою абакка кесилет деп ишенем ”, - деп айтты Рузиев.

13 жана 16 жаштагы эки кыз августтан тарта интернаттагы билимин улантышат.

Кор болгон майыптар

Бул окуядан улам “Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова өлкөдө майыптыгы бар балдардын саны жыл сайын өсүп, алардын кол тийбестигин коргоо барган сайын кыйын болуп жатканын билдирди.

Назгүл Турдубекова

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назгүл Турдубекова
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Интернатта окуган кыздар каникул учурунда эки жакка барып келгенден кийин сөзсүз түрдө ден соолуктары кандай, зордук-зомбулукка учураган жоксуңарбы деп сурап коюу керек. Себеби бул дүйнө жүзүндө болгон практика, майыптыгы барлар жыныстык зомбулукка кабылган учур көп болот. Көзү азиз же акыл-эси тарабынан жабыркаган болсо, алар өздөрүнүн укугун коргошу ого бетер кыйын болот. Кылмышкер дагы ушу факторлорду эске алуу менен майыптыгы барларга зордук-зомбулук көрсөтөт. Майыптыгы бар балдарды жыныстык зомбулуктан кантип коргоп, кантип алдын алабыз, эгерде зомбулукка кабылган болсо, кантип тез арада чара көрүш керек деп алгоритм иштеп чыкканбыз. Бул эл аралык стандарттардын негизинде түзүлгөн. Бир-эки жыл ичинде бул алгоритмди биздин кесиптештерге жана социалдык коргоо кызматкерлерине таратканга аракет кылабыз”, - деп билдирди балдар укугун коргоочу Назгүл Турдубекова.

Кыргызстанда 2020-жылы 32 миң майыптыгы бар бала катталган. Алардын саны жыл сайын төрт миңге кошулуп турат.

Укук коргоочулар акыркы учурдарды балдарга карата зордук-зомбулук күчөп келе жатканын билдирип келишет. Мисалы, 2021-жылы 250 жыныстык зордук-зомбулук катталган. 2022-жылы бул көрсөткүч 500гө жеткен. Алардын 2% гана укук коргоо органдарына жеткен.