Педофилия: тагдыр талкалаган балээнин тамыры кайда?

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Педофилия коомдун баш ооруусуна айланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Педофилия коомдун баш ооруусуна айланды

"Кенедей кызды зордуктаптыр, педофилди үй камагына чыгарып жибериптир" деген сыяктуу үрөй учурган кабарлар коомчулукту нес кылууда. Бирок, андай кылмыштар кезектеги кийинки чуулуу окуяга чейин унутта калгансыйт. Кабары чыгып, белгилүү болгондорун билебиз. Белгисиз калгандары канча деген суроого так жооп жок.

Блогер Назира Айтбековага жолдонгон купуя, жеке каттарда бала чагында сексуалдык зомбулукка кабылгандардын көбү коркуп, түшүнбөй же жакындары жаап жашырып салган мисалдар да далай болоорун айгинелегенсийт. Блогер андай каттарды маал-маалы менен жарыялап жатат.

Балдарды коргоо уюмдары, тиешелүү мекемелер, тууган-уругу баары эле аракет кылып жаткансыганы менен алдын алуу чаралары боюнча кыла турган иш өтө көп.

Балага туура маалымат берип коргой аласыз. Психолог кенен чечмелеп берди...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балага туура маалымат берип коргой аласыз. Психолог кенен чечмелеп берди...

Педофилия маселеси азыр эле баш оору болгон жок. Буга чейин да далай айтылып келген. Ал тургай азыркы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт иштеринде педофилдерге өлүм жазасын киргизип, мындай наадандыкты кан буугандай токтотом таризинде убада берген.

Педофилдерге ушундай кескин жазаны, химиялык кастрацияны, өмүр бою камап салууну сунуштаган чакырыктар айтылып жүрөт. Биз адегенде коңшу Казакстан колдонуп жаткан химиялык кастрацияга токтолуп, бул эмне болгон жаза, ал кантип ишке ашат деген өңүтүн талдайлы. Тактап койчу жагы, жазанын мындай түрү Кыргызстанда колдонулбайт.

Химиялык кастрация (химиялык жол менен “бычып” салуу) – атайын дары-дармектер менен ишке ашырылат. Ушундан улам Би-Би-Си медицина илимдеринин доктору, фармакология боюнча адис Аида Зурдиновага кайрылды.

Казакстанда 2021-жылкы маалымат боюнча, 25 адам химиялык жол менен бычылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда 2021-жылкы маалымат боюнча, 25 адам химиялык жол менен бычылган

А. Зурдинова: Химиялык кастрация кээде медициналык кастрация деп дагы аталат. Бул жыныстык гормондордун бөлүнүп чыгышын токтотуу үчүн кандайдыр бир химиялык заттарды же дарыларды колдонуу дегенди билдирет.

Көпчүлүк муну өтө эле зордукчул кылмышкерлерди токтотуунун бир жолу катары гана билишет. Бирок медициналык кастрация жыныстык гормондор менен азыктанган шишиктерди дарылоодо да колдонулат. Тагыраагы онкологияда. Мисалы, эркектердин жыныстык бездеринде кандайдыр бир шишиктер болсо же аялдардын, мисалы, сүт бездеринде шишик болгон учурда колдонулат. Анткени шишиктердин тигил же бул түрү дал ошол гормондор менен “азыктанып” чоңоёт.

Дарылаганда ошол чыга турган гормондор азайып, чыкпай калганда шишик “азыгы” жок калат деп түшүнүү керек. Ушундай учурда медициналык кастрация колдонулат.

А. Зурдинова: Эң негизгиси урук бездерди - андрогендерди бөлүп чыгарат. Дары ошолорду басат...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Зурдинова: Эң негизгиси урук бездерди - андрогендерди бөлүп чыгарат. Дары ошолорду басат...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Химиялык кастрацияга колдонулган дары-дармектер педофилдин организмине кандай таасир этет?

