Жети жашар кыздын өлүмү: алдын алууга мүмкүн беле?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Нарындын Орто-Нура айылында үрөй учурган окуя болду. Жети жашар секелек кыздын аянычтуу өлүмүнөн кийин окуучулар үчүн мектепке атайын транспорт уюштурула баштады.

Аруукенин жансыз денеси ушул ээн үйдөн табылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аруукенин жансыз денеси ушул ээн үйдөн табылган

“Ушу тапта балдарды транcпорт менен ташып жатат. Жеке эле машина. Майын айыл өкмөтү чечип берди. Ушундай иш-чаралар жүрүп жатат. Бул эми аябай эле оор болуп жатат баарыбызга эле” - деди мектеп директору Эсенкелди Токтобаев.

28-апрелде Орто-Нура айылында 7 жашар кыздын мектептен кайрылып келер маалынан кечиккени, кабары чыкпаганы айыл элин дүрбөлөң түшүрдү. Ал саат 12:00дөр чамасында мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтпай калды. Айылдаштары жабыла чыгып издеп жүрүп анын жансыз денесин ошол эле айылда эч ким жашабаган, ээн үйдөн түндө табышты.

Баланын денесинде зомбулуктун белгилери болгонун, шектүү катары ошол эле айылдын 64 жаштагы тургуну кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Би-Би-Си кыздын туугандарынан кабар алды.

Ээн үй

“Жароокер кыз эле…”

Кайгыга малынып турган ата-энесинин тынчын алган жокпуз. Мындан улам кыздын атасынын агасы Жеңишти кепке тарттык. Ал мектепке барчу жолду, сөөк табылган ээн үйдү көрсөтүп берди.

“Шайыр кыз болчу. Жөнөкөй, тайманбаган, өзүнүн ою менен жүргөн анан биз келсек дагы аталап жаныбыздан чыкпай, жароокер кыз болчу да. Келечекте үмүтүбүз чоң болчу”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Арууке окуган мектеп үйүнөн бир топ эле алыс экен. Кичинекей балдар жөө басса бир саатка жакын убакыт керек. Ал айылды, андан ары ээн талааны аралап өзү жалгыз мектепке барып келип атканына бир апта болгон. Буга чейин атасы жана улуу бир туугандары менен каттачу. Кыздын сөөгү табылган ээн үй айыл ичинде. Шектүү ошол кароосуз калган үйгө жакын жашачу дешти.

Кармалган шектүү буга чейин кыздын атасынын тракторун чогуу оңдошуп, киришип-чыгышып жүргөндүктөн эч ким күмөн санабаптыр. Каргашалуу окуя болгондон кийин бир жагынан жаңжал чыгып кетпесин, араздашуу күчөбөсүн деп шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдаштары көчүрүп жиберишкен. Ал эми урук-туугандары кыздын үйүнө келип, куран окутушуп, кечирим сурап кетишти.

“Кызды моргдон алып, жерге бергенге чейин эч ким байланышкан жок. Жерге берип келгенден кийин биякта уруулаш туугандары чогулуп, кечирим сурашты. Кечирим сураганда туугандарында күнөө жок. Бирок кылмышты өзү колу менен кандай кылса, жазаны мойну менен тартыш керек да”.

Аруукенин атасынын бир тууганы Жеңиш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аруукенин атасынын бир тууганы Жеңиш

"Түзмө-түз шалаакылык"

Шектүү бул ишке бир күндө эле бара калган жок. Мындай адамдар көпкө чейин баланын артынан аңдыйт дейт айрым адистер. “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова.