А. Зурдинова: Эң негизгиси - урук бездерди андрогендерди бөлүп чыгарат. Андрогендер - мисалы тестостерон, дигидротестостерон дегендер бар. Булар эркектердин жыныстык гормондору. Эки гормон эркектердин сексуалдык каалоосун, дүүлүгүүсүн жөнгө сала турган гормондор.

Алардын ишинин бири простата безин өстүрүү жана аны иштетүү. Ошол жерден анын синтезин токтотуш үчүн дарылар колдонулат. Бул гормон. Ар бир гормондун өзүнүн терс жактары да бар. Гормон бергенде, мисалы, кан басымы көтөрүлүшү мүмкүн. Андан башка кандын уюп калуусуна алып келиши мүмкүн. Тромбоз болсо инфаркт, инсульт деген ооруларды чакырат.

Демек, кан айлануу системасы, жүрөк жапа чегет. Ошондой эле боорго катуу таасир берет. Андан башка сөөктөрүбүздүн жумшак, борпоң болуп калышына да таасир этет. Кант диабетине, депрессияга жеткириши мүмкүн. Химиялык же медициналык кастрацияда колдонулган дары-дармек акырындап гормондордун бөлүнүп чыгуусун азайтат. Бирок бул убактылуу. Дарынын таасири толук тараганда кайра акырындап калыбына келе баштайт.

Назира Айтбекова бул сыяктуу купуя каттар биринин артынан бири келип жатканын айтууда...

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Айтбекова бул сыяктуу купуя каттар биринин артынан бири келип жатканын айтууда...

Би-Би-Си: Казакстандагыдай химиялык кастрацияны киргизүү маселеси карала турган болсо, кыргыз медицинасы ага даярбы?

А. Зурдинова: Чамасы жетпейт го. Анткени, химиялык кастрацияга аябай көп дары керектелет. Мисалы, шишиктерди дарылоо. Ал дарылар бизде жок. Гасилилин, хистирилин деген сыяктуу көп аталышы бар. Алардын көбү жок. Гипофиз бар, эң негизгиси ошол жактан импульстар чыгат. Ошол жерден ганадотропин релизинг гормону деген бар. Анан ошону күчөтүп иштете турган дарылар бар. Алар күчөп иштегенде тестостерон өзү азаят. Ошондуктан ушул группадагы дарылар, аданист, ганадротрапилинг генизм аганисттери, алар биздеги каттоодо жок.

Департаменттин сайтын карасак, бул дарылар бизде жок. Кистирилин, триптоилин булар да жок. Ошондон улам рак илдетин айыктырыш үчүн бул дарыларды издеп калышат. Алардын ичинен башка механизми бар медрокцин-традистирон дейбиз, андан башка ципротирон деген дары бар. да. Ушул эки дарынын ичинен, бизде болгону медрокцин-традистирон бар. Сатыктагы аты типопровера. Аялдарга, мисалы, бкош бойлуулукту алдын алуу үчүн колдонушат. Бул дары деле катталган биздин өлкөдө, бирок баасы кымбат. Ошодуктан, химиялык кастрация өкмөткө кымбат түшөт. Чоң чыгым.

Медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова

Сүрөттүн булагы, kabar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова

Педофилия – биз ойлогондон да жаман...

Педофилдердин психикасы бузулган, аларды абдан терең изилдеп, бөгөттөй турган жолун таппаса, бул тагдырларды эле талкалап тим болбой, андан да оор кесепеттерге жеткирет дегендер бар.

Би-Би-Си психолог Алтынай Кариеваны дагы кепке тартты.

А. Кариева: Педофилия деген эмне? Изилдөөлөргө, фактыларга көңүл бурсак, педофилия - бул сексуалдык каалоонун, сексуалдык жүрүм-турумдун бузулушу. Бул сексуалдык каалоо жашы жете элек балдарга багытталат. Бул оору, психикалык, сексуалдык оору. Ал тиешелүү тизмеде F65.4 деген код менен белгиленген. Ошондой эле бул парафилиянын бир формасы.

Парафилия - бул мисал үчүн адамдын жансыз нерсеге же жаныбарларга, же кичинекей балдарга болгон сексуалдык каалоосу же аракеттери болушу мүмкүн. Бул патологиялык абал. Бул норма эмес, түздөн-түз патологияга кирет.

Ошондой эле айта кетейин дегеним, кичинекей балага болгон сексуалдык зомбулуктун бардыгы эле педофилияга кирбейт. Айрым учурда балага болгон сексуалдык зомбулукту изилдеп келгенде, бир тобунун мотиви башка болуп чыгат. Дегеним ошол учурда зомбулук кылган адам жөн гана мас абалында, же болбосо акыл-эси кем абалында, же ар түрдүү психикалык оорулардан улам барганы маалым болот.

Бала андай учурда сексуалдык объект катары эмес, эң алсыз, ошол учурда ошол өзүнүн каалоосун кандыра турган эле биринчи жолуккан адам болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан кичинекей балага кылынган сексуалдык зомбулуктун бардыгын эле педофилия деп атоо туура эмес. Муну менен "алар педофил эмес" деп айткан жокпуз. Ошондуктан бул жакты дагы тереңирээк териштирип, изилдеп чыгыш керек.

Психолог: Балам, эгерде сени бирөө сенин жыныстык органдарыңа, көкүрөгүңө же оозуңа, кулактарыңа кол тийгизип же өпсө ички кийимдериңе колун салса, дароо мага айт деш керек

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психолог: Балам, эгерде сени бирөө сенин жыныстык органдарыңа, көкүрөгүңө же оозуңа, кулактарыңа кол тийгизип же өпсө ички кийимдериңе колун салса, дароо мага айт деш керек

Би-Би-Си: Адам кантип педофил болот?

А. Кариева: Бул суроого учурда так жооп жок. Көптөгөн изилдөөлөр жана божомолдор, теориялар бар. Так эле мындай учурда болот деген аныктама азырынча жок.

Педофил кандай адам болушу мүмкүн?

Кинодон көрсөткөндөй же көп учурда биз маалыматтардан уккандай згч бир зөөкүр же чүнчүгөн, сыртынан карап эле "педофил экен" деп шек санагыдай деле адам эмес. Көп учурда ал көптүн бириндей эле. Сыртынан сыр бербейт, айырмаланбайт. Иштеген иши бар. Мисалы мектепте мугалим болгон же дин тармагында иштеген, же болбосо ар түрдүү спорт ийримдеринин машыктыруучусу дегенедей эле. Бул керек болсо баланын өз атасы болушу да мүмкүн, байкеси, эжеси болушу да мүмкүн.

Педофилия деген эркектерге гана тиешелүү эмес, бул жакта аялдар деле болушу мүмкүн. Бирок эгерде изилдөөлөргө таянсак, аялдардын педофилия болгон учурлары өтө аз катталган. Педофилия деген ооруу деп жатпаймбы, ошол диагноз коюлган учурлар өтө аз, жокко эсе. Көбүнчө бул эркектерге тиешелүү.

Педофилдин курмандыктары эркек бала да, кыз бала да болушу мүмкүн. Кээ бир изилдөөлөргө таянсак, бул мисал үчүн ар түрдүү, тукумунда ар түрдүү садисттер, маньяктар болгон учурлар болсо, алардан дагы 20-30% таасир берилиши мүмкүн, канында болот деген божомолдор бар.

Ошондой эле бул ар түрдүү трамвалардан келип чыгышы мүмкүн. Педофилдердин түрдүү фантазиялары болот, ошол нерсени элестетип, образга кирет деген көз караш бар. Кээ бирөөндө ошол орунсуз каалоосу каалоо бойдон эле өз ичинде калып, андай аракеттерге барбайт. Дагы бир тобунда андай эмес. Бул ушунчалык татаал маселе.

Өтө маанилүү. Педофилия деген бул айыкпайт. Муну жоготуп салуу мүмкүн эмес. Балдарга болгон каалоону, балдарга болгон тартылууну жоготуп салуу мүмкүн эмес. Эч кандай психотерапия менен дагы, дарылар, кастрация менен дагы жоготуп салуу мүмкүн эмес. Көптөгөн изилдөөлөрдө жок болуп кетти деген нерсе кездешпейт. Бирок, дарылоонун негизинде адамдын орунсуз ойлорун, зыяндуу фантазияларын иш-аракетке жеткирбей, аны башкарганга үйрөтөт. Эң башкысы ушул.