“Билим берүү боюнча дагы мыйзам бар. Башталгыч класста окуган балдарга ар кандай эрежелер бар. Анын баары иштелип чыккан. Мектеп директоруна дагы өзүнчө доомат койсо болот. Эмне себептен ушу башталгыч класста иштеп жаткан мугалимдер менен түшүндүрүү иштерин өткөзбөйт? Эмне үчүн мугалим ата-энесине телефон чалып, мындай түшүндүрүү иштерин өткөргөн эмес? Болбойт, мыйзам боюнча баланы жалгыз жиберип, жалгыз кетирүү болбойт. Мыйзам чегинде бул баланын укугун бузуу деп эсептелинет. "Эмне үчүн силер кызыңарды жалгыз жиберип жатасыңар?" деп, телефон чалып айтып койгон жок? Бул түзмө-түз шалаакылык. Себеби, бала мектепке келе жатканда сөзсүз түрдө анын бир гана окутуу жагын карабастан, ар бир балага коопсуз чөйрө түзүп берүү түзмө-түз мектептин милдети деп эсептелинет. Таң калыштуу болуп жатат, бир жума жалгыз келип, жалгыз кетип жүргөн экен. Чоң кишилердин шалаакылыгынан болуп жатат”, - деди Назгүл Турдубекова.

Орто-Нура айылындагы Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин директору Эсенкелди Токтобаев класс жетекчиси ИИБге сурак берип чыкканын билдирди.

Ошондой эле окуучулардын коопсуздугу боюнча жыл сайын мугалимдерге нускама, класстык сааттар өтүп турарын кошумчалады.

“Коомчулукту козутуп жатасыңар, балдардын психологиясына таасир этип жатасыңар” деген жүйө менен бул окуяны коомчулукка чыгарбоо боюнча Ички иштер башкармалыгынан эскертүү болгонун айткандар бар.

Мындай балдарга карата көрсөтүлгөн ырайымсыз көрүнүштүн саны акыркы учурда көп болуп жатканын адистер коңгуроо кагууда.

Арууке окуган мектеп үйүнөн бир топ эле алыс экен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арууке окуган мектеп үйүнөн бир топ эле алыс экен.

250 жыныстык зордук-зомбулук

2021-жылы эле 250 жыныстык зордук-зомбулук катталган. 2022-жылы алардын саны 500гө жеткен. Анын ичинен 2% гана укук коргоо органдарына жетерин Назгүл Турдубаева билдирди.

“Бул абдан жаман көрүнүш. Бизде система иштебегенинин түзмө-түз белгиси. Ар бир айыл өкмөттүн деңгээлинде социалдык үй-бүлөнү колдой турган жана балдарды коргой турган социалдык кызматкерлерди түзмөйүнчө коопсуздук чөйрөдөн сактап калганга кыйын эле болуп калды”.

Өлкөдө президенттин алдындагы Балдар укугун коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу өкүл бар. Аны бир жылдан бери Асель Чынбаева жетектейт. Негизги милдеттеринин бири - балдардын укугун коргоо.

Бул үрөй учурган окуя болуп өткөнүнө бир канча күн болду. Азырынча Асель Чынбаеванын пикири же реакциясы эч жакка жарыяланганын көрө элекпиз.

Би-Би-Си Чынбаева менен байланышып, комментарий алууга кайра-кайра аракет кылды. Жазуу жүзүндө, телефон аркылуу дагы байланышууга мүмкүн болгон жок. Бир нече жолку аракетибизден эч кандай майнап чыкпады.

«Алдын-ала пландалган иштер болгондуктан, маек берүүгө азырынча убактысы жок» деген жүйөнү айтты жардамчылары.

Өткөн жылдын 5-июлунда милиция кызматкерлери тарабынан зордукталды деген 13 жашар кыздын окуясына баам салып турары президенттин сайтына жарыяланган. Андан кийин зомбулукка туш болгон, кордолгон балдардын окуясы боюнча бөлүм башчынын маалыматтарын көрө алган жокпуз. Эгер Асель Чыныбаева убакыт таап, балдар укугу, коопсуздугу тууралуу суроолорубузга жооп бере турган болсо аны да жарыялаганга даярбыз.

Орто-Нура айылындагы жети жашар кыздын өлүмү жайкы туристтик сезондун башталар алдында жаман кабарларды жазбай, жакшы кабарларга басым жасап, жаманын майда тамга менен жарыялоо чакырыгы айтылган учурга туш келди.

Секелек кыз 29-апрелде жерге берилгенден кийин, райондун акими үй-бүлөсүнө барып, иш президенттин көзөмөлүнө алынганын билдирген.