Балдарды кантип педофилден коргосо болот? Албетте, буга чейин айткандай эле, бул адам педофил деп бир көрүп айта албайбыз. Ошондуктан, алдын алуу чараларын айтайын. Балдарга, кыздарга дагы сексуалдык жыныстык тарбияны үч жашынан башташ керек. 12-15 жашында айта ал кеч. Ал убакта баланын мээсине башка маалымат орноп калат. Ошондуктан өзүнүн жаш курагына жараша атайын китептер, маалыматтар бар, ошол тармактагы адамдарга барып маалымат алып, бала менен бөлүшүү керек.

Жыныстык тарбия бул деген бир жолу отуруп эле ушундай деп айтып коюу эмес. Жыныстык тарбия бул системалык түрдө улам-улам бир жылда 2-3 жолу сүйлөшө тургандай адат болуп калышы керек. Балага бул уят темадай болбошу керек. Баладан тартынып, ий, кой муну айтканга болбойт дебеш керек. Тескерисинче, бала өзү каалаган нерсесин ата-энесине же жакындарына айтып бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүгү болушу керек. Ал үчүн баланын оюнда буга байланыштуу суроолор үчүн аны эч ким урушпайт, урбайт деген ишеними болушу керек.

Бала төрт жашынан баштап өзүнүн денесин тааный баштайт. Бул нормалдуу көрүнүш. Бул учурда көп ата-энелердин реакциясы, урушуп, ошол нерсени болбойт, бул жаман деп мээсине калтырып коёт. Бул туура эмес. Ошол учурда балага сүрөттөрү менен ар түрдүү китептер бар, ошолордон маалымат бериш керек.

Мисалы жыныстык органдарга келгенде үч жашынан баштап кыздыкын энеси гана жууса болот. Атасы болсо кызы чечинип же жуунуп жатканда кирбеши керек. Анткени, психиологияда үч жаштан баштап ролдор болот. Атаң биринчи эркек, андан кийин ата. Аял болсо, биринчи аял, андан кийин эне болуп бөлүнөт. Ошол учурда чек ара коюлушу керек. Байкеси дагы, эжеси дагы чоңдор дагы айтышы керек болбойт деп. Биздин менталитетте, тилекке каршы, андай нерсени кичинекей бала деп көрүшөт. Он жаштагы баланы деле кичинекей да деп көчүгүнөн өөп же болбосо оозунан өпкөн учурлар болот. Ал нерсе такыр болбошу керек.

Ошондой эле экинчиси балага маалымат бериш керек. Мисалы, "балам, эгерде бирөө сенин жыныстык органдарыңа, көкүрөгүңө же оозуңа, кулактарыңа кол тийгизип же өпсө ички кийимдериңе колун салса, дароо мага айт" деш керек. Кандай учурларда мага айтасың дегенди аябай так, даана түшүндүрүү зарыл. "Коркпо, эгерде сени эмне деп гана коркутпасын мага айтып кел" деп ата-энеси маалымат бериш керек балага. А бизде бул жагы өтө аксайт, кытмыр аракеттер башталып, уланып жатканын билбей калгандар, билбей жүргөндөр канча?

Баланын эң эле ишенгени ата-энеси болушу керек. Эмне гана жаман иш болбосун, мен сен тарапта болом деген маанилүү.

Кыз балдарга апасы "мен сенин жаныңда болмойунча сени дарыгер да карай албайт" деп айтышы керек. "Эгер бирөө сен каалабаган эле, адаттан тыш нерсени кылдыртып жатса, мага келип айт, мен сени коргойм. Мен сен тарапта болом, сени урушпайм" деген маалыматты сиңириши керек. Ошол эле учурда эркек балдарга дагы ушундай маалыматты бериш керек.

Биздин коомдо бир тобу балдарды басып коюшат. "Сен эркексиң, ыйлаба, эч нерсе болбойт, урса чыдаш керек, сен кыз эмессиң да" дешет. Андай болбойт. Бала дагы көргөн нерсесин, болгон нерсени ата-энесине айтып келгенге үйрөнүш керек. Ата-эне ошол кичинекей сигналдарга көңүл буруш керек.

Психолог Алтынай Кариева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психолог Алтынай Кариева

"Апчү" дебей ачык сүйлөшүңүз, бала билгени маанилүү...

Дагы бир маанилүү нерсе, бала мене ачык сүйлөшүү. Жыныстык органдарды өз аты менен атоо. Биздики туура эмес айтып, ой уят дешет. Ой “ромашка”, “апчү” деп башкача эле атап койгон болбойт. Бала кээ бир жерде ыдык көрсөтүп жатканын, сексуалдык зомбулук болуп жатканын түшүнбөй калышы мүмкүн. Анткени буга чейин апчүңдү бер дей берип, аны адатка айлантып салат. Үйдөн деле кылып жатышпайбы, нормалдуу эле көрүнүш дейт. Ошондуктан, жыныстык органдарды өз аты менен айтабыз. Функцияларды айтып беребиз. Сөзсүз түрдө бул жашына жараша. 13 жаштагы балага бере турчу маалыматты беш жаштагы балага бергендин кереги жок. Акырындан жеткиргиле.

Кийинкиси дагы өтө маанилүү нерсе. Бала өзү каалабаган нерселерди так кесе жок деп айта алгыдай болушу керек. Бул коргонууда өтө маанилүү.

Мигранттардын балдары кантет деген суроо далайдын көкүрөгүн эзип келет...

Психолог: Балаңызга акча же кымбат кийим эмес, сиз жанында болгонуңуз маанилүү

Сүрөттүн булагы, ИЛЛЮСТРАЦИЯ МАГЕРРАМА ЗЕЙНАЛОВАГА ТААНДЫК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психолог: Балаңызга акча же кымбат кийим эмес, сиз жанында болгонуңуз маанилүү

Бул чоң тобокел. Балдарын башка үй-бүлөгө таштап койгондо, кичинекей бала башка бирөөнүкүндө жүргөндө өзүнүн укуктарын айта албайт. Анткени, башка бирөөнүн үйүнөн баары бир уялат, тартынат, айта албайт. Ошол ата-энелерге айтарым, балдарыңарга акчанын кереги жок. Жөнөкөй эле мектепте окуп же жупуну кийинсе болот. Эң башкысы бул балдардын дени сак, ата-энеси менен чогуу, физиологиялык, писхологиялык, эмоционалдык жактан өксүбөй чоңойгонунан өтөр эч кандай байлык жок. Мүмкүн болушунча балдар менен чогуу болгула. 16 жашка чейин, бала өзү түшүнүп, билип калганга чейин жанында болуш керек.

Бөтөн бала болбойт...

Кайда болбосун балдарга асылууну, зордукту, келекени көрсөңүздөр, бөтөн бала дебей дароо абалын сураңыз. Жабыркатып жаткан ким экенин тактаңыз, жардам колун сунуңуз. Сиз ошол аракетиңиз менен баланын тагдырын коргоп калышыңыз толук мүмкүн. Өз бала, жат бала деген болбойт.

Казакстан химиялык бычып салуу менен маселени чече алабы?

Казакстанда мажбурлап химиялык кастрация кылуу жөнүндө мыйзам 2018-жылы қабыл алынган. Алгач ирет 2019-жылдын соңунда мындай жаза ишке ашырылып, төрт адамга жасалган. 2021 жылкы маалымат боюнча, 25 адам химиялык жол менен бычылган. Казакстандын өзүндө мындай жазаны колдогондор менен катар эле аларды психологиялык жактан дарылоо керектигин айткандар бар. Мамлекет жыл сайын химиялык бычып салууга миллиондогон акча жумшайт. Маселен, 2021 жылы химиялык кастрация үчүн он миллион теңге бөлүнгөн